Menu

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 8-февралындагы
№ 79 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилдеги илимий-инновациялык өнүктүрүү
КОНЦЕПЦИЯСЫ

Киришүү

Кыргыз Республикасын 2022-жылга чейинки мезгилде илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) Кыргыз Республикасынын улуттук инновациялык системасынын (мындан ары - УИС) келечегин билдирет жана өлкөнү өнүктүрүүнүн принциптерин, негиздерин жана артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.

Концепция 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын(мындан ары - ТӨУС) негизинде иштелип чыккан. Концепция мамлекеттик инновациялык саясаттын максаттарынын, артыкчылыктарынын жана инструменттеринин так системасын түзүү аркылуу инновациялык өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргызстандын алдында турган чакырыктарга жооп берүүгө багытталган.

Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн инновациялык түрүнө өтүү өзгөчөлүгү дүйнөлүк жана улуттук рыноктордо ишканалар менен өлкөлөрдүн ортосунда атаандаштыктын күчөшүндө, бул мамлекеттик саясаттын чараларын иштеп чыгууда эске алуу зарыл болгон негизги милдеттерди жана тенденцияларды аныктайт. Инновациялык экономиканы өнүктүрүүнүн азыркы учурдагы этабындагы негизги тенденциялар төмөнкү факторлорду аныктайт:

- адамдык сапаттуу капитал үчүн атаандаштык, анткени жогору квалификациялуу персонал билим жайылтууну камсыздайт;

- билим жайылтуу процессинде маалыматтык технологиялардын ролу инновациялык активдүүлүктүн андан ары өсүшү үчүн өтө мааниге ээ болууда, билим жайылтуу процесстери айрым экономикалардын чегинен чыкты;

- глобалдашуу компанияларды технологиялардын эң жогору деңгээлинде атаандашууга мажбур кылууда жана ошол эле убакта инновациялардын адистештирүү жана чектөө процесстерин өбөлгөлөйт.

Концепция жогору атаандаштыктын азыркы учурдагы шарттарында өндүрүштү кайра жабдуу жана жаңы технологияларды өздөштүрүү, ушунун эсебинен чыгымдары аз болгон атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгарууну камсыздоо боюнча өз убагында чара көргөн өлкөлөрдүн экономикасы ийгиликтүү өнүгө тургандыгын билдирет.

Концепцияда дүйнөлүк илимий-техникалык өнүгүүдө түзүлгөн тенденцияларды жана болгон интеллектуалдык жана илимий-техникалык мүмкүнчүлүктү эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекке өлкөнүн инновациялык прогрессин өнүктүрүү артыкчылыктары, калыптандыруу принциптери жана ишке ашыруу механизмдери так берилген.

Концепцияда УИСтин максаты жана милдеттери белгиленген, потенциалы жана максаттуу багыттары, ошондой эле 2022-жылга чейинки мезгилде инновациялык өнүктүрүүнүн жана инновацияга багытталган экономиканын негизги багыттары аныкталган.

Концепция УИСти модернизациялоо жана реформалоо боюнча максаттарды, милдеттерди ишке ашыруунун жана этаптарынын, орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттин, жеке бизнестин жана жарандык коомдун институттарынын күчтөрүн бириктирүү шартында өлкөдө ушул инновациялык иштин негизинде активдештирүүнүн ырааттуулугун регламенттейт.

Концепция орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекке улуттук экономиканы инновациялык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу үчүн негизи болот. Ал жаңы технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен экономиканын өнүгүшүн камсыздоого, инновациялык процесстерде ата мекендик илимдин жана техниканын ролун акырындык менен жогорулатууга, республиканын экономикасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен инновациялык ишти активдештирүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, ошондой эле аларды ишке ашыруунун механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган. Бул, натыйжада улуттук интеллектуалдык жана инновациялык потенциалды өнүктүрүүнү камсыздоосу, өлкөнүн натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатышы керек.

1. Негизги түшүнүктөр

Ушул Концепцияда төмөнкү аныктамалар пайдаланылат:

Мамлекеттик инновациялык саясат - максаттардын, принциптердин, механизмдердин жана инновациялык иш жаатында мамлекеттин атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылуучу иш-аракеттердин башкы линиясынын жыйындысын билдирген мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын бөлүгү.

Улуттук инновациялык система (УИС) - жеке жана мамлекеттик сектордун уюмдарынын жыйындысы, алар юридикалык жана формалдуу эмес ченемдердин алкагында бири-бири менен өз ара аракеттенүүдө мамлекеттин масштабында инновациялык ишти камсыздайт жана жүргүзөт. Бул уюмдар инновациялык процесске байланыштуу бардык чөйрөдө иштешет: изилдөөлөрдө жана иштеп чыгууларда, билим берүүдө, жаңылык киргизүүлөрдү чыгарууда, сатууда жана тейлөөдө, бул процессти каржылоодо жана аны юридикалык-укуктук камсыздоодо.

Инновациялык потенциал - инновациялык ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык, интеллектуалдык, илимий-техникалык жана башка ресурстарды кошкондо, ресурстардын ар кандай түрлөрүнүн жыйындысы.

Инновациялык чөйрө - инновацияларды жаратууну жана жайылтууну камтыган инновациялык продукцияны (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ишинин тармагы.

