Menu

  

    

 

Институттун тарыхынан

Кыргызстанда экономика-географиялык тармактагы эң алгачкы илимий бөлүм 1946-жылы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын курамында түзүлгөн. 1947-жылы ушул базада өз алдынча  Экономика бөлүмү уюштурулган. Ал эми 1956-жылы, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы түзүлгөндөн 2 жыл өткөн соң, республикада алгачкы экономикалык илимий борбор – республиканын Илимдер Академиясынын экономика институту ачылган.

Бул мезгил аралыгында борбордун аталышы бир нече жолу өзгөрүүгө учураган: 1992-жылы Рынок экономикасынын институту, 1994-жылы Экономика жана политология институту, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономикалык изилдөөлөр борбору деген аталышка ээ болуп, Өкмөттүн 2003-жылдын 3-апрелиндеги №181 токтомунун негизинде ага академик Джумагул Алышбаевдин ысымы ыйгарылган. Ал эми 2008-жылы Экономикалык изилдөөлөр борбору Экономика институту болуп кайра түзүлгөн. 

Кайра түзүлүү институттун изилдөөлөрүн рыноктун талаптарына жакындатууну максат кылган. Себеби, эми экономиканын структурасын жакшыртуу боюнча көптөн бери топтолгон маселелерди чечүү, чарбанын комплекстүүлүгүн күчөтүү жана республикада жетишсиз өндүрүштөрдү түзүү толук кандуу рынок экономикасын орнотуунун катаал шарттарында чечүүгө туура келүүдө.

 

Экономика институтунун жетекчилери:

-         Лайлиев джумакан Сулайманович, корреспондент-мүчө, э.и.д., профессор – 1956-1959-жж., 1982-1990-жж., 1994-1998-жж.;

-         Алышбаев Джумагул Алышбаевич, академик, э.и.д., профессор – 1959-1960-жж.;

-         Оторбаев Каип Оторбаевич, академик, г.и.д.,  профессор – 1961-1963-жж.;

-         Молдокулов Айдаркан Молдокулович, корреспондент-мүчө, э.и.д., профессор – 1964-1981-жж.;

-         Джаманкулов Болот Сапарович, э.и.к. – 1991-1992-жж.;

-         Алышбаева Айчурек Джумагуловна, э.и.к. – 1993-ж.;

-         Дыйканбаева Токтобюбю Саякбаевна, э.и.д. – 1999-жылдан азыркы мезгилге чейин.

Институттун негизги максаттары – экономика жаатындагы фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү. Бүгүнкү күндө экономикалык илимдин алдында бир топ орчундуу маселелер турат, аларды ийгиликтүү чечип алуу экономиканы кайра сапаттуу  түзүп алууга жана рыноктук өнүгүүнүн жаңы тепкичине жогорулатууга көмөкчү болушу шарт. Экономика институту азыркы тапта өнүгүүнүн максаттарын түзүүгө жана анализдөөгө арналган долбоордун үстүндө иш алып барууда, анын негизинде өнүгүү экономикасынын заманбап теориялары, ишкерликти өнүктүрүүнүн экономикалык өсүшүнүн, багыттарынын жана көйгөйлөрүнүн институттук көйгөйлөрү изилденип, реалдуу сектор менен инфраструктуранын тармактарынын потенциалы жана алсыз жактары, Кыргызстандын ЕАЭС өлкөлөрү менен экспорт-импорту, Кыргыз Республикасынын аймактарынын финансылык жана социалдык чөйрөлөрүнүн  мүмкүнчүлүктөрү менен коркунучтары анализге алынууда.

