26-октябрда К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетте “Регионалдык илим – регионалдык экономикага” аталыштагы илимий-практикалык конференция өттү.
26-октябрда К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетте “Региондогу илим – региондун экономикасына” аталыштагы илимий-практикалык конференциянын алкагында көп жылдык ак ниет эмгеги, Улуттук илимдер академиясынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана КирФАНдын 75 жылдыгына (1943-2018-жылдар) жана илим күнүн (10-ноябрь) утурлай КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн бир катар кызматкерлерине көп жылдык ак ниет эмгеги жана сыйлык берилди.
КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев жана Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Чолпон Урушбековна Койчуманова Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чакыруусу менен, Ереван шаарында өткөн Армениянын УИАнын 75 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракеге жана илимдер академияларынын Эл аралык ассоциациясынын (ИАЭА) отурумуна катышышты.
Бүгүн, 25-октябрда КР УИАда Комсомолдун 100-жылдыгына арналган "Комсомол: убакыт сыноосунан өткөн жол” (Бүткүл Союздук Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзу) аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Бүгүн, 23-октябрда Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун 75 жылдыгына арналган “XXI кылымдын босогосундагы инновациялык илим” аттуу Эл аралык илимий конференция өттү.
2018-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу Ж. Жээнбаев атындагы Физика-техникалык маселелер жана материал таануу институтунун базасында Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) кезектеги филиалын ачты.
Экономика илимдеринин доктору, профессор Жаркынай Мусаева жана экономика илимдеринин кандидаты Салима Бекболотованын "Ааламдашуу шартындагы туруктуу өнүгүүнүн парадигмасы” (“Парадигма устойчивого развития в условиях глобализации”) аттуу китебинин бет ачары болду.
Байланыш 720071, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Чүй пр. 265-а Тел.:+996 (312) 392-366 (кабылдама) Факс: +996 (312) 39-20-62 +996 (312) 642-001 (маалыматтык бөлүм) +996 (312) 391-872 (редакциялык бөлүм)
Бардык укуктар корголгон Copyright 2016-2017 КР Улуттук Илимдер академиясы National Academy of Sciences of KR
Иш күндөрү: Дш., Шш., Шр., Бш., Жм. Иш убактысы: 08:30-17:30 Тыныгуу:12:00-13:00