Menu

  

    

 

Түзүлүү тарыхы

Кыргызстанда химия областын изилдөөнүү өнүктүрүү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Россиянын, Украинанын, Белорусиянын алдыңкы химиялык институттары менен байланыштуу болгон. Республикада химиялык илимдердин пайда болуусуна СССРдин ИА Кыргыз филиалынын жана анын курамында Химия институнун түзүлүүсү себеп болгон (СССР ЭКК (Элдик Комиссарлардын Кеңеши) 1943 ж. 5 январындагы № 8 Токтому).

1954-жылы Химиялык институт Кыргыз ССРнин ИА Химия институту болуп кайра өзгөртүлгөн (Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин №546 Токтому, 1954-жыл 16-сентябрь). 1960-жылы Химия институтунун базасында Органикалык эмес жана физикалык химия институту, Органикалык химия институту түзүлгөн (Кыргыз ССРнин ИА Президиумунун №192 Буйругу, 1960-жыл 29-июль).

1994-жылы Органикалык эмес жана физикалык химия институтунун жана Органикалык химия институтунун кошулуусунун натыйжасында КР УИА Химия жана химиялык технологиялар институту түзүлгөн (КР УИА Президиумунун №14 Токтому, 1994-жыл 22 февраль).

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын структурасында профилдүү илимий мекеме – Инновациялык фитотехнологиялар борборун уюштуруу өзүнө өзгөчө маанилүү жаңылыкты камтыган (КР УИА Президиумунун №31 Токтому, 03.07.2007ж.). Улуттук илимдер академиясынын заманбап системасында борбор маанилүү позицияны ээлейт. Фундаменталдык изилдөөлөргө багытталган долбоорлорду аткарууда, инновациялык технологияны, биоартүрдүүлүктү өнүктүрүүдөгү суроолорду чечүүгө абдан чоң көңүл буруп келет.

2016-жылы КР УИА структурасын оптимизациялоо максатында, КР УИА Химия жана химиялык технологиялар институтунун жана Инновациялык фитотехнологиялар борборунун кошулуусунун жыйынтыгында жаңы КР УИА Химия жана фитотехнологиялар институту түзүлдү (КР УИА Президиумунун №137 Буйругу, 2016-жыл 14 ноябрь).

Институттарды башкаргандар:

Химия институту

1943-1945 жж. – биол.илим.докт. И.И.Иванов

1945-1948 жж. – хим.илим.докт.  В.М.Левченко

1948-1952 жж. – хим.илим.канд З.В.Хакимов

1952-1954 жж. – акад. И.Г.Дружинин

1954-1960 жж. –  мүчө-корр.  С.В.Блешинский

Органикалык эмес жана физикалык химия институту

1960-1965 жж.- техн.илим.докт. Н.В.Деменев

1965-1975 жж. - хим.илим.докт.  М.К. Кыдынов

1975-1989 жж. – акад. Б.И. Иманакунов

1989-1994 жж. - акад. К.С.Сулайманкулов

Органикалык химия институту

1960-1975 жж. - акад. В.И.Иванов

1975-1989 жж. - мүчө-корр. В.А. Афанасьев

1989-1994 жж. - хим.илим.докт. З.Ш. Шаршеналиева

Химия жана химиялык технологиялар институту

1994-2003 жж. – акад. Ш.Ж. Жоробекова

2003-2009 жж. – акад. К.С. Сулайманкулов

2009-2012 жж. – акад. Б.М. Мурзубраимов

  1. Жетекчилер: 

2012 - 2016 жж – акад. Ш.Ж. Жоробекова

Химия жана фитотехнологиялар институту

2016-ж – азыркы убакка чейин – биол.илим.докт., проф. Шалпыков К.Т.

  1. Ишмердүүлүгү:

Негизги илимий багыты:

Инновациялык технологиялардын негизинде жаңы материалдар.

Биологиялык активдүү кошулмаларды жана өнүгүүнүн жаңы жогорку эффективдүү стимуляторлорун алуу.