Изилдөөлөрдүн негизинде монографиялар, китептер, брошюралар, окуу китептери жана окуу куралдары жарык көргөн, алардын арасында төмөнкүлөр бар: “Теневая экономика страны в переходный период” (“Өлкөнүн өткөөл мезгилдеги көмүскөдөгү экономикасы”),  “Отраженная экономика или экономика в денежно-финансовом свете” (“Чагылуучу экономика же акча-финансы айдыңындагы экономика”), “Проблемы и перспективы развития туризма в горных условиях Кыргыз Республики” (“Кыргыз Республикасынын тоо шарттарында туризмди өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги”), “Актуальные проблемы развития экономики Кыргызстана на современном этапе” (“Заманбап этапта Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү”), “Экономическая, социальная и политическая география” (“Экономикалык, социалдык жана саясый география”), “Рыночный переход в прямом и непосредственном восприятии” (“Рынокко өтүү түз жана кыйыр кабыл алууда”), “Какие налоги нам нужны?”( “Бизге кандай салыктар керек?”), “Проблемы развития демократического общества Кыргызской Республики” (“Кыргыз Республикасынын демократиялык коомун өнүктүрүү маселелери”), “Малое предпринимательство, кооперативы, кредитный союзы – как  основной фактор развития регионов” (“Кичи ишкердик, кооперативдер, насыя союздары – аймактарды өнүктүрүүнүн негизги фактору катары”), “Рыночная экономика – вечная экономика” (“Рынок экономикасы – түбөлүктүү экономика”), “Мировая экономика и международные  экономические отношения” (“Дүйнөлүк экономика жана эл аралык экономикалык мамилелер”), “Проект Концепции продовольственной безопасности” (“Азык-түлүк коопсуздук Концепциясынын долбоору”), “Рынок ценных бумаг” (“Баалуу кагаздар рыногу”), “Финансовый менеджмент” (“Финансылык менеджмент”), “Теория и методология оценки вероятности наступления кризиса” (“Кризистин болуу мүмкүнчүлүгүн баалоонун теориясы жана методологиясы”), “Стратегическое планирование на предприятии” (“Ишканадагы стратегиялык пландаштыруу”), “Налогооблажение в Кыргызской Республике” (“Кыргыз Республикасындагы салык салуу”), “Экономика природопользования” (“Жаратылышты пайдалануунун экономикасы”), “Международные финансовые рынки” (“Эл аралык финансы рыноктору”), “Социальный заряд корпоративно-рыночной экономики” (“Корпоративдик-рыноктук экономиканын социалдык заряды”), “Проект Концепции развития регионов Кыргызской Республики” (“Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүү концепциясынын долбоору”), “Межрегиональное неравенство и его влияние на экономическое развитие Кыргызской Республики” (“Аймактар аралык теңсиздик жана анын Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүшүнө таасири”), “Экономическая теория” (“Экономикалык теория”), “Становление рыночной системы в странах с переходной развивающейся экономикой” (“Өнүгүү жолундагы өткөөл экономикалуу өлкөлөрдө рынок системасынын орношу”).

Институтта жарык көргөн “Дүйнөлүк финансылык кризис: карама-каршылыктардын күчөшүбү же жаңы мүмкүнчүлүктөрбү?” аттуу монография Астанада өткөн VI экономикалык форумдун алкагындагы илимий иштердин сынагында 1-орунга ээ болуп, 1 млн.тенге өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болгон (2013-жылы). Ал эми Прогрессивдик демилгелер фонду тарабынан уюштурулган “Идеялык жаңылык”  аттуу сынакка сунушталган “Кризистин болуу мүмкүнчүлүгүн баалоонун теориясы жана методологиясы (Кыргыз Республикасынын мисалында)” аттуу монография 1-орунга татыктуу болуп,  тиешелүү сертификатты жана 100 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыкты жеңип алган, ал эми институттун кызматкерлери илимдеги жогорку көрсөткүчтөр үчүн “Акыл Тиректин” сыйлыктары менен сыйланышкан (2013-жыл).

 

Негизги көрсөткүчтөр

Экономиканын ары  маанилүү теориялык жана колдонмо багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары республиканын аймагында гана эмес, анын чет аймактарында да жарыкка чыккан монографияларда,  жыйнактарда, брошюраларда жана макалаларда орун алды.  Институт негизделген мезгилден бери он миңдеген монографиялар, брошюралар, окуу китептери жана окуу-методикалык куралдар, макалалар жарык көргөн.

         Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болушу, демократиялык жана рынок реформаларынын жолуна түшүшү өлкөбүздүн академиялык илиминин өнүгүшүнүн жаңы этабын белгилеген.

Экономика институту 90-жылдарда республиканын эл чарбасын стабилдештирүү жана рынок экономикасына өтүү боюнча өкмөттүк программаны иштеп чыгууга катышкан. Анда рынок мамилелеринин концептуалдык негиздерин мамлекеттин эгемендүүлүк шарттарында иштеп чыгууга байланышкан суроолор орун алган.

         Академик Т.К.Койчуевдин жетекчилиги астында жана түздөн түз катышуусу менен Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги экономикалык саясатынын өкмөттүк концепциясы, Рынокко өтүүнүн концепциясы иштелип чыгып, республиканын Жогорку кеңеши тарабынан бекитилген. Белгилеп кетсек, Т.Койчуев Өкмөттүн улуттук валютага өтүүгө даярдык көрүү  боюнча биринчи жумушчу комиссиясынын төрагасы,  андан соң Улуттук валютаны киргизүү боюнча комитеттин мүчөсү болгон.

 

Эл аралык кызматташуу

Институт эл аралык илимий кызматташуунун алкагында КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн – Россиянын, Таджикистандын, Казакстандын, Кытайдын, Турциянын,  Малайзиянын профилдик мекемелери, КЭР СУАР Коомдук илимдер академиясынын Борбор Азия институту, КР ТИМинин Эл аралык мамилелер институту менен кызматташып келет. Ошондой эле Россия ТИМинин МГИМО Борбор Азия жана ШОСунун изилдөөлөр борбору,  Кореянын Экономикалык саясат институту менен тыгыз байланыштар орнотулган.

Институттун директору экономикалык илимдердин доктору Т.С.Дыйканбаева МААНдын алдындагы Илимге киришүү боюнча илимий кеңештин мүчөсү болуп эсептелет, андыктан дайыма кеңештин отурумдарына катышып турат. Директор Баку эл аралык гуманитардык форумунун да мүчөсү болуп эсептелет жана жыл сайын  анын ишине  катышып турат.  Бул менен катар Россия илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институту тарабынан ар бир квартал сайын чыгарылып туруучу “Россия жана Евразиянын жаңы өлкөлөрү” аттуу журналдын редакциялык жамаатынын курамына да кирген.

Институттун кызматкерлери ар түрдүү эл аралык конференцияларга, симпозиумдарга, семинарларга, тегерек столдорго жигердүү катышып, доклад жасап келишүүдө.  Ошондой эле институтта эл аралык фонддор тарабынан каржыланган монографиялар, макалалар жарык көрүүдө.

Илимдер академияларынын эл аралык ассоциациялары тарабынан өткөрүлгөн “Илимий китеп” аттуу эл аралык сынактын мыкты илимий-изилдөө долбооруна сунушталган институттун бөлүм башчысы, экономикалык илимдердин кандидаты Б.С.Джаманкуловдун “Экономикалык прогресс жана улуттук өнүгүү” аттуу китеби баш байгени жеңип алган, ал эми институт жогорудагы сынактын лауреаты болууга жетишкен.

 

Аспирантура

Институтта 2017-жылдын 1-январына карата 24 аспирант окуйт:

1-курс боюнча: күндүзгү бөлүмдө – 3, сырттан окуу бөлүмүндө – 5;

2-курс боюнча: күндүзгү бөлүмдө – 3, сырттан окуу бөлүмүндө – 6;

3-курс боюнча: күндүзгү бөлүмдө – 3, сырттан окуу бөлүмүндө – 3;

4-курс боюнча: күндүзгү бөлүмдө – 0, сырттан окуу бөлүмүндө –1.

 

Институт көп сандаган жогорку билимдүү  кадрларды – экономикалык   илимдердин кандидаттарын жана докторлорун даярдады.

 

Байланышуу жолдору:

720071, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 265-А.

Тел.: 641961, 646299.

Е-mail: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.