Menu

  

    

 

Түзүлүү тарыхы

Кыргыз Республикасынын Улуттук  илимдер академиясынын Энвер Закизьянович Гареев атындагы Ботаникалык багы 1938-ж. негизделген. Ал Фрунзе шаарынын түштүгүндө, Ала-Арча суусунун боюнда деңиз деңгээлинен 780 м бийиктикте орун алган. Ботаникалык бактын долбоору СССР Илимдер Академиясынын В.Л. Комаров атындагы Ботаника институтунда иштелип чыккан. 1941-жылдары алгач 40 дарак жана бадал отургузулган. Жергиликтүү жана сырттан алынып келинген өсүмдүктөр секторлорго бөлүнүп, ботаника-географиялык принцип боюнча тигилген. Бул секторлор – Орто Азия жана Кыргызстан, Азия, Ыраакы Чыгыш, Европа, Батыш Сибирь, Кавказ жана Крым, Түндүк Америка ж.б. деп бөлүнөт.

1962-ж. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Ботаникалык багы үчүн шаардын түштүк-чыгышындагы Аламүдүн суусунун боюнан 142 га жер бөлүнгөн. Бул территорияда Өзбек ССРинин Илимдер Академиясынын академиги Ф.Н. Русановдун методу боюнча 38 түрлүү дарак-бадалдардан турган дендрарий, коллекциялык жана гибриддик мөмө-жемиш багы, дарак жана бадал питомниги, розарий тигилген.

1964-ж. Ботаникалык бакка “Илим-изилдөө институту” деген статус берилген. Ал эми 1996-ж. мүчө-корр., б.д.и., проф. Э.З. Гареевдин аты берилген. Ботаникалык бактын дендрологиялык бөлүгү 1968-ж. корук деп жарыяланып, Нарын шаарындагы филиалы 1981-ж. негизделген.

Ботаникалык бакты негиздөөчүлөрү жана алгачкы жетекчилери: акад. И. В. Выходцев, проф. Н. В. Никитина (1938-1946), мүчө-корр. Э. З. Гареев (1946-1974), б.и.к. К.А. Ахматов (1974-1984, 1989-1994), б.и.к. У.Д. Джакипов (1984-1989), б.д.и. В.П. Криворучко (1994-2001), б.д.и. И.С. Содомбеков (2002-2008), а-ч.и.к. А.С. Кулиев (2008-2013), б.и.к. Т.С. Мусуралиев (2013-2016), б.и.к. Ахматов М.К. (2016-2017), Кочкумбаев Т.А. (2017- жылдан).

1. Ишмердиги (илимий багыттары, ачылыштар, ойлоп табуулар, эмгектер, илимий мектеп)

Э.З.Гареев атындагы Ботаника багы Кыргыз Республикасынын Улуттук  илимдер академиясынын курамындагы илим-изилдөө институту болуп саналат. Ботаника багы – өсүмдүктөрдүн селекциясы жана генетикасы, физиологиясы, аларды интродукциялоо, климатташтыруу боюнча негизги илимий мекеме болуп саналып, биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө жана сактоо боюнча негизги борборлордун катарына кирет. КР УИАнын Ботаника багы  Борбордук Азиядагы эң ири ботаника багы болуп саналат, анын жалпы аянты 148,35 га.

Ботаника бактын негизги максаты – маданий түрдө дүйнөлүк жана республиканын табигый флорасынын генофондун байытуу жана аларды сактоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, аларды туруктуу пайдалануу, жашылдандырууда, багбанчылыкта, гүл өстүрүүдө, фармацевтика жана тамак аш өндүрүшүндө кеңири колдонуу болуп саналат.

Ботаника багынын негизги тамшырмалары: коллекциялык фонддорду түзүү жана сактоо; аны жаңы өсүмдүктөр менен толуктоо; өсүмдүктөрдүн жаңы формаларын жана сортторун көбөйтүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу; гүл жана мөмө жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун чыгаруу; өсүмдүктөрдүн перспективдүү жаңы сортторунун жана формаларынын ассортименти боюнча жаңы сунуштарды чыгаруу; экологиялык жана билим берүү боюнча ишмердик.

 Ботаникалык бактын илимий кызматкерлери

Ахматов Медет Кенжебаевич. Эксперименталдык ботаника лабораториясынын жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты. Өсүмдүктөрдүн физиологиясы, дарак жана бадал өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана акклиматташтыруу. 122 илимий макаланын автору.

Кулиев Арстанбек Саипович. Дарак жана бадал өсүмдүктөрүнүн лабораториясынын жетекчиси, айыл-чарба илимдеринин кандидаты, у.и.к. Дарак жана бадал өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана акклиматташтыруу. 50 илимий макаланын автору.

