Menu

  

    

 

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Профсоюздук комитетинин долбоору УИАнын турак-жайы жок жаш окумуштууларына Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач ыңгайлуу баада батир алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Жеңилдетилген баа менен (ички жасалгасын жана коммуникациясын кошууну эсепке албаганда) 3 бөлмөлүү батирдин жалпы суммасы – 10118 АКШ долларына, 2 бөлмөлүү батирдики – 8399 АКШ долларына жана 1 бөлмөлүү батир – 6856 АКШ долларына берилет.

Келишимдин шарты боюнча батир ээлери алдын-ала турак-жай баасынын 50 пайызын жана коммуникацияны коштуруунун суммасын төлөөгө тийиш болот. Ал эми калган 50 пайызы ай сайын 150 АКШ долларын төгүп туруу менен 2 жылда толугу менен төлөнүп  бүтөт.

clip image002  profkom

УИАнын кызматкерлери Кара-Жыгач айылындагы К.Табалбиев атындагы мектептин базасында “Учкун” аталышындагы билим-берүү борборун түзүп, анда төмөндө аталган курстар ачылат деп белгиленет:

  1. Хореография студиясы
  2. Гитара чертүүнү үйрөтүү курсу
  3. Пианинодо ойноону үйрөтүү курсу
  4. Комуз чертүүнү үйрөтүү курсу
  5. Аккордеондо ойноону үйрөтүү курсу
  6. Вокал курсу
  7. Жаш Архимед (математика ийрими)
  8. Прикладдык табигый илимдер (күнөскана)
  9. Компьютердик технология
  10. Ишкерчилик балдардын көзү менен
  11. Кошумча профилдик билим берүү – эмерек жасоо
  12. Кошумча профилдик билим берүү – кулинария
  13. Түрк тили курсу
  14.  Кытай тили курсу
  15. Англис тили курсу
  16. Жаш укук таануучу
  17. Жаш эколог
  18. Актердук чеберчилик
  19. Манас таануу
  20. География курсу
  21. Жаш физик
  22. Көркөм өнөр искусствосу
  23. ЖРТ (ОРТ) даярдоо курсу

Prof Profs

Мектепке кошумча түрдө талап кылынган мугалимдерди тандоону эмгеги сиңген окутуучулар менен жергиликтүү администрация башчысы жүргүзгөн.

2016-жылдын ноябрынан баштап хореография, музыка жана актердук чеберчилик студиясы иштеп баштап, анын жыйынтыгы катары Кара-Жыгач айылынын тургундарына Нооруз майрамына карата концерт уюштурулган.