Айлана – чөйрөнү коргоо жана жаңы материалдарды түзүү максатында Кыргызстандын жаратылыштык жана техногендик сырьелорун кайра иштетүү.

Пайдалуу жана дары өсүмдүктөрдүн табигый өсүү шарттарында запасын (биологиялык, эксплуатациялык) аныктоо боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.

Маданий шартта эфир майлуу, пайдалуу жана дары өсүмдүктөрдү көбөйтүү жана өстүрүү технологиясы.

Биокомпозиттерди, дары сырьелорунан аз-аздап иштетилген продуктыларды (порошок түрүндөгү дарылар, майдаланган дарылар, капсулалар ж.б.), терең иштетилген продуктыларды  (физиологияык активдүү жана биологиялык активдүү кошулмалар) түзүү.

Биоактивдүү кошулмаларды компьютердик моделдештирүү жана скринингдөө.

 

Илимдин көрүнүктүү өкүлдөрү:

Академиктер Дружинин И.Г., Иванов В.И., Шатемиров К.Ш., Иманакунов Б.И., Асанов У.А., Сулайманкулов К.С., Ардактуу академиктер Аймухамедова М.Г.Б., Кыдынов М.К., Мүчө-корреспонденттер Усубакунов М.У., Блешинский С.В., Афанасьев В.А., Бакасова З.Б., Пищугин Ф.В., химия илимдеринин докторлору Шаршеналиева З.Ш., Ашубаева З.Дж. тарабынан химиялык илимдин жана технологиянын өнүгүүсүнө изилдөөлөрдү жүргүзүүсүндө теоретикалык жана практикалык жактан чоң салым киргизишкен. Академик Алтымышев А.А. жана Ардактуу академик Алдашев А.А. синтездештирилген жана жаратылыштык химиялык заттардын биологиялык касиетин изилдөөдө абдан чоң салым калтырышкан. Кыргызстандагы биофармакологиянын негиздөөчүсү – академик Алтымышев А.А., ал бирден-бир белгилүү окумуштуу – фармаколог, өзүнүн өмүр жолун медицинанын фундаменталдык багытын өнүктүрүүгө арнаган.

 Академик  Иманакунов Б.И. – химия илимдеринин доктору, профессор, илимге эмгеги сиңген ишмер, Илим жана техника областында КР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, “Даңк” медалы, Ахунбаев И.К. атындагы академиялык сыйлыгы, Ж.Баласагын атындагы сыйлыгы, “Ар-намыс. Даңк. Эмгек” Георгиев медалы менен сыйланган.

Академик Сулайманкулов К.С.- химия илимдеринин доктору, профессор, илимге эмгеги сиңген ишмер, Илим жана техника областында КР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, III даражадагы Манас ордени, ВОИСтин Алтын медалы менен сыйланган, “КР эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” деген наамга татыган.

Академик  Мурзубраимов  Б.М. - химия илимдеринин доктору, профессор, билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери, Илим жана техника областында КР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,

Академик  Жоробекова Ш.Ж.- химия илимдеринин доктору, профессор, илимге эмгеги сиңген ишмер, Илим жана техника областында КР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, “Даңк” медалы, Ломоносов М.В. ордени, “Ардак белгиси” ордени, “Ар-намыс. Даңк. Эмгек” Георгиев медалы, “Руханият” Эл-аралык сыйлыгы, Илим жана билим областында “Достук жылдызы” Мамлекеттер аралык сыйлыгы менен сыйланган.

Академик Алтымышев А.А.- Илим жана техника областында Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргызстандагы биофармакологиянын негиздөөчүсү. “Краков Н. атындагы фармакологияны өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн” деген аты жазылган медалы, Кыргыз ССРнин Ардак баракчасы, Интеркосмос программасы боюнча “Экономикалык өз-ара жардамдашуу кеңеши (СЭВ)” өлкө-мүчөлөрүнүн Координациялык комитететинин Ардак баракчасы менен сыйланган.