Андрейченко Леонид Михайлович ага илимий кызматкер, биология илимдеринин кандидаты. Дарак жана бадал өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана акклиматташтыруу. 52 илимий макаланын автору.

Малосиева Галина Валентиновна, илимий кызматкер. Дарак жана бадал өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана акклиматташтыруу. 30 илимий макаланын автору.

Абджунушева Тамара Биякматовна, илимий кызматкер. Дарак жана бадал өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана акклиматташтыруу. 13 илимий макаланын автору.

Анарбек кызы Айчурок, кенже илимий кызматкери. Дарак жана бадал өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана акклиматташтыруу.

Бондарцова Ирина Петровна. Декоративдүү гүл өсүмдүктөр лабораториясынын жетекчиси.  Декоративдүү гүл өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана селекциялоо. 48 илимий макаланын автору.

Попова Ирина Викторовна. илимий кызматкери. Декоративдүү гүл өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана селекциялоо. 23 илимий макаланын автору.

Пашинина Татьяна Геннадьевна. кенже илимий кызматкери. Декоративдүү гүл өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана селекциялоо. 8 илимий макаланын автору.

Акматакунова Бубусайра Тойчубековна. ага илимий кызматкер, биология илимдеринин кандидаты. Өсүмдүктөрдүн физиологиясы, дарак жана бадал өсүмдүктөрүн интродукциялоо. 18 илимий макаланын автору.

Бейшенбаева Роза Абышовна, илимий кызматкери. Бакча розаларын жана килем (жер бетине төшөлүп өсүчүү) өсүмдүктөрүн интродукциялоо. 33 илимий макаланын автору.

Турбатова Айша Омурбековна, илимий кызматкери. Бакча розаларын интродукциялоо. 25 илимий макаланын автору.

Абдрашитова Жибек Кенешбековна, илимий кызматкери. Декоративдүү дарак жана дары өсүмдүктөрүнүн интродукциялоо. 8 илимий макаланын автору.

Арыкбаева Назира Мадалбековна, илимий кызматкери. Дары өсүмдүктөрдүн интродукциялоо. 5 илимий макаланын автору.

Мамытова Мира Таалайбековна, кенже илимий кызматкери. Декоративдүү дарак жана дары өсүмдүктөрүнүн интродукциялоо.

Султанова Гульмайрам Токтоматовна, кенже илимий кызматкери. Дары өсүмдүктөрдүн интродукциялоо.

Солдатов Игорь Васильевич. Мөмө бактар өсүмдүктөрүнүн лабораториясынын жетекчиси. биология илимдеринин кандидаты, у.и.к. Мөмө бактар өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана селекциялоо. 78 илимий макаланын автору.

Омушев Абдираим Ибраимович, илимий кызматкери. Мөмө бактар өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана селекциялоо. 26 илимий макаланын автору.

Албанов Нурлан Сарыгулович, илимий кызматкери. Мөмө бактар өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана селекциялоо. 17 илимий макаланын автору.

Имаралиева Тиллахан Шамшиевна, кенже илимий кызматкери. Мөмө бактар өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана селекциялоо. 3 илимий макаланын автору.

Дооткулова Гулира Маликайдаровна, кенже илимий кызматкери. Мөмө бактар өсүмдүктөрүн интродукциялоо жана селекциялоо. 1 илимий макаланын автору.

Орозобаев Муктар, Нарын шаарындагы филиалынын жетекчиси. Бийик тоолуу шарттарда өсүмдүктөрдү интродукциялоо жана акклиматаштыруу. 2 илимий макаланын автору.

Ибраева Назгуль Илиязовна, илимий кызматкери. Бийик тоолуу шарттарда өсүмдүктөрдү интродукциялоо жана акклиматаштыруу. 20 илимий макаланын автору.

Тилекматов Назарбек Суйоркулович, кенже илимий кызматкери. Бийик тоолуу шарттарда өсүмдүктөрдү интродукциялоо жана акклиматаштыруу. 2 илимий макаланын автору.

Мамбетакунова Айгул Жусуповна, кенже илимий кызматкери. Бийик тоолуу шарттарда өсүмдүктөрдү интродукциялоо жана акклиматаштыруу.

Негизги жыйынтыктар

Коллекциялык фонддорду түзүү жана сактоо, аны жаңы өсүмдүктөр менен толуктоо – 6500 таксондор (2000 - дарак жана бадал өсүмдүктөрү, 2600 – декоративдүү чөп өсүмдүктөрү, 550 – оранжерея өсүмдүктөрү, 170-дары өсүмдүктөрү, 86 – килем өсүмдүктөрү, 237 – бакча розалары, 639- мөмө жемиш  өсүмдүктөрү; алма менен кара өрүктүн гибриддик формалары – 4278.

Гүл жана мөмө жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун өстүрүп чыгаруу.

Алманын жаңы сорттору: «Күзгү Гареев», автордук күбөлүк № 486 22.12.2000 ж.

«Пальмира», автордук күбөлүк № 894 19.12.2002 ж.

«Аламединское», автордук күбөлүк № 1191  19.12.2006 ж.

кара өрүктүн жаңы сорттору: «Жибек», автордук күбөлүк № 522  31.01.1991 ж.

«Кыял», автордук күбөлүк № 526  14.05.1990 ж.

«Уркуя», автордук күбөлүк № 529  31.01.1991 ж.

«Ботогөз», автордук күбөлүк № 63  18.12.2003 ж.

«Елена», автордук күбөлүк №  1253   01.01.2008 ж.

«Чуйлүк сулуу», күбөлүк № 1317   23.12.2010 ж.

декоративдүү чөп өсүмдүктөдүн жаңы сорттору:

Бадалдай Астра «Агыш көк Ыссык-Көл», автордук күбөлүк № 655 14.05.1996 ж.

Аргын Гладиолус «Алешка», автордук күбөлүк № 686 14.05.1996 ж.

Аргын Гладиолус «Виктор» автордук күбөлүк № 689 14.05.1996 ж.

Аргын чекилдеги «Карагат» автордук күбөлүк № 699 12.03.1999 ж.

Мамлекеттик сорт сыноого алманын 22 сорту, кара өрүктүн 24 сорту жана гемерокаллистин, примуланын, гибриддик гладиолустун 22 формасы берилген.

343 түр аралык жана тукум аралык гибриддердин, формалардын, белгилердин жана касиеттердин пайда болуу закон ченемдүүлүктөрү изилденген. 47 кара өрүктүн 47 гексаплоиддик сорту 6 сөөктүү тукумунун 28 түрүнүн, 37 диплоиддик сорту жана формасы алыскы аргындаштырууда чыгарылган.

Биздин республиканын шарттарына ыңгайланышып көнгөн жогорку декоративдик сапаттуу гладиолустун, примуланын, пиондордун, иристердин ж.б. гүлдүү өсүмдүктөрдун сортторун чыгаруу үчүн селекциялык иштерди жүргүзүү.

Дүйнөнүн 34 өлкөсүнүн 133 ботаника бактары жана арборетумдары менен урук, калемче жана өсүмдүктөрдү алмашып турат. 2006-ж. баштап жыл-сайын Index Seminumдүн электрондук үлгүсү жаңыланып чыгып турат.

Өсүмдүктөрдүн перспективүү жаңы сортторунун жана формаларынын ассортименти боюнча жаңы сунуштарды чыгаруу.

Өсүмдүктөрдүн жаңы формаларын жана сортторун көбөйтүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу.

Ботаника багы орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерди үчүн окуу өндүрүштүк практикаларды  өткөрүүчү база болуп саналат.

Ал дүйнөнүн жана Кыргызстандын ар кайсы региондорунан чогултулган тирүү өсүмдүктөрдүн ачык асман алдындагы уникалдуу музейи болуп саналып, бороборубуздун меймандары жана шаардыктар үчүн популярдуу эс алуучу жай.

Бактын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарында өз иштерин чагылдырып, лекция-экскурсияларды өткөрүшөт. Жашылдандыруу, багбанчылык, гүл өстүрүүчүлүк, өсүмдүктөрдү көбөйтүү жана багуу боюнча кеңештер берилет.

Бакта “Ботаникалык бак” Ресурстук борбору иштеп, мастер класстар өтүлүп, лекциялар окулуп турат. Ошондой эле орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерди үчүн окуу өндүрүштүк практикаларды  өткөрүүчү база болуп саналат.

Эл аралык кызматташтык

Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багы өсүмдүктөрдү коргоо боюнча ботаникалык бактардын BGCI Эл аралык кеңешинин мүчөсү болуп саналат. Эл аралык илимдер академиясынын алдындагы көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин Ботаника бактарынын бириккен Кеңешинин курамына кирет. Дүйнөдөгү 37 өлкөнүн 150 ботаникалык бактары жана арборетумдары менен өсүмдүктөрдүн уруктары, калемчелери жана тирүү өсүмдүктөр менен алмашып турат. 2006-жылдан бери өзүнүн жыл сайын жаңыланган маалыматтарын Index Seminum электрондук дареги аркылуу жиберип турат.

Кыргыз Республикаcы, Бишкек ш., 720064, И. Ахунбаев көч. 1а.

Тел.: +996(312)517355, +996(312)517932; +996 (312)517836.

Факс: +996 (312) 517932

E-mail: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

www.botanica.kg

 

  Түзүүчү: Кенжебаева Назгуль Викторовна, окумуштуу катчы,

   Тел.: 51-78-36; 0777 055 922