Инновациялык инфратүзүм - инновациялык ишти ишке ашырууну тейлөөчү жана камсыздоочу өз ара байланышкан түзүмдөрдүн комплекси.

Инновациялык активдүү ишканалар - жаңы же өркүндөтүлгөн продуктуларды, технологиялык процесстерди же инновациялык иштин башка түрлөрүн иштеп чыгуучу ишканалар.

Технологиялар трансфери - илимий-техникалык кызматтарды көрсөтүү, технологиялык процесстерди колдонуу, продукция чыгаруу үчүн илимий-техникалык билимди жана тажрыйбаны берүү.

Трансфер - "ташып алып келүү, өткөрүп берүү" дегенди билдирет, ал эми бул контекстте технология деп илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштин натыйжасы, ошондой эле инновациялык продукция түшүндүрүлөт.

Технологиялар трансфери борбору (ТТБ) - инфратүзүмдүк уюм, анын продукциясы болуп илимий-инновациялык процесстин катышуучуларына - ТТБнын кардарларына кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекси саналат. ТТБ технологиялар трансфери тарамында биригет. Ушундай борборлордун негизги максаты - технологиялык инновацияларды тартуу жолу менен жергиликтүү индустриянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Инновациялык борбор - юридикалык жак түрүндө же ансыз уюштуруу-укуктук тариздөө жүргүзүүчү уюм (чарба жүргүзүүчү субъект, ишкана, эмненин болбосун бөлүнүшү ж.у.с.).

Инновациялык активдүүлүк - иштеп чыгуунун темпин, масштабын жана узактыгын билдирген көрсөткүч жана илимий-техникалык прогресстин жана алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин пайдаланууга негизделген жаңылыкты киргизүү.

Иштеп чыгууларды коммерциялаштыруу - коммерциялык натыйжа алуу максатында жаңы же жакшыртылган продуктуну, кызмат көрсөтүүлөрдү же технологияларды рынокко чыгаруу менен илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын практикалык колдонуу процесси.

2. Учурдагы кырдаалды талдоо

§ 2.1. Улуттук инновациялык системаны өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы

Бир системанын интеграцияланган элементтери болуп саналган өнүккөн институттар, интеллектуалдык менчиктин натыйжалуу рыногу жана инновациялык инфратүзүм аркылуу илим чөйрөсүнөн өндүрүшкө инновацияларды өткөрүп берүүгө багытталган алдыңкы өлкөлөрдөгү УИСтин моделинин ортосунда олуттуу айырма бар. Өткөөл экономикалуу өлкөлөрдө ушул системанын көпчүлүк элементтери эми гана калыптанууда.

Кыргыз Республикасында мындай негизги институтка илим кирет, ал бүгүнкү күндө улуттук экономика үчүн иштеп чыгуулардын жана инновациялардын толугу менен генератору боло алган жок. Ошондой эле улуттук өнөр жай жаңы идеяларды жана долбоорлорду толук ишке ашыра албай жатат.

Мындай шартта өлкөнүн УИСти баштапкы этапта ата мекендик ишканалар менен бизнеске чет өлкөлүк технологияларды издөөдө, тандоодо, ташууда жана адаптациялоодо, ошондой эле колдоонун тиешелүү чараларын иштеп чыгуу аркылуу көмөк көрсөтүшү керек. Бул процессте чет өлкөлүк технологияларды адаптациялоону камсыздоого багытталган колдонмо илим маанилүү ролду ээлейт.

§ 2.2. Инновациялык иштеп чыгууларды киргизүүнү токтотуучу факторлор

Республикада инновациялык активдүүлүктүн өнүгүшүн рыноктук мамилелердин өнүкпөгөндүгү, атаандашуу чөйрөсүнүн төмөн деңгээлде жетилгендиги, аткаруу бийлигинин негизсиз бюрократизациясы, ишканалардын финансы ресурстарынын чектелүүлүгү, жогорку тобокелдиктер, ылайыктуу инфратүзүмдүн жоктугу, төмөн инновациялык маданият сыяктуу факторлордун жыйындысы токтотуп турат. Иштердин мындай абалы төмөнкүдөй факторлор менен шартталган:

- инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон механизмдердин жана өбөлгөлөрдүн жоктугу;

- бизнестин керектөөлөрүнө багытталган адекваттуу инновациялык түзүмдүн жоктугу;

- ата мекендик банк капиталы, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн узак мөөнөттүү салымдардын жагымдуулугунун жетишсиздиги;

- кредиттик каражаттарды алгылыктуу шарттарда алууга мүмкүн эместиги;

- инновацияларды өндүрүшкө киргизүүгө багытталган максаттуу мамлекеттик программанын жоктугу;

- мамлекет - илим - бизнес системасында координациялоо менен өз ара аракеттин жоктугу;

- рыноктук багыттагы колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн университеттерде жана изилдөө институттарында өбөлгөлөрдүн жоктугунан илимий иштеп чыгууларды ишке киргизүүнүн натыйжалуулугунун төмөндүгү;

- технологиялар трансфери үчүн инфратүзүмдүн жана чөйрөнүн жоктугу (инновациялык бизнес үчүн бизнес-инкубаторлор, инновациялык-техникалык борборлор, технологиялар трансферинин борборлору, технопарктар);

- инновациялык менеджмент жаатында адистерди даярдоо системасынын жоктугу;

- инновациялык ишканалар үчүн квалификациялуу инженердик кадрларды даярдоо системасынын жоктугу;

- ишкердик субъекттердин өздүк финансы ресурстарынын жетишпестиги жана/же баштапкы капиталынын жоктугу;

- өздүк иштеп чыгууларды жана инновациялардын жоктугу, анын натыйжасында атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келүүчү технологиялык көз карандуулук келип чыгат;

- инновациялык менеджмент чөйрөсүндө башкаруу кадрларынын жоктугу, жогору квалификациялуу адистердин өлкөдөн кеткендигине байланыштуу инженердик кадрлардын жетишсиздиги;

- жаңылык киргизүүнүн жогору наркы жана мамлекет тараптан финансылык колдоо жана башка өбөлгөлөр болбогондуктан, өздүк акча каражаттарынын жетишсиздиги;

- экономикалык жактан жогору тобокелдик, инновациялардын узак мөөнөттө акталышы, аны ишке киргизүүдөн экономикалык пайданын белгилүү болбогондугу;

- бизнес тараптан инновацияларга суроо-талаптын аз болушу же анын жоктугу.

§ 2.3. Кыргыз Республикасын илимий-инновациялык өнүктүрүү концепциясынын максаты жана милдеттери

Концепциянын максаты орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалык өнүктүрүүнү камсыздоонун жолдорун жана ыкмаларын аныктоодон турат.

Максатка жетүү төмөнкү маселелерди чечүүнүн эсебинен божомолдонот:

- инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү жана илим менен бизнестин өз ара тыгыз байланышын камсыздоо;

- эл аралык технологиялар трансферине жана билимге негизделген улуттук инновациялык системанын элементтери катары илимди, билим берүүнү жана бизнести калыптандыруу жана интеграциялоо;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдеринин негизинде экономиканы жана өнөр жайды модернизациялоого көмөктөшүү;

- инновациялык ишти өнүктүрүүдө региондордун активдүү катышуусун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.

Инновациялык системаны өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясат төмөнкүдөй багыттар боюнча ишке ашырылышы керек:

- инновациялык ишке карата жагымдуу экономикалык жана укуктук чөйрөнү түзүү;

- инновациялык системанын инфратүзүмүн калыптандыруу;

- интеллектуалдык менчиктин натыйжаларын коммерциялаштырууну мамлекеттик колдоо системасын түзүү.

Концепцияны ишке ашыруу инновациялык ишти өбөлгөлөө маселелери боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган комплекстүү чараларды иштеп чыгууну болжолдойт.

Атап айтканда, төмөнкүлөргө негиз салынат:

- экономиканы, илимди жана технологияларды өнүктүрүү артыкчылыктарын эсепке алуу менен инновациялык системаны өнүктүрүүгө жана чыңдоого;

- анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу экономиканын туруктуу жана балансташкан өсүшүн камсыздоого;

- маалыматтык-коммуникациялык технологияларды активдүү колдонуу аркылуу бизнестин инновациялык активдүүлүгүн жогорулатууга;

- туруктуу инновациялык системаны калыптандырууну камсыздоочу региондук инновациялык инфратүзүмдү түзүүгө.

Энергетика, кен казуу, текстиль, кайра иштетүү секторлорунда илим сыйымдуу технологияларды жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны түзүү жана киргизүү Кыргызстанга инновациялык экономиканын негиздерин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Аталган максаттарга жетүү жана маселелерди чечүү процессинде болжолдонгон төмөнкүлөр сыяктуу тобокелдиктерди эске алуу зарыл:

- финансылык ресурстардын чектелүүлүгү;

- тышкы карама-каршылык жана тиешелүү ченемдик укуктук актылардын кабыл алынбагандыгы;

- аталган максаттан ИМ системасынын катышуучуларынын ведомстволук кызыкчылыктарынын басымдуу болушу;

- тиешелүү инфратүзүмдүн жоктугу;

- төмөн деңгээлдеги инновациялык маданият.

Аталган маселелерди чечүүнүн негизги жолдору болуп төмөнкүлөр саналат:

- инновациялык иш системасын активдештирүү аркылуу экономиканы комплекстүү өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

- өзүнө атайын бюджеттик камсыздоону, анын ичинде финансылык чараларды камтыган, мамлекеттик колдоо инструменттеринин жана чараларынын бирдиктүү системасын түзүү;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өркүндөтүү өлкөнүн инновациялык саясатын ишке ашырууда мамлекет менен бизнестин күч-аракетин координациялоого жана топтоого мүмкүндүк берет.

Негизинен инновациялык иш жаатында көрүлгөн чаралар кризиске карата ата мекендик экономиканын туруктуулугун жогорулатат жана Кыргызстандын элинин байгерчилигинин өсүшүнө мүмкүндүк берет.