4.5. Кызматкерлер. Негизги жыйынтыктар:

Химия жана асыл металлдардын технологиясы лабораториясынын кызматкерлери (лаб. жетекчиси Академик Иманакунов Б.И.) тарабынан: амиддин – органикалык эмес туздун – суунун 100дөн үчтүк системасынын эригичтиги изилденген. Жаңы кошулмалардын жана алгачкы компоненттердин кристаллизациясынын бутактары чийилген изилденген системанын изотермасы курулган. Кембридж маалымат банктарына киргизилген комплекстүү кошулмалардан туруктуулугу, структуралык маалыматтары аныкталган. 20дан ашык синтезделген кошулмалар пахтанын, кант кызылчасынын жана тамекинин өрчүүсүнүн жана өсүүсүнүн стимуляторлору болуп саналат. Кыргызстандагы алтын иштетүүчү мекемелерден чыккан калдыктардан жана кендерден майдадисперстүү алтынды бөлүп алууну микробиологиялык ыкма боюнча изилдөөлөрдү жана алардан чыккан агын сууларды зыянсыздандыруу боюнча иштерди жүргүзүп келишет. Макмал хвостохранилищасынан бактериялар бөлүнүп алынган, бөлүнүп алынган бактерияларды колдонуу менен цианиддерди жана роданиддерди деструкциялоо үчүн жобо иштелип чыккан. Бул сунушту ишке ашыруу үчүн “Кыргызалтын” мекемесине берилген.

Органикалык эмес химия лабораториясынын кызматкерлери (лаб. жетекчиси Академик Сулайманкулов К.С.) тарабынан 300гө жакын органикалык негиздеги металлдардын комплекстүү кошулмалары пайда болуусу аныкталган. Амиддик эритмелердин гидротроптук кубулушу ачылган, ал Актүз кенинен сейрек кездешүүчү топурак элементтерин ажыратып алуу үчүн колдонулган. Медицинада индикатор (детектор) катары, жаңы техникада колдонуу үчүн кристаллофосфорлорду түзүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыккан. Амиддин каныккан эритмесинен абдан таза лантаноидди алуунун жаңы ыкмасы негизделген. Жаңы кошулмалардын кристаллдык структуралары жөнүндө маалыматты Кембридж структуралык маалыматтар банкына тийиштүү депозиттик номер менен депозиттелген. Алынган комплекстер биоактивдүү жана өсүүнү стимулдаштыруучу таасирди көрсөтөт жана айыл-чарба жандыктарынын өрчүүсү жана өсүүсү үчүн витаминдүү-минералдык кошумча компоненти катары колдонулат.

 Минералдык жана органикалык сырьелорду кайра иштетүү лабораториясынын кызматкерлери (лаб. жетекчиси Академик Мурзубраимов Б.М.) тарабынан өсүмдүк калдыктарын кайра иштетүү үчүн, өсүмдүк сырьелорунун негизинде күйүүчү брикеттерди алуу ыкмасы үчүн жана күрүчтүн кабыгынан кремнийдин аморфтуу диоксидин алуу ыкмасы үчүн пилоттук пиролиздүү көрсөтмө иштелип чыккан. Наноэлектроникада колдонулуучу оксиддин, кадмийдин гидроксидинин жана металлдык кадмийдин нанопроводдорун алуунун ыкмасы иштелип чыккан. Цеолитти, сорбентти жана силикаттарды алуу үчүн колдонулган силикагелди алуунун ыкмасын жаратылыштык дисперстик минералдардын негизинде иштеп чыгышкан. Жаратылыштык туздуу породалардын негизинде натрийдин хлоридин бөлүп алуу ыкмасын жана туздуу породаларды аралаш иондордон тазалоо ыкмасын иштеп чыгышкан, ал ашкана тузун өндүрүүдө колдонулуп келген.

Академик Жоробекова Ш.Ж. (Биофизикалык химия лаб.жетек.) жана хим.илим.докт. Кыдыралиева К.А. жетекчилиги астында модификацияланган гуминдүү заттардын жана магнетиттин магнитоактивдүү нанобөлүкчөлөрүнүн негизинде эффективдүү сорбенттердин коллекциясы түзүлгөн, ал андан ары “сорбентти - булгоочу” конгломераттын магниттүү сеперациясында колдонулган. Гуминдүү заттардын жана алардын туундуларынын негизинде комплекстүү таасир берген элисторлор жана детоксиканттар түзүлгөн жана алуу технологиясы иштелип чыккан. Препараттар бир эле убакта топурактын антидотунун, сорбентинин жана химиялык мелиорантынын касиетин камтыйт, өздүк ууландыргычтыкты камтыбайт, биологиялык бирге кошулуучу жана айлана-чөйрөнүн шартында пролонгирдүүлүк таасирде мүнөздөлөт. Технологияда лабораториялык синтезден пилоттук масштабка чейинки стадияда сыналган, пилоттук продуктылар чыгарылган. Чыгарылган продуктылардын эффективдүүлүгү талаа эксперименттеринин шарттарында көрсөтүлгөн.

Профессор, мүчө-корр. Пищугин Ф.В. (Органикалык химия лаб.жетек.) жана профессор, х.и.д. Джаманбаев Ж.А. жетекчилиги астында жаратылыштык кошулмалардын негизинде жаңы биологиялык активдүү жана дарылык препараттарды алуу максатында ыкмаларды иштеп чыгууну изилдөө жүргүзүлүп жатат. Жаңы кошулмалар синтезделди – биологиялык активдүү, ветеринардык жана дарылык препараттар, өсүмдүктүн өрчүүсүнүн жана өсүүсүнүн стимуляторлору, медицинада, ветеринарияда жана айыл-чарбасында колдонууда табышкан: комплекстүү витаминдик препараттар (С-РР; В6-Н1), аминокычкылдар жана биоаминдер менен өз-ара аракеттешүүчү витаминдердин продуктылары, углеводдуу карбамиддердин жана тиокарбамиддердин туундулары, спиромуундалган азоттук гетероциклдар, аминокычкылдардын биометаллдар менен болгон комплекстүү кошулмалары. Алынган кошулмалар өтө сейрек кездешүүчү поливитаминдүү, сезгенүүгө каршы, шишиктерге каршы, анти микробдуу, анти гельминттүү касиеттерди камтыйт.

 Профессор, х.и.д. Сулайманкулова С.К.(Нанотехнология лаб.жетек.) жетекчилиги астында   суюктуктарда жаралуучу, Мезгилдик системадагы элементтерди импульстук плазмада наноструктурага салуу, кремнийдүү жана углероддуу наноструктуранын синтездүү технологиясы иштелип жатат. Жездин, күмүштүн, алтындын, магнетиттин, титандын диоксидинин жана фуллерендүү ыштын нанобөлүкчөлөрүнүн негизинде медициналык нанопрепараттар иштелип чыгууда. Магнетиттин нанобөлүкчөлөрү алтындын  нанобөлүкчөлөрү менен түрүн өзгөрткөндө дени сак клеткаларга цитоуулулукту көрсөтпөй тургандыгы аныкталган, ошондуктан биомедицинада колдонуу үчүн көрсөтүлгөн. “Цистэктомия” операциясынан кийинки сөөктүн кемчилигинин калыбына келтирүүчү ыкма иштелип чыккан.

ИАнын Академиги, профессор, техн.илим.докт. Маймеков З.К. (Химия жана сурьманын технологиясы жана сейрек кездешүүчү металлдардын лаб.жетек.) өзүнүн кызматкерлери менен биргеликте көп компонеттүү системаны физика-химиялык моделдөө: сурьманы бириктирүү (оксиддер, сульфиддер) – комплекстүү кычкылдандыруучу чөйрөнү иштеп чыгышкан. Термодинамикалык мүнөздөмөнүн өзгөрүүсүн прогноздошкон. Эритме-газ чөйрөсүндөгү сурьма кармоочу бөлүкчөлөрдүн концентрациялык таралуусу аныкталган, кычкылдардын жана манганаттардын чөйрөсүндөгү шакардуу жана шакардуу-топурак металлдарынын хлордуу кошулмаларынын негизинде сурьмалуу кендерди эффективдүү ажыратуучу технологияны иштеп чыгуу максатында сурьма өндүрүүчү өндүрүш продуктыларынан жана калдыктарынан сурьманын кошулмаларын ажыратып алуучу оптималдуу режим бекитилген. Бул технология “Кадамжай сурьма комбинаты” ААКда сурьма өндүрүүчү өндүрүш продуктыларын жана бекитилген калдыктарынын сурьма кармоочу компоненттерин утилизизациялоо жана деструкциялоо процесстеринде колдонулушу мүмкүн.

  Хим.илим.канд. Сарымсаков Ш.С. жетекчилиги астында Кыргызстандагы көмүрлөрдүн касиеттерин окуп үйрөнүү боюнча иштерди жүргүзүлгөн. Миң-Куш группасынын көмүрлөрү кальцийдин карбидин (ацетиленди), суутекти, углероддуу адсорбентти жана башкаларды өндүрүү үчүн жогорку углероддуу жана аз күлдүү калыбына келтиргичтерди алууда баалуулуктарды көрсөтөт. Кашка-Суу көмүрүн пиролиз жолу менен кайра иштетүүдө түтүнү жок катуу отун – полукоксту жана жакшыртылган сапаттагы курамы менен газды, баштапкы чайырдуу углероддуу калыбына келтиргичти алууга мүмкүн. Кашка-Суу көмүрүнүн термикалык пиролизинде аба жетпей турган убакта көмүрдү кайра иштетүүдөгү – гидрогенизация жана газификация деген эки оор процессти алмаштыруусу мүмкүн. Бөлүнгөн кокстарды алуудагы металлургиялык өндүрүштү канааттандыруучу бөлүнгөн коксту алуунун ыкмасы иштелип чыккан, ал тартыш өндүрүш коксун алмаштырып турат.

  Хим.илим.канд. Дильдаев Н.С. (Материал таануу лаб.жетек.) кызматкерлери менен биргеликте жогорку температурадагы данакер болуучу металл катары, араң эриген катуу металлдарды байланыштыруучу үчүн, композиттүү материалдарды толтуруучулар, ууга туруктуу катализаторго жана каталитикалык активдүү жана өзгөчө касиеттеги көп функционалдуу катмарды алуудагы электрофизикалык ыкмасы, ошондой эле сейрек кездешүүчү топурак металлдарынын эритмесинде жана никельдин оор легирленген алюминидинин негизинде пайдалануу үчүн темир группасынын металлдарынын негизинде майда порошоктуу көп компоненттүү аморфтуу эритмелерин алуунун электроэрозиондуу технологиясы иштелип жатат. Ортопедиялык хирургияда жана стоматологияда колдонулуучу хирургиялык имплантаттардын үстүнкү бетине каптоочу биологиялык сыйышуучу каптоочторду алуу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат.

   Биол.илим.докт., профессор Шалпыков К.Т. (Дары өсүмдүктөрдүн ресурстарынын мониторинги лаб.жетек.) жетекчилиги астында биоартүрдүүлүктү туруктуу (рационалдуу) пайдалануу, калыбына келтирүү жана коргоо суроолору боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Биоартүрдүүлүккө таасир берүүчү факторлорду (жаратылыштык жана антропогендик), анын динамикасын жана рационалдуу пайдаланууну, талкаланган экосистеманы калыбына келтирүү боюнча стратегияны иштеп чыгуу каралууда. Жергиликтүү ресурстарды толугураак жана рационалдуу пайдалануу үчүн фитохимиялык, ресурстук изилдөөлөрