20-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында УИАнын академиги, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин туулгандыгынын 65 жылдыгына арналган “Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат жана адабий-чыгармачылык иш-чара өткөрүлдү.
19-сентябрда Башкы прокуратурада КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү белгиленди.
Иш-чарага прокуратуранын кызматкерлери, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Төрагасы – Назаркул Ишекеев, Башкы А.Акматалиев баш болгон Тил жана адабият институтунун коллективи, “Устат-шакирт” тобу катышты.
19-сентябрда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багында “Ботаникалык бактар: Өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүн сактоодогу ролу жана мааниси” аттуу Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын 80 жылдыгына арналган илимий конференция болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-сентябрда өлкөбүздүн Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевди кабыл алды.
Жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейин өткөрүүнүн алкагында жана жазуучунун чыгармаларын жайылтуу боюнча институттун ишмердиги тууралуу сөз болду.
КР УИАнын вице-президенти, корреспондент-мүчө, философия илимдеринин доктору О.А.Тогусаков жана философия илимдеринин кандидаты, “Биом” экологиялык кыймылдын төрагасы, УИАнын докторанты В.А.Коротенко “Адам болууга үйрөнүү” аталыштагы XXIV Бүткүл дүйнөлүк философиялык конгресске катышып келди.
Кыргызстандын окумуштуулары: О.А.Тогусаков «Илимдин философиясы» секциясында «Таануу системасындагы философияны жана илимди салыштыруу» жана В.А.Коротенко «Өнүгүү философиясы» секциясында Туруктуу «Өнүгүүдөгү өзөктүү дискурстардын парадигмаларын философиялык түшүнүү» доклады менен чыгышты.
Аталган библиографияны УИА Сикоку университети менен биргелешип чыгарган.
Аталган китеп УИАнын Дуңган таануу жана кытай таануу борборунун, Сикоку университетинин жана Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин биргелешкен “Кыргызстандагы япон таануу боюнча библиография” долбоору болуп эсептелет.
Китепте кыргыз япон таануусу боюнча теориянын жана практикасынын илимий изилдөөсү сунушталган. Басылма студенттер, аспиранттар, докторанттар, ошондой эле Кыргызстандагы япон таануу маселелерине кызыккандар үчүн арналган.
15-сентябрда Улуттук илимдер академиясы ишембилик өткөрдү.
Ишембиликте УИАнын президенти М.С.Жуматаев илимий изилдөөчү мекеменин кызматкерлери, ЖЖдордун студенттери жана ыктыярчылар менен Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта ишембиликке катышты. Ишембилик ошондой эле УИАнын эсебиндеги бардык территорияларында өткөрүлүп, катышкандар территорияны куураган жалбырактардан тазалашты.
12-сентябрда “ Илимге арналган – өмүр” деген аталыштагы академик Турар Койчуевдин 80 жылдык юбилейине арналган илимий конференция болуп өттү.
Конференцияны Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Садырбекович Жуматаев ачып: “Биз бүгүн академиябыздын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө зор салымын кошкон, академиянын президенти болгон академик Турар Койчуевичдин 80 жылдык юбилейин белгилеп атабыз. Турар Койчуевич экономиканы илим катары гана изилдебестен, илимий эмгегин мамлекетти башкарууда колдонгон мамлекеттик ишмер катары да белгилүү. Биздин мамлекет түптөлүп атканда Турар Койчуевичтин жетекчилиги астында жасалган бир топ иштер өлкөбүздүн өнүгүп кетишине зор салымын кошту. Аны үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз” – деп, мааракенин ээсин куттуктады.
12-сентябрда “HOLOEXPO-2018. Голография жана прикладдык оптикалык технологиялар” Эл аралык конференциянын салтанаттуу ачылышында УИАнын академиги, УИАнын Физика-техникалык, математика жана тоо-геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, профессор Аскар Асанбекович Кутанов голографиялык технология тармагындагы илимий-техникалык ишмердигинде көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн академик Ю.Н. Денисюк медалы менен сыйланды.
“HOLOEXPO-2018. Голография жана прикладдык оптикалык технологиялар” 15-эл аралык конференциясы 11-13-сентябрь аралыгында Россиянын Нижний Новгород шаарында өтүүдө.
“HOLOEXPO-2018. Голография жана прикладдык оптикалык технологиялар” бул голограмма жана оптикалык технологияларды өндүрүү индустриясындагы кесипкөйлөр үчүн жыл сайын өтүүчү эл аралык илимий-практикалык конференция.
17-19-сентябрда саат 13:00до Жаннат Ридженси отелинин жыйындар залында (Бишкек ш., Аалы Токомбаев көчөсү 21/2.) “Изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин диалогу – КМШ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү” деген аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.
Байланыш 720071, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Чүй пр. 265-а Тел.:+996 (312) 392-366 (кабылдама) Факс: +996 (312) 39-20-62 +996 (312) 642-001 (маалыматтык бөлүм) +996 (312) 391-872 (редакциялык бөлүм)
Бардык укуктар корголгон Copyright 2016-2017 КР Улуттук Илимдер академиясы National Academy of Sciences of KR
Иш күндөрү: Дш., Шш., Шр., Бш., Жм. Иш убактысы: 08:30-17:30 Тыныгуу:12:00-13:00