Menu

  

    

 

 

  1. Түзүлүү тарыхы

КР УИА Президиумунун 1993-жылдын 29-декабрындагы токтомуна ылайык, Коомдук илимдер институту адегенде Түштүк бөлүмдүн тармактык бөлүмү катары ачылып алгач Коомдук илимдер институту деген аталышты алган.  Андан кийин Президиумдун 2008-жылдагы №34 токтомуна жана №04-13 буйругуна негизделип – Аймактык илим жана  билим берүү борбору деп өзгөргөн жана кайрадан 2011-жылы Улуттук Илимдер Академиясын реформалоого ылайык, Гуманитардык изилдөөлөр институту деп аталып калды.

2. Жетекчилер

1993 жылы Коомдук илимдер инстиутунун алгачкы директору болуп  - э.и.д., профессор, КР УИАсынын мүчө-корреспонденти -  П.К. Купуев дайындалган. 1999-2001-жж.  мекеме   – т.и.к., доцент – Э.Ж.Сулайманов тарабынан жетектелген.  2001-2005-жж .– Институтту ф.и.д., профессор  У.Ж. Жусупакматов жетектеди.  2005 жылдан баштап – 2008 ж чейин институттун жтекчиси - ф.и.к., профессор  П.И. Ирисов болду.

2008-жылдан бери Гуманитардык изилдөөлөр институтун  т.и.к., доцент Т.О. Омурзакова  башкарып келүүдө.

3. Ишмердүүлүк

КР УИАсынын 2009-жылдагы №38 “ КР УИА ГИИнун илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттары” жөнүндөгү токтомуна ылайык:

  • Эгемендүү Кыргызстандын көйгөйлөрүн изилдөө;
  • Илим менен билим берүүнү натыйжалуу интеграциялоо;
  • Борбордук Азияны  жана анын өнүгүү келечектерин изилдөө (Фергана өрөөнү, Памир);

-       багыттары ГИИнун ишмердүүлүгүндогү негизги изденүүчү багыттар катары бекилген.

ГИИ -  гуманитардык билимдер чөйөрөсүндөгү фундаменталдуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп,  көптөгөн мамлекеттик программалардын жана мыйзамдардын ишке ашуусуна  көмөк көрсөтөт. Учурда Инстиут 5 бөлүмдөн турат:

  • - Тарыхый-маданий мурас бөлүмү;
  • Аймактык экономика бөлүмү;
  • Укуктук жана социалдык изилдөөлөр бөлүмү;
  • Илим жана билим берүүнү интеграциялоо бөлүмү;
  • Этностор аралык көйгөйлөрдү изилдөө бөлүмү;

 

ГИИнун изилдөөчүлүк багыттарына  Кыргызстандын түштүк аймагындагы социалдык-экономикалык, тарыхый-маданий маселелер кирет, анын ичинде төмөндөгү темалардын үстүндө иш жүргүзүлүүдө:

-       аймактык экономиканын эффективдүүлүгүн көтөрүү жолдорун изилдөө;

-       социалдык-экономикалык процесстерди жана эмгек миграция шартындагы үй-бүлө жана нике мамилелеринин    өзгөрүүсүн изилдөө;

-        окуу жайларда илим менен билимди жакындатуудагы жана инновацияларды киргизүүдөгү көйгөйлөр, жалпы билим берүү системасына жана анын түзүмдөрүнө окуу-усулдук жардам көрсөтүү;

-       Кыргызстандын түштүк аймагындагы этностор аралык мамилелерди жана алакаларды изилдөө;

-        Түштүк аймактагы тарыхий –маданий мурасты изилдөө, коргоо жана натыйжалуу колдонуу маселелери;

Гуманитардык изилдөөлөр институту – Кыргызстандын түштүгүндө жалпы гуманитардык изилдөөлөрдү ишке ашыруучу жападан жалгыз мамлекеттик илимий –изилдөөчүлүк мекеме болуп саналат.

Учурда  Институттагы илимий-изилдөөчүлүк иштер “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелери (Түштүк аймактын мисалында)” аттуу долбоордун  алкагында жүргүзүлүүдө (мөөнөтү 2016-2018 жж.). Бул долбоор боюнча институттун түзүмдөрү тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүүдө:

 

 Аймактык экономика бөлүмү “Кыргызстандын түштүгүндө кайра иштетүүчү өнөр жайды көтөрүү   жолдору” деген теманын үстүндө изилдөө иштерин алып барууда. Тема өнөр жай тармагын өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгуу  жана экономканын бул маанилүү тармагын кризистен алып чыгуунун конкретүү  жолдорун издөө муктаждыгы менен шартталат. Бөлүмдүн кызматкерлери  илимий кадрларды даярдоо иштерине өзгөчө көңүл бурат. Учурда Институттун аспирантура бөлүмүндө “Экономика” адистиги боюнча 7 аспирант окуп  жатат.  

 

Тарыхий-маданий мурас бөлүмү “ Кыргызстандын аймактык коопсуздук маселелери: тарыхы жана учуру” атуу теманын үстүндө иштеп жатат.  Бул темагы ылайык бөлүмдүн изилдөөлөрүнүн маанилүү бөлүгү мамлекеттик чек араны аныктоодогу көйгөйлөргө арналууда. Ошо менен бирге эле фундаменталдуу изилдөөлөр уланып, археологиялык изилдөөлөр ишке ашып, Фергана тоо кыркасынын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан жаңы тарыхый – археологиялык эстеликтерди каттоо жана класификациялоо иштери  жүрүүдө.

 

Укук жана социалдык изилдөөлөр бөлүмүнүн кызматкерлери бекитилген долбоордун алкагында “Кыргызстандагы улуттук процесстер: көйгөлөр, тенденциялар, болочоктор” деген теманын үстүндө изилдөө иштерин ишке ашырууда. Теманын актуалдуулугу учурдагы кыргыз улутунун калыптануусундагы татаалдыктар менен негизделет. Бөлүмдүн кызматкерлери изилдөөнүн методологиялык базасын кеңейтүү максатында ар түрдүү академиялык гранттык программалар менен иш алып барат.

 

Илим жана билимди  интеграциалоо бөлүмү “ Гуманитардык коопсуздукту камсыздоо контекстиндеги, билим берүүчү чөйрөнүн көйгөгөлөрү жана иноовациялар”  атуу теманын үстүндө иш жүргүзүүдө. Ушудан улам, бөлүм, жалпы билим берүү системасына дин таанучулук билим берүүнү киргизүүдөгү  маселелерди  талдоо иштерин  жүргүзүп жатат.  Учурда бөлүм КББА, Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту менен тыгыз байланыштарды түзүп, мектеп мугалимдери менен иш алып барууда.

 

Этностор аралык мамилелерди изилдөө бөлүмү 2016-2018 жж. бекитилген  илимий-изилдөө иштерине ылайык “Диндин жана диний мекемелердин улуттар аралык мамилелерге тийгизген таасири” деген теманын үстүндө иш алып барууда. Дин улуттар аралык мамилелерде конфликт жаратуучу фактор катары колдонулушу мүмкүн деген божомолдор бар. Тарыхый, маданий факторлордон улам улуттук белги,  сыртынан  бирдей  көрүнгөн диний жамаатты бөлүүчү фактор катары калууда.  Улуттар аралык көйгөйлөрдү аныктоо максатында  бөлүм  көп секторлорду бириктирген талкуу аянтчаларын уюштуруу иштерин алып келет.

 

ГИИнун илимий изилдөө иштеринде   тарыхий-маданий мурасты изилдөө, коргоо жана натыйжалуу пайдалануу маселелери  өзгөчө орунду  түзөт. Ушуга байланыштуу, ГИИнун кызматкерлери тарабынан бул багытта мерчемдүү иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтсак, тарыхий-маданий мурас бөлүмү Ош шаары боюнча тарыхтын, архитектуранын, жана монументалдык исскуствонун  эстеликтеринин  абалын изилдөө боюнча масштабтуу  иштерин жүргүзгөн. Натыйжада аларды коргоону камсыздоо  боюнча практикалык иш чаралар орун алган. Сулайман-Тоо корук зонасынын эстеликтерин, Ош шаарынын архитектуралык, археологиялык, монументалдык эстеликтерин   изилдөө жана жайылтуу иштери уланууда. Ушул катарда, Кыргызстандын түштүгүндөгү тарыхий-маданий мурастын аз изилденген жактарын карап чыгуу иштери да жолго салынган. Айта кетсек, түштүк  аймактын тарыхындагы жана маданиятындагы орус диаспорасынын орду жана ролун тактоо боюнча изилдөөлөр ишке ашырылды.   Жогоруда көрсөтүлгөн иштердин  натыйжасында 3 монография, бир нече усулдук колдонмолор жарык көрдү.