3. Кыргыз Республикасынын экономикасын илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн тенденциялары

§ 3.1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармактарындагы инновациялык иш

Акыркы жылдарда Кыргыз Республикасынын өнөр жайында түзүмдүк өзгөрүүлөр болду, алар анын натыйжалуулугунун кескин төмөндөшү менен коштолду. Республиканын ички дүң продуктунда (мындан ары - ИДП) өнөр жайдын кошумча наркынын үлүшү 1990-жылдан тартып 2014-жылга чейинки мезгилде 12,72%га кыскарды - тиешелүү түрдө 27,11%дан 14,39%га чейин, (WDI, WB, 2014). 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 2014-жылга салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 4,4%га төмөндөдү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда - реалдуу өсүү темпи 103,5%ды түздү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы кошкондо, өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПны калыптандырууга терс салымы 0,7%дык деңгээлде бааланат (терс салым 0,65%). 2015-жылы ИДП өндүрүш түзүмүндө өнөр жайдын салыштырма салмагы 2014-жылга салыштырмалуу 0,9%га төмөндөө менен 15,3%ды түздү. Өнөр жайда иштеген кызматкерлердин жалпы саны 2010-жылга салыштырмалуу 2014-жылы 52,7%га төмөндөдү, бул негизинен иштетүү өнөр жайында иштегендердин саны 267,3 миңден 126,4 миң адамга чейин кыскарышы менен шартталган (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - Улутстатком), 2014-жыл).

Бул процесс кызмат көрсөтүүлөр секторунун туруктуу өсүшү менен коштолгон, 2010-жылы анын ИДПдагы үлүшү 45,9%дан жогору болгон. Ошентип азыркы убакта Кыргыз Республикасынын экономикасынын бардык секторлорунун үлүшүн эсепке алуу менен, аны артыкчылыктуу түрдө тейлөөгө киргизсе болот. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылга маалыматтары боюнча өлкөнүн ИДПсынын түзүмү төмөнкүдөй: кызмат көрсөтүүлөр - 50,3%, өнөр жай - 15,3%, айыл чарба - 14,0%, курулуш - 8,3%, продуктуга таза салык - 12,1%.

§ 3.2. Чакан жана орто бизнес чөйрөсүндөгү инновациялык иш

Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна (мындан ары - ЭКӨУ) мүчө өлкөлөрдө 2014-жылы өнөр жайда инновациялык ишканалардын үлүшүнүн көрсөткүчү 53%дан ашуунду, Россияда - 12%га жакынды түздү, Кыргызстанда 2014-жылы бул көрсөткүч 2,1%ды түздү.

Статистикага ылайык 2015-жылы республиканын өнөр жайында 56 ишкана же өнөр жай ишканаларынын санынан 7,4%ы технологиялык жана маркетингдик инновацияларды иштеп чыгууну жана киргизүүнү жүзөгө ашырган.

7 өнөр жай ишканасында өнөр жай продукциясы чыгарылган, ал эми калганында процесстик инновациялар орун алган.

Инновациялык иште кыйла активдүүлүк суусундуктарды, тамекини жана башка металл эмес минералдык продуктуларды кошкондо, тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларда белгиленген (25 ишкана).

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда (19 ишкана), Ош, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында (37 ишкана) инновациялык процесстер активдүү ишке киргизилүүдө.

2015-жылы технологиялык инновацияларга сарптоолор 5523,2 млн. сомду түзгөн. Жаңылык киргизүүлөр, затташтырылган технологияларды алуу менен түздөн-түз байланышкан инновациялык иштин түрлөрүнүн өсүү тенденциясы байкалууда. Алсак, 2015-жылы машиналарды жана жабдууларды 38 ишкана сатып алышкан, мында сарптоолор 5402,1 млн. сомду түзгөн (технологиялык инновацияларга жумшалган жалпы сарптоолордон 97,8%ы).

4. Кыргыз Республикасында улуттук инновациялык системаны түзүү

§ 4.1. Улуттук инновациялык система жана илимди жана экономиканы интеграциялоодо анын ролу

Улутстаткомдун маалыматтары боюнча өндүрүш чөйрөсүндө жабдуулардын эскирүү деңгээли 50%дан ашуунга жеткен, бир катар жогору технологиялуу өндүрүштөр жабылган.

Кыргызстандын УИСинин негизги милдети технологиялар трансфери механизми аркылуу чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүү процессине көмөк көрсөтүүдөн турат. Өздөштүрүүнүн актуалдуулугу импорттолуучу илимий-техникалык жетишкендиктерди сарамжалдуу колдонуу улуттук экономикалык потенциалдын олуттуу өсүшүн гана камсыз кылбастан, анын кыйла сапаттуу жогорку деңгээлге чыгышына мүмкүндүк берери менен түшүндүрүлөт. Инновациялык саясаттын маанилүү өзгөчөлүгү тандалган тармактарды жана жогору технологиялуу сектордун айрым өндүрүштөрүн колдоого селекциялык ыкма болушу керек.

§ 4.2. Өнөр жайды модернизациялоо - өлкөнү инновациялык өнүктүрүүнүн негизи

Ата мекендик илимий-инновациялык потенциалды бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикасын илимий-инновациялык, ошондой эле модернизациялык өнүктүрүү маселесин чечүү үчүн толугу менен пайдаланууга мүмкүн эмес, Кыргызстандын өнөр жай ишканалары үчүн модернизациялоо маселеси актуалдуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу басым принципиалдуу жаңы ойлоп табууларды жаратууга эмес, өз натыйжалуулугун далилдеген технологиялардын трансферине (өздөштүрүү) жана өндүрүү ыкмаларына жасалышы керек.

Өздөштүрүү саясаты өлкөнүн абсорбциялык жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү төмөнкү процесстер менен инструменттер аркылуу ишке ашырылат:

- лицензиялык келишимдерди түзүү аркылуу жаңы жабдууларды жана технологияларды импорттоо;

- ата мекендик экономикага түз чет өлкөлүк инвестициялар, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү эрежелери;

- дүйнөлүк рынокто атаандашуунун натыйжасында өндүрүштү уюштуруунун жаңы ыкмаларын өздөштүрүү;

- чет өлкөлүк адистер менен өз ара аракеттенүү: чет өлкөдө окутуу жана стажировкадан өтүү, чет өлкөлүк окутуучуларды чакыруу, биргелешкен изилдөөлөр;

- Батышта билим алган же иш тажрыйбасын топтогон квалификациялуу адистерди мамлекеттен кетүүсүнүн алдын алуу жана алардын кайра келишин өбөлгөлөө;

- өздөштүрүүгө түз мамлекеттик колдоо көрсөтүү саясаты;

- ири фирмалардын изилдөө бөлүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү;

- өздөштүрүүгө колдоо инфраструктурасы: технологиялар трансфери борборлору, өзгөчө экономикалык зоналар жана өнөр жай кластерлери.

Инновациялык ишти өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү төмөнкү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк бериши керек:

- ылайыктуу режимдерди түзүүнүн эсебинен чөйрөнү жакшыртуу;

- технологиялар трансферине жана аларды адаптациялоого көмөк көрсөтүүчү инновациялык инфратүзүмдү түзүү;

- өнөр жайдын керектөөлөрүнө багытталган колдонмо илимди өнүктүрүүгө басым жасоо менен илимий изилдөөлөрдү каржылоо жаатындагы реформа;

- илимий-инновациялык менеджмент жаатындагы адистерди даярдоо.

5. Кыргыз Республикасында улуттук инновациялык системаны өнүктүрүүнүн негизги багыттары

§ 5.1. Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүн өркүндөтүү

Ушул Концепцияны ишке ашыруунун стратегиялык максаты болуп Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторун технологиялык модернизациялоого илимдин салымын жогорулатуу саналат. Бул өлкөнү туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн керектүү болгон билимди генерациялоону жана берүүнү камсыздоочу илимий инновациялар системасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө жана балансталышына мүмкүндүк берет.

Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү негизги маселелерди чечүү зарыл:

- илимий-инновациялык чөйрөнү башкаруу системасын өркүндөтүү;

- илимий-инновациялык изилдөө уюмдарынын тармагын өнүктүрүү аркылуу илимий-инновациялык инфратүзүмдү модернизациялоо;

- сапаттуу жаңы деңгээлде тармактык илимий-изилдөө институттарынын эскирген системасын алмаштырууга жөндөмдүү тартип аралык багытты түзүү (бул уюмдар өнөр жай корпорациялары, илимий-өндүрүштүк бирикмелер жана илимдин ортосунда компетенцияларды, билимдин жана технологиялардын трансферин түзүүнү камсыздайт);

- жогору квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо жана аларды илимий-инновациялык ишке өбөлгөлөө илимий-инновациялык ишкердикти активдештирүү үчүн өбөлгө түзөт;

- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди, анын ичинде жеке инвестициялардын эсебинен каржылоо көлөмүн көбөйтүү;

- илимий-инновациялык иштин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү;

- илимий инновацияларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу маалыматтык чөйрөнү түзүү.

Маселелерди чечүү үчүн тиешелүү чараларды ишке ашыруу каралган.

Илимий-инновациялык чөйрөнү башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында башкаруунун базалык звенолорунун бирдейлигин жана ырааттуулугун камсыздоо максатында экспертизанын үч деңгээлдүү системасын ишке киргизүү зарыл:

- илимий-инновациялык изилдөөлөрдүн артыкчылыктарын аныктоодо эл аралык эксперттик кеңештин экспертизасы;

- илимий-инновациялык программаларды баалоодо мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза;

- бирдиктүү администратордун заказы боюнча долбоорлорду баалоодо ведомстволук илимий-техникалык экспертиза.

Илимий-инновациялык инфратүзүмдү модернизациялоо милдетин чечүү үчүн төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруу зарыл:

- илимий-технологиялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жамааттык пайдалануунун улуттук илимий лабораторияларын ачуу жана алардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо;

- алынган илимий билимдердин (технологиялардын, ноу-хау, патенттердин) конкреттүү бизнес-долбоорлорго трансформациялоосун жүзөгө ашыруучу илимий-ишке киргизүү түзүмүнүн тармагын түзүү;

- илимди коммерциялаштыруу түзүмдөрүн түзүү боюнча ишти активдештирүү.

Жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо милдети төмөнкү жолдор менен чечилет:

- ТӨУСка ылайык илимди өнүктүрүүнүн жана индустриалдык-инновациялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына ылайык келген илимий адистиктер боюнча илимий кадрларды жана жаштарды максаттуу даярдоо;

- университеттердин жана илимий уюмдардын топтору менен ишке ашырылуучу биргелешкен илимий-инновациялык программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү;

- келечектүү жаш окумуштуулардын чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүүсүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү жана дүйнөгө белгилүү окумуштууларды чакыруу;

- илимий кызматкердин статусун көтөрүү боюнча социалдык пакет иштеп чыгуу;

- илим чөйрөсүндө мамлекеттик сыйлыктардын жана стипендиялардын статусун көтөрүү жана алардын санын жана өлчөмүн көбөйтүү.

Илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн негизги милдети болуп финансылык камсыздоонун натыйжалуу системасын түзүү саналат.

Ушул максаттарда:

- изилдөөлөрдүн түрү боюнча, ошондой эле каржылоо булактары боюнча да, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерге чыгымдардын түзүмүн оптималдаштыруу керек;

- изилдөөлөрдү негизги каржылоо Илимдин бирдиктүү улуттук фондунан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен келечектүү долбоорлорду программалык-максаттуу жана гранттык каржылоонун негизинде ишке ашырылышы керек;

- мамлекет жана жеке сектордун ишканалары тарабынан кошо каржылоо принциптеринде илимий изилдөөлөрдү коштоо механизмин киргизүү керек;

- илимий уюмдар жана жогору технологиялуу жана илим сыйымдуу өндүрүштөр үчүн жеңилдетилген преференцияларды киргизүү керек.

Илимий-инновациялык иштин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүнү эки этап менен жүргүзүү керек.

Биринчи этапта "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын жана ага байланыштуу бир катар мыйзам алдындагы актыларды күчүнө киргизүүнү камсыздоо.

Экинчи этапта илимий-инновациялык ишти туруктуу өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү "Илимди жана билимди интеграциялоо жөнүндө" жана "Инновациялык зоналар жана технопарктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кабыл алуу.

Илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик системасын андан ары өркүндөтүү жана эксперттик-аналитикалык чөйрөнү түзүү максатында төмөнкү иштерди аткаруу зарыл:

- республикага дүйнөлүк бирдиктүү маалымат мейкиндигине кирүүгө мүмкүндүк берүүчү улуттук илимий-инновациялык порталды түзүү, акыркы дүйнөлүк илимий иштеп чыгууларга жетүү жана илимдин өнүгүшүнүн дүйнөлүк тенденцияларын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;

- инновациялык чөйрөнүн абалын жана анын андан ары өнүгүү тенденцияларын талдоого багытталган өлкөнүн илимий-инновациялык потенциалын баалоо;

- илимий изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар базасын түзүү максатында илимий-инновациялык өнүгүүнү болжолдоо;

- эл аралык стандарттарын киргизүү, алар илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды киргизүү этикасы менен байланышкан негизги жоболорду камтышы керек.

§ 5.2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми - инновациялык экономиканы өнүктүрүүнүн негизи

Мамлекет менен жеке бизнестин өнөктөштүгүн түзүү инновациялык ишти активдештирүүнүн жана республиканын экономикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу проблемаларын чечүүнүн маанилүү багыты болуп калууда. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) механизминин негизи болуп мамлекеттик илимий уюмдардын, мамлекеттик илимий-билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик бириккен ишканалардын жана жеке өнөр жай, финансы жана илимий-инновациялык бизнестин биргелешкен ишин уюштуруу саналат.

Мамлекет менен жеке бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу институттарын өнүктүрүү өлкөнүн натыйжалуу экономикалык саясатын түзүүнүн, инвестициялык жана инновациялык активдүүлүктү жогорулатуунун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүн, ошондой эле өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн маанилүү шарттарынын бири болот.

§ 5.3. Илимий-инновациялык өнүктүрүү инфратүзүмү

Инновациялык инфратүзүмдү түзүүнүн жалпы принциптери болуп илимий-инновациялык процесстин бардык этаптарында көрсөтүлүүчү кызматтардын комплекстүү мүнөзү жана кызматтарды көрсөтүүдө инновациялык инфратүзүмдүн элементтеринин иш-аракеттерин координациялоо саналат.

Өнүгүүнүн азыркы учурдагы этабында инновациялык системанын негизги элементтеринин бири технологиялар трансфери борборлору жана инкубаторлор болушу керек, ал эми алардын ийгиликтүү ишинен кийин технологиялык парктарды түзүүгө мүмкүн болот. Мындай институттарды колдоо мамлекеттик маанилүү милдеттердин бири болуп калышы керек.

Инновациялык системанын инфратүзүмүн түзүү төмөнкүлөрдү караштырат:

- технопарктардын инновациялык-активдүү аймактарын түзүү;

- баштапкы каржылоо фонддорун кошкондо, инновациялык ишти колдоонун региондук жана тармактык фонддордун системаларын өнүктүрүү;

- инновациялык иштин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу үчүн консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдү кошкондо, маалыматтык колдоо системасын түзүү;

- чакан инновациялык ишканаларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

6. Илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын ишке ашыруунун чаралары жана механизмдери

§ 6.1.Финансылык камсыздоо чаралары жана механизмдери

Илимий-инновациялык өнүктүрүү максатында төмөнкү чараларды ишке ашырууну камсыздоо зарыл:

- илимий изилдөөлөргө, билим берүүгө жана аларды натыйжалуу пайдалануу критерийлерин киргизүүнү эске алуу менен инновацияларды колдоого чыгымдарды бюджеттик каржылоонун көлөмүн этап менен көбөйтүү;

- кайтаруу негизинде атайын фонддор аркылуу инновациялык долбоорлорду каржылоонун эсебинен изилдөө иштерин жүргүзүүгө бюджеттик чыгымдардын майнаптуулугун жогорулатуу, бизнес тараптан кошо каржылоо шартында, конкурстук негизде жүргүзүлүүчү колдонмо изилдөөлөргө чыгымдардын үлүшүн көбөйтүү;

- инновациялык долбоорлорду каржылоо боюнча пайыздык ставкаларды субсидиялоо механизмин киргизүү;

- региондор жүргүзүп жаткан инновациялык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүү шарты катары экономиканын илимий-инновациялык секторун өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтүүчү аймактарга финансылык жардам көрсөтүү;

- инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды мамлекеттик камсыздандыруу системасын түзүү;

- инновациялык ишке жеңилдетилген кредит берүү практикасын кеңири жайылтуу;

- институттук чыңдоо, Инжиниринг жана технологиялар трансфери борборун түзүү аркылуу инновациялык технологияларды "өздөштүрүү" стратегиясын пайдалануу жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;

- ушул ишканаларга таандык болгон интеллектуалдык менчиктин негизинде продукциялардын жана технологиялардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу жана өздөштүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруучу илимий-техникалык чөйрөдөгү чакан ишканаларга түз маалыматтык жана башка жардам көрсөтүү.

§ 6.2. Инновациялык саясаттын чаралары

Болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана илимий-инновациялык потенциалды эске алуу менен төмөнкүлөр зарыл:

- ата мекендик атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын жаңы рынокторуна жетүүнү камсыздоо үчүн интеграциялык процесстердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу жана кийин эл аралык рынокторго чыгуу үчүн биргелешкен ишканаларды түзүү менен өнөр жай ишканаларын модернизациялоону өбөлгөлөөгө багытталган инновацияларды колдоонун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу;

- ресурсту үнөмдөөчү, импортту алмаштыруучу, экологиялык коопсуз заманбап технологияларды пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү институттук механизмдерди түзүү. Бул үчүн мамлекеттин колдоосунда ишкерлерди жана жеке инвесторлорду каржылоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр менен жеке ири бизнестин катышуусунда тармактарда өтө чоң эмес жана тез акталуучу инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу керек;

- маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын (мындан ары - МКТ), технологиялар трансфери борборлорунун мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен, региондор үчүн "виртуалдыкты" кошкондо, инкубаторлор тармактарын, технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорун (мындан ары - ТИКБ) түзүү аркылуу УИСтин инфратүзүмүн өнүктүрүү;

- баштапкы этапта жаңы инновациялык компанияларды мамлекеттик колдоо системасын жана технологиялык инвестицияларды ишке ашырууда алардын өнүгүшүнүн баштапкы баскычында компаниялардын тобокелдигин камсыздандыруу системасын түзүү;

- Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 128 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамынактуалдаштыруу, инновациялык ишкердикти колдоочу жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону кепилдендирүүчү "Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу, Илимий-инновациялык өнүктүрүүнү өбөлгөлөө фонду жөнүндө жобону бекитүү, ошондой эле инновациялар жаатындагы ченемдик документтерди кайра кароо аркылуу инновациялык ишти өнүктүрүү үчүн ылайыктуу шарттарды камсыздоочу ченемдик укуктук базаны түзүү;

- инновациялык менеджмент боюнча адистерди кошкондо, инновациялык адистиктер боюнча кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону камсыздоо; изилдөөлөр менен иштеп чыгуулардын, ошондой эле өндүрүштүн мамлекеттик жана жеке секторлорунун ортосундагы инженердик-техникалык персоналынын жетишерлик мобилдүүлүгүн камсыздоо үчүн шарттарды түзүү;

- бизнес үчүн инновациялардын статистикасы боюнча ченемдик-методикалык документтерин иштеп чыгуу аркылуу илимий-инновациялык өнүгүүнү көзөмөлдөөнү улантуу жана аны өркүндөтүү. Илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн эл аралыкка салыштырылуучу индикаторлорун иштеп чыгуу жана өнүктүрүүгө туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү;

- экономиканын тармактарынын жана илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн илимий негизделген багыттарын берүүгө мүмкүндүк берүүчү региондордун инновациялык ишине илимий изилдөө жүргүзүү;

- Инноватика боюнча мамлекеттик кеңештин базасында улуттук инновациялык системаны ишке ашырууда бардык кызыкдар адамдарды (аткаруу бийлигинин республикалык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, ишканалардын, окумуштуулардын жана ишкерлердин) координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн аныктоо.

§ 6.3. Күтүлүүчү натыйжалар

Ушул Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- илимий-инновациялык ишти бирдиктүү координациялоону жана башкарууну түзүүгө;

- "изилдөө - иштеп чыгуу - киргизүү" схемасы боюнча уюмдардын тобу ишке ашыруучу илимий уюмдарды мамлекеттик колдоодон илимий-инновациялык багыттарды мамлекеттик колдоого өтүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган артыкчылыктуу багыттарга илимий изилдөөлөрдү кайра багыттоого;

- мамлекет үчүн экономикалык маанилүү илимий долбоорлорду туруктуу, зарыл жана жетиштүү каржылоону камсыздоого;

- экономикада, билим берүүдө жана башка чөйрөлөрдө илимий жетишкендиктерди пайдаланууда кызыкдар болгон жаңы муундагы окумуштуулардын жана квалификациялуу илимий кызматкерлердин пайда болушуна;

- илимий-инновациялык ишти башкаруунун эл аралык стандарттарын практикага киргизүүгө;

- баарыдан мурда энергияны жана ресурсту үнөмдөө тармагында жогору кошумча наркы менен жогору технологиялуу жана илим сыйымдуу продукцияны өндүрүү жагына экономиканы диверсификациялоого;

- өлкөдө жана чет өлкөдө илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын патенттөөнүн өсүшүнө, өнөр жай ишканалары жана фирмалар сатып алуучу ата мекендик иштеп чыгуулардын үлүшүн көбөйтүүгө;

- илимдин жана билим берүүнүн натыйжалуу интеграциясы катары университеттердин базасында илимий-билим берүү борборлорун түзүүгө, колдонмо илимий долбоорлорду ишке ашырууда ЖОЖдун ролун жогорулатууга;

- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструкторд

- Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 26-ноябрындагы № 128 "Инновациялык иш жөнүндө" Мыйзамын актуалдаштыруу, инновациялык ишкердикти колдоочу жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону кепилдендирүүчү "Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу, Илимий-инновациялык өнүктүрүүнү өбөлгөлөө фонду жөнүндө жобону бекитүү, ошондой эле инновациялар жаатындагы ченемдик документтерди кайра кароо аркылуу инновациялык ишти өнүктүрүү үчүн ылайыктуу шарттарды камсыздоочу ченемдик укуктук базаны түзүү;

- инновациялык менеджмент боюнча адистерди кошкондо, инновациялык адистиктер боюнча кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону камсыздоо; изилдөөлөр менен иштеп чыгуулардын, ошондой эле өндүрүштүн мамлекеттик жана жеке секторлорунун ортосундагы инженердик-техникалык персоналынын жетишерлик мобилдүүлүгүн камсыздоо үчүн шарттарды түзүү;

- бизнес үчүн инновациялардын статистикасы боюнча ченемдик-методикалык документтерин иштеп чыгуу аркылуу илимий-инновациялык өнүгүүнү көзөмөлдөөнү улантуу жана аны өркүндөтүү. Илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн эл аралыкка салыштырылуучу индикаторлорун иштеп чыгуу жана өнүктүрүүгө туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү;

- экономиканын тармактарынын жана илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн илимий негизделген багыттарын берүүгө мүмкүндүк берүүчү региондордун инновациялык ишине илимий изилдөө жүргүзүү;

- Инноватика боюнча мамлекеттик кеңештин базасында улуттук инновациялык системаны ишке ашырууда бардык кызыкдар адамдарды (аткаруу бийлигинин республикалык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, ишканалардын, окумуштуулардын жана ишкерлердин) координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн аныктоо.

§ 6.3. Күтүлүүчү натыйжалар

Ушул Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- илимий-инновациялык ишти бирдиктүү координациялоону жана башкарууну түзүүгө;

- "изилдөө - иштеп чыгуу - киргизүү" схемасы боюнча уюмдардын тобу ишке ашыруучу илимий уюмдарды мамлекеттик колдоодон илимий-инновациялык багыттарды мамлекеттик колдоого өтүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган артыкчылыктуу багыттарга илимий изилдөөлөрдү кайра багыттоого;

- мамлекет үчүн экономикалык маанилүү илимий долбоорлорду туруктуу, зарыл жана жетиштүү каржылоону камсыздоого;

- экономикада, билим берүүдө жана башка чөйрөлөрдө илимий жетишкендиктерди пайдаланууда кызыкдар болгон жаңы муундагы окумуштуулардын жана квалификациялуу илимий кызматкерлердин пайда болушуна;

- илимий-инновациялык ишти башкаруунун эл аралык стандарттарын практикага киргизүүгө;

- баарыдан мурда энергияны жана ресурсту үнөмдөө тармагында жогору кошумча наркы менен жогору технологиялуу жана илим сыйымдуу продукцияны өндүрүү жагына экономиканы диверсификациялоого;

- өлкөдө жана чет өлкөдө илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын патенттөөнүн өсүшүнө, өнөр жай ишканалары жана фирмалар сатып алуучу ата мекендик иштеп чыгуулардын үлүшүн көбөйтүүгө;

- илимдин жана билим берүүнүн натыйжалуу интеграциясы катары университеттердин базасында илимий-билим берүү борборлорун түзүүгө, колдонмо илимий долбоорлорду ишке ашырууда ЖОЖдун ролун жогорулатууга;

- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук ишке жеке инвестицияларды тартуу үчүн зарыл укуктук шарттарды түзүүгө;

- ички дүң продуктунун түзүмүндө илимий-инновациялык иштин продукциясынын салыштырма салмагынын өсүшүнө.

Булак: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/99770?cl=ky-kg