Мындан сырткары, Институт тарабынан ишке ашырылып жаткан изилдөө иштеринин  маанилүү  көрсөткүчү болуп “Саймалы-Таштын пиктографиялык тексттерин чечмелөө”  багытындагы изилдөөлөр болуп эсептелет. Бүгүнкү күнгө карай,  профессор Л. Жусупакматовдун жетекчилиги астында Саймалы-Таштын петроглифтеринин каталогун түзүү иштери аяктап жатат. Аларга жалпысынан 10 том көлөмүндөгү материалдар камтылган (ар бир том 10 бөлүмдөн туруп,  бир бөлүмдүн көлөмү - 500 баракты түзөт).  Фергана тоо кыркасы боюнча петроглифтерди табуу жана сүрөтөө иштери уланууда. Мисалга айтсак, 2016 жылдын жай мезгилинде Баткенге жасалган экспедициянын жыйынтыгында  Баткен шаарынан  түндүк жагында 6  км алыстыкта жайгашкан  Эгиз-Таш тоосунун аскаларында 100 дөн ашуун, ал эми Сан-Сарай төштөрүнүн астындагы көрүстөндөрдө 50 дөн ашуун  петроглифтер табылган. Чоң –Алай районуна уюштурулган экспедициянын жыйынгы  боюнча  Алтын-Мазар участогунда да петроглифтердин тобу табылып, сүрөттөлгөн. Бүгүнкү күндө, Ноокат районунда орун алган Чили-Сай петроглифтерин изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат.  Алдын ала айтылган болжолдор боюнча, бул петроглифтер, байыркы элдердин астрономиялык түшүнүктөрүн чагылдырат. Бул табылгалардын негизинде “Кыргызстандын петроглифтериндеги пиктографиядагы  асмандын байыркы зодиактары” атуу монография жазылууда. Буга дери  бул багытта “Көчмөндөр керемети” деген илмий популярдуу эмгек жарык көргөн болчу.

 

Жазма булактарынын жоктугунан археологиялык жана этнографиялык изилдөөлөр Кыргызстандын тарыхын изилдөөдөгү эң маанилүү куралы  болууда.  Институттун узак мөөнөтүү археологиялык жана этнографиялык изилдөөлөрү илим үчүн жаңы болгон эстеликтерди жана артефакттарды табууга жол берип келет. ГИИ – түштүк аймакта системалык түрдө археологиялык чалгындоо иштерин жүзөгө ашырып туруучу жападан жалгыз илимий мекеме. 2016 жылдын башынан  баштап,   илимий кызматкерлер Баткен, Чоң-Алай, Алай райондоруна археологиялык-этнографиялык экспедициаларды уюштурушкан. Июнь айындагы Баткен жергесине жасалган экспедиция учурунда, Кара-Булак айылынын түштүгүндө   “Элдердин улуу көчү” дооруна жана  орто кылым мезгилине  таандык болгон көрүстөндөр жана кургандар табылган. Айтылган  эстеликтер археология илими үчүн жаңы болуп, буга дери бул аймака арналган  изилдөөлөрдө  чагылдырылган эмес. (Ю. Заднепровский, Ю.Баруздин, А. Брыкина, Л. Воронец, Л.Жусупахматов).

БатМУ, БМУнун кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган Чоң-Алайга болгон экспедицияда,  Мөксуу өрөөнүн Алтын- Дара жана Алтын-Мазар жерлери изилденген. Натыйжада Алтын-Дара жана Мөксуу дарыяларынын бассейнинде   10 участокто орто кылымдардын жана байыркы доордун көчмөндөрүнө таандык көрүстөндөр табылды. Булардын ичинен Алтын - Көл жана Алтын - Мазар  участокторундагы эстеликтер өзгөчөлөнүп турат.   Айтсак, Алтын-Көлдө “мурутчан” кургандар, байыркы түрктөргө таандык таш  королор, жана сак түрүндөгү кургандар табылган.   Алтын – Мазардын аймагында петроглифтердин топтому,  орто кылым доорундагы найман уруусуна  таандык 2 көрүстөн табылган. Белгиленген  эстеликтер жергиликтүү элдин айтуусуна карганда найман элинин маданиятына таандык.

2016 жылдын күзүндө Алай районунун Күң Элек өрөөнүндө талаа – издөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө “Элдердин улуу көчү” дооруна таандык 20 дан ашуун көрүстөн жана кургандар табылган.

2015 жылы ушул өңдүү  изилдөөлөр Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда жүргүзүлгөн. Натыйжада б.к. чейинки  3 кылымга таандык археологиялык эстеликтер жана артефактар табылган.

Катталган археологиялык эстеликтердин негизинде Түштүк аймактын археологиялык эстеликтеринин картасы түзүлгөн.

Акыркы беш жылда (2011 – 2015) жүрүгүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин натыйжасында ГИИ  төмөнкү көрсөткүчтөргө жетише алды:

-       50 дөн ашуун монографиялар жана окуу куралдары жарык көргөн, анын ичинде 2 – чет өлкөлүк басмалардан чыккан;

-        100 дөн ашуун доклад жана макалалар жарык көргөн, анын ичинде 15 макала шилтенмеленген РИНЦ жана Web of Science илимий чыгарылыштарынан жарык көргөн;

-       ГИИнун кызматкерлери тарабынан  5 млн. сом  көлөмдө  бюджеттен сырткаркы каржылоо каражаттары, анын ичинде грант каражатары тартылган;

2016 жылдын илимий-изилдөөчүлүк жана уюштуруучулук иштеринин  натыйжасында ГИИнун   көрсөткүчтөрү  төмөнкүлөр:

- 2 монография жарык көрдү, 2 – басмага берилди;

- 18 макала жарык көрдү, анын ичинде 2 – чет өлкөлүк басмалардан чыккаан; басмага 10 – макала берилди;

-  кызматкерлер 30 дан ашуун илимий конференцияга жана тегерек столдорго катышкан; ГИИ тарабынан 2 аймактык тегерек стол, 1 – эл аралык конференция уюшулган.

 

4. Кызматкерлер (Аты-жөнү, илимий даражасы, илимий багыты) 

 

Бүгүнкү күнгө карай Гуманитардык изилдөөлөр институтунда 21 илимий кызматкер иштейт, анын ичинен 13 – илимдин кандидаттары, илимдин докторлору- 6;

Тарыхий-маданий мурас бөлүмү

Адилбаев Ж.А. -  бөлүм башчы, т.и.к., доцент. Илимий багыты- Кыргызстандын түштүк региону боюнча мамлекеттик чек араны тактоодогу чечиле элек маселелерди изилдөө.

Жусупакматов Л.Ж. - жетектөөчө илимий кызматкер., фил.ил.д., профессор. Илимий багыты – Саймалы-Таш  эстелигинин петроглифтерин жана  Фергана тоо кыркасындагы петроглифтерди изилдөө, петроглифтердин каталогун түзүү;

Захарова А.Е. - улук илимий кызматкер., т.и.к. Илимий багыты- Ош шаарынын тарыхий-маданий эстеликтерин, Сулайман-Тоо жана анын корук зонасындагы эстеликтерди изилдөө, аларды сактоо боюнча сушунтарды иштеп чыгуу;

Мырзакматов А.К. - улук илимий кызматкер., т.и.к., доцент. Илимий багыты – Кыргыздардын элдик билимдери.

Жолдошев К.Ж. - кичи илимий кызматкер, Илимий багыты – Кыргызстандын түштүк аймагынын материалдарынын негизинде байыркы мезгилдин жана орто кылымдардын көчмөн урууларынын археологиялык эстеликтерин изилдөө.

 

Укук жана социалдык изилдөөлөр бөлүмү

 

Жаныбекова В.Б. - бөлүм башчы, жетектөөчү илимий кызматкер, филос.и.к., доцент. Илимий багыты – Эмгек миграция шартындагы үй-бүлөнүн жана никенин өзгөрүүсү

Токоева Г.А. – улук илимий кызматкер., филос.и.к., доцент. Илимий багыты – Кыргыздардын экологиялык түшүнүктөрүнүн оозеки чыгармалардагы чагылдырылышы.

Сулайманов. Ж.М. – илимий кызматкер., филос.и.к., доцент. Илимий багыты – Учурдагы улуттук жараяндарды изилдөө.

Мукасов Ы.М. – башкы илимий кызматкер., филос.и.д., КР УИАнын мүчө-корреспонденти. Илимий багыты – Кыргыздардын философиялык ойлорун изилдөөдөгү маселелер.

Этностор аралык мамилелерди изилдөө бөлүмү

Эркебаев А.Э. – бөлүм башчы., филол.и.д., академик. Илимий багыты – Улуттар аралык  мамилелерди изилдөө

Улуков Р.У. -  улук илимий кызматкер., саясий.и.к. Илимий багытыт – Калктын радикалдашуу көйгөйлөрүн изилдөө.

Ибраимова С.С. – илимий кызматкер., саясий.и.к. Илимий багыты – Этностор аралык мамилелерди жана конфликттерди изилдөө.

Атаханов Ш.А. – илимий кызматкер.,  т.и.к. Илимий багыты – Кыргыз-өзбек этникалык  байланыштарын изилдөө.

 

Аймактык экономика бөлүмү

 

Купуев П.К. – бөлүм башчы., э.и.д., КР УИАнын мүчө-корреспонденти. Илимий багыты – “Кыргызстандын түштүгүнүн кайра иштетүүчү өнөр жайынын  көйгөйлөрү жана жакшыртуу жолдору”

Райымбаев Ч.К. – улук илимий кызматкер., э.и.к., доцент. Илимий багыты – Ош областынын кайра иштетүүчү өнөр жайынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү.

Убайдуллаев М.Б. – Кайра иштетүүчү өнөр жайдын  – кыргызстандын түшүтүгүнүн экономикасындагы  орду жана аны жолго коюнун негизги багыттары.

 

Илимди жана билимди интеграциялоо бөлүмү

Омурзакова Т.О. – бөлүм башчы., т.и.к. Илимий багыты – Кыргызстандын түштүгүндөгү этно-саясий жараяндарды изилдөө (19 к 2 жарымы -20 к башы). 

Кененсариев Т.К. -  башкы илимий кызматкер., т.и.д., профессор. Илимий багыты – Кыргызстандын 19 – 20 кк тарыхы

Султанова А.С. – улук илимий кызматкер., т.и.к. Илимий багыты – Мектептердеги коомдук илимдерди окуттуу инновациялары.

Иманкулов М.И. – илимий кызматкер, т.и.к. Илимий багыты – Билим берүү саясатынын маселелери.

 

 

5. Негизги натыйжалар

 

 ГИИ өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн мезгилден баштап төмөнкү натыйжаларды көргөзө алды:

  1. ГИИ нун кызмтакерлери Кыргызстандын түштүгүнүн тарыхий-маданий мурасын изилдөөдө жана жайылтууда зор салымын кошкон:
  2. ГИИнун изилдөөчүлөрүнүн катышуусунда, Ош шаарындагы,  жана ага жакын жайгашкан жерлердин аймагындагы Чуст маданиятын эстеликтерин изилдөөнүн негиздери түптөлүп, байыркы Ош шаарын изилдөөгө багыт ачылган. Сулайман Тоонун жана Оштун  культтук жана ыйык жайлары изилденген. Бул багытта – Төтөн -Дөбөдөгү шаарча, жана Сулайман-Тоо петроглифтери  изилденип, алардын Чуст маданиятына таандык экени  далилденген (1994-1997).
  3. Оштун 3000 – жылдык мааракесине даярдануунун алкагында, ГИИнун кызматкерлери (Э.Сулайманов., Ж.Адилбаев., К.Малтаев., К.Жолдошев) академик Ю.Заднепровский менен биргеликте Төтөн-Дөбө жана Ооз-Дөбө шаарчаларын изилдөө иштерине катышкан. Натыйжада алардын эрте темир дооруна таандык экенин далилдеген  археологиялык материалдар табылган(1998-2002).  К.Малтаевдин  Оштун аймагындагы зороастризмге таандык культтук жайлар боюнча жазган эмгектеринин циклинде “Сулайман-Тоо – Борбордук Азиянын эң байыркы асман астындагы храмы” атту эмгеги жана 53 макаласы жарык көргөн. (2002)
  4. Кызматкер А.Захарова тарабынан Оштун тарыхий-маданий эстеликтери изилденген, тактап айтканда – ортокылымдарга таандык архитектуралык курулуштар, падышалык Орусиянын Оштун аймагындагы  архитектуралык курулуштары, Ош шаарынын жана түштүк аймактын өнүгүүсүнө салымын кошкон инсандар ж.б. Изилдөөлөрдүн натыйжалары бир катар монографиялардын жана маалымат-усулдук колдонмолордун  негизине жаткан: Ош шаарынын тарыхий-архитектуралык мурасы. 19 кылымдын аягы- 20 к. башы. – Дубай (ОАЭ) 1997 ; Суламан-Тоо: Мифтер, легендалар, уламыштар жана изилдөөлөр. – Ош -2013; Кыргызстандын түштүгүндөгү орустар: инсандардагы  тарых – Ош – 2014;

 Россия-Кыргызстан: Кыргызстандын түштүгүнүн орус  сүрөтчүлөрүнүн   чыгармачылыгы жана тагдыры Ош – 2016 ж.б.;

  1. Фергана өрөөнүнүн – байыркы тургундарынын уникалдуу тарыхый эстелиги -  Суук-Дөбө (Өзгөн районундагы Мырзаке аймагы) - табылып, изилденген. Натыйжада – Саймалы-Таштын петроглифтерине окшош петроглифтердин топтому табылып, сүрөттөлгөн.  (к.и.н. К.Малтаев, К.Жолдошев, Р.Тагаев)
  2. 2002 жылы Сары-Булак (Кара-Кулжа району) көрүстөнүндө казуу иштери жүрүп, анын натыйжасында, зороастрийлик  ырымдарга байланышкан, сөөк койуунун жаңы түрү аныкталган. (К.Малтаев, К.Жолдошев)
  3. К.Малтаевдин жетекчилиги астында Ош жана Баткен областарынын аймагында коло доорунан баштап орто кылымдарды камтыган ондогон петроглифтердин топтомдору ачылып сүрөттөлгөн(1996-2007).
  4. 2008-2016 жж.  аралыгында К.Жолдошев тарабынан Ош облстынын Чыгыш тарабында жайгашкан мурда аныкталбаган илим үчүн жаңы археологиялык материалдар табылган. Бул археологиялык эстеликтер б.з.ч. 7 к. баштап – кечки орто кылымдарга чейинки мезгилдерге таандык экени аныкталган. Жалпысынан 20 дан ашуун көрүстөндөр, 4 таш балбалы, 10 петроглифтердин топтому( 2000 ашык сүрөттөр),  10 көп архитектуралык курулуштардын калдыктары, 10 көп шаарчалар жана турак жайлардын  калдыктары табылып, сүрөттөлдү.    Катталган археологиялык эстеликтердин негизинде Түштүк аймактын археологиялык эстеликтеринин картасы түзүлгөн.
  5. Филология (кийинчерээк – тарых) бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Саймалы-Таштын петроглифтеринин пиктографиялык тексттерин чечмелөөнүн методологиясы иштелип чыккан.  Бул иштердин алкагында Саймалы-Таштын петроглифтери Борбордук Азия элдеринин жазуусунун алгачкы  формасы (пиктография) болгон деген гипотезаны сунушташкан.  Петроглифтерди изилдөөнүн жүрүшүндө пиктографиялык тексттердин структурасы боюнча кеңири мүнөздөмө берилген. Бул жерде континуум, автосемантия, ретроспекция жана проспекция, модалдуулук, аяктагандык жана аяктабагандык түшүнүктөрү, ошондой эле пиктографиялык текстерди мүчөлөргө бөлүүдөгү болжолдоо критерийлери сунушталган. 1998 -2010 жж. Арасында Саймалы-Таштын 4, 5, 7, жана 8 ортокторунун петроглифтеринин  кагазга түшүрүлгөн сүрөттөрүн фотого   тартып алуу, аларды нускалап көбөйтүү  жана  чечмелөө иштери жүргүзүлгөн.   Кызматкерлер 500 нускадагы пиктографиялык текстерди чечмелөөгө жетишкен. Учурда 4 ортоктун (2 том, 5 бөлүк,  500 фотография)  петроглифтерин чечмелөө иштери жүрүүдө. Петроглифтерди жалпы массивин  иштеп чыгуунун натыйжасындагы күтүлүүчү материалдар  60 томду түзөт.  Илимий кызматкерлердин оригиналдуу гипотезасына ылайык петроглифтердин көпчүлүк бөлүгү байыркы көчмөндөрдүн мейкиндик тууралуу түшүнүктөрүн чагылдырып  Жердин, Асмандын, Ааламдын картосхемаларын көрсөтөт.  Петроглифтерди изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча 60 дан ашык макалалар жазылып,  жетектөөчү кызматкер Л.Жусупакматовдун жетекчилиги астында Саймалы-Таштын петроглифтеринин 10 томдук каталогу түзүлүп  5 тематикалык монография жазылган.    
  6. Илимий кызматкер О.Сатишева тарабынан Ж.Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосу (2 том)  араб арибинен кирилицага которулуп, 1995 жылы Ташкентте жарык көргөн.
  7. Асанбий уулу Алымбек датканын 215 жылдык мааракесине даярдык көрүү иш чаралардын алкагында, Алымбек датканын доору тууралуу тарыхый маалыматтарды топтооо жана талдоо   максатында ГИИнин директору Т.Омурзакова   Улуу британияга илимий-изилдөөчүлүк сапар менен барып келген. Лондондогу иш сапардын жүрүшүндө алгачкы ирет Улуубританиянын Улуттук архивинде, Королеванын географиялык  коомунун архивинде, Улуттук китепканада, Оксфорд университетинин китепканасында библиографиялык жана архивдик иштер жүргүзүлгөн.  Натыйжада илимий айлампага кире элек кыргыздардын жайылуу аймагы, уруу башчылары, Коконд хандыгы ж.б. жөнүндө  маалыматтар табылган. Тиешелүү  материалдар копияланып, (30 барак), 8 китеп  алынган (Холдсверт Мэри “Туркистан в 19 веке”, Хенри Мозер “В киргизских степях” ж.б.). (2015 ж) Улуу британиядагы иштер 2016 жылы да уланган. Анын жүрүшүндө Орто Азия элдеринин тарыхына байланыштуу 4500 кол жазма барагы көлөмүндөгү  архивдик материалдар бар экендиги аныкталган.

 

  1.  Кыргыз Республикасынын “Тарыхий-маданий мурасты коргоо жана колдонуу” мыйзамынын аткарылышын, ошондой эле Сулайман-Тоо корук зонасынын тарыхий-маданий мурасынын сакталышын камсыз кылуу максатында 2008-2009 жылдарда Институттун илимий кызматкерлери тарабынан Сулайман-Тоонун корук жана буфердик зоналарында орун алган  тарых, архитектура жана монументалдык исскуство эстеликтеринин учурдагы абалын изилдөө жана аларга  баа берүү иштери жүргүзүлгөн. Изилдөө ишеринин натыйжасы боюнча Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте Эстеликтердин аннотацияланган тизмеси түзүлүп, ага 52 объект киргизилген.  Анын ичинде 18 – объект республикалык мааниси бар эстеликтердин тизмесине, 34 – жергиликтүү мааниге ээ эстеликтерге кошулган. Буга дери коргоо тизмесинде болгону  14 гана эстелик камтылган (совет мезгилинде тизмеге түшүрүлгөн),  ошондуктан бул жаатта аткарылган иштер чоң  мааниге ээ. 

 

  1. Институттун илимий кызматкерлери  Президенттин 2015 ж 30 декабрындагы  буйругунда жарыяланган “Тарых жана маданият” жылын өткөрүү иш чараларынын  Планын түзүүгө активдүү катышышкан. Айта кетсек Т.Омурзакова, А.Захарова, Ж.Адилбаев, КР Өкмөтүнүн Ош областындагы  ыйгарым өкүлүчүлүгү жана Ош шаарынын мэриясынын астындагы Иш чаралардын Планын иштеп чыгуучу ведомстволор аралык 3  жыйынына катышышкан.

 

  1. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү иш чараларынын алкагында:

2.1  ГИИнун илимий кызматкери К.Нармырзаева аскер түзүмдөрүнүн мамлекеттик тилге өтүүсүнө көмөктөшүү максатында айтылган түзүмдөргө  окуу-усулдук жардам көрсөткөн.  Анын алкагында аскер кызматкерлери үчүн  “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү”,”Орфография”, “Кеп маданияты”, “Котормонун теориясы жана практикасы” атуу курстар өткөрүлгөн. Курстардын негизинде үч окуу-усулдук колдонмо жазылган. К.Нармырзаева Тил боюнча мамлекеттик комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен (20130, Чек ара кызматынын Грамотасы (2015) жана башка ведомстволук ( баары 10) сыйлыктары менен  сыйланган.

3. Этникалык саясатты алдыга жылдыруу иштеринин алкагында:

3.1. ГИИнун илимий кызматкерлери А.Мурзакметов, Ж.Сулаймановдор Этникалык саясаттын Концепциясын жана Иш аракеттердин 2015 жылга чейинки Планын иштеп чыгууга катышышып, Концепцияга рецензент болушкан. (2011 ж.)

- Улуттар аралык мамилелер бөлүмүнүн илимий кызматкерлери С.Ибраимова., Ш.Атахановдор жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентствонун  түштүк аймактагы “Улуттар аралык маилелерге мониторинг жүргүзүү” долбооруна катышып түштүк аймактагы улуттар аралык  кырдаал боюнча   мониоторинг иштерин жүргүзүшүп  8 ай ичинде 30 дан ашуун отчеттор даярдалган.

Айтылган бөлүмдүн кызматкерлери  төмөндөгү түзүмдөрдүн  эксперттери болуп саналат:

Абазбек уулу Расул

-       “Саясий чечимдер Институту” аналитикалык борборунун “Борбордук Азиядагы коопсуздук  индекси” долбоору боюнча экспертти;

-       ОшМунун тилдик-саясий Эксперттик кеңешинин мүчөсү;

                        

6. Эл аралык кызматташтык

 

Гуманитардык изилдөөлөр институту белгиленген чет өлкөлүк ЖОЖдор жана академиялык мекемелер менен байланыштары бар:

  1. Россия Илимдер академиясы
  2. Башкортостан Республикасынын илимдер академиясы
  3. Кытай Эл Республикасынын Коомдук Илимдер академиясы
  4. М.В.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университети
  5. Тверь Мамлекеттик Университети
  6. Шинжан педагогикалык Институту (КЭР)
  7. “Фатих” университети (Туркия)
  8. Г.Эккерт атындагы Институт (ФРГ)
  9. И.Ганди атындагы Индия борбору (Индия)
  10. Адам Мицкевич Университети (Польша)
  11. Берлиндин Эркин Университети (ФРГ)

 

ГИИнун илимий кызматкерлери тарабынан жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө такай негизде илимий-изилдөөчүлүк сапарлар болуп турат. Мисалга 2015-2016 жж. илимий кызматкерлер Улуубританияга – 2   жолу, Германияга – 1 жолу, АКШга - 1 жолу, КИПР Республикасына – 1 жолу, Россия Федерациясына – 3 жолу барып келүүгө жетишишкен. 2016 жылга карай ГИИнун илимий кызматкерлери Эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган эки гранттык долбоорго катышышат.

 

7. Аспирантура

 

Илимий кадрларды даярдоо иштери аспирантура аркылуу жүзөгө ашырылат. Учурда аспирантурада 7 адам окуйт, 2016-2017 окуу жылына карай 5 аспирант кирүү экзамендерин тапшырган. Аспиранттарды даярдоо жана аларга илимий жетекчиликти алып барууну  профессор П.К.Купуев баш болгон аймактык экономика бөлүмүнүн  илимий кызматкерлери алып барууда.  активдүү катышышат.    Бөлүмдүн башчысы э.и.д. П.Купуев ОшМуда түзүлгөн “Экономика” адистиги боюнча диссертациялык кеңештин төрөгасы болуп, көптөгөн  аспиранттарга  жана докторанттарга илимий жетекчиликти ишке ашырып келет.

 

  1.  Көргөзмөлөр

 

ГИИнун илимий кызматкерлери тарабынан бир нече тематикалык көргөзмөлөр уюштурулган:

  1. 2011 жылдын октябрь, 2012 ж. май айларында  “Инсандардагы тарых: кыргызстандын түштүгүндөгү орустар” аттуу жылма  көргөзмө уюштурулган. Көргөзмөнүн уюштуруучусу улук илимий кызматкер А.Захарова болду. Көргөзмө орустардын этникалык жамаатынын түштүк жергесинин социалдык-экономикалык, саясий жана маданий өнүгүүсүнө кошкон салымдарына арналган. Көргөзмө Ош, Джалал-Абад, Кызыл-кыя шаарларында көрсөтүлгөн. Иш чара РФ генералдык өкүлчүлүктүн каржы колдоосу менен уюштурулган. 
  2. 2014 ж октябрь айында «Сулайман-Тоо – тынчтыктын жана ынтымактын символу» аттуу жылма көргөзмө уюштурулган.  Иш чаранын башкы кеңешчиси улук илимий кызматкер А.Захарова болду. Иш чара Ош областынын Аймактык өнүгүү программасы менен кызматташуунун алкагында уюштурулуп, ПРООН тарабынан каржыланган. Көргөзмөнүн максаты – Сулайман-Тоонун тарыхий-маданий дареметин коомчулуктагы биримдүүлүктү чыңдоо үчүн колдонуу.
  3. 2013 жылдын сентябрь айында улук илимий кызматкер А.Мурзакметовдун жеке филокартиялык коллекциясынын негизинде тематикалык көргөзмөсү уюштурулган;
  4. 2013 октябрь айында, манастаанучу А.Сыдыковдун 80-жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциясынын алкагында улук илимий кызматкер А.Мурзакметов “Манастаануу” тематикалык көргөзмөсүн уюштурган;
  5. 2014 жылдын май  айында ОМПИнин базасында   улук илимий кызматкер А.Мурзакметовдун жеке фалеристикалык (төш белги)   коллекциясынын негизинде тематикалык көргөзмөсү уюштурулган. 1200 ашуун экспонат коюлган;

 

  Байланышуу: 

Ош шаары,  Д.Садырбаев көчөсү, 88а,

723500тел: (03222) 6-77-63,

эл-почта: igiuo88@mail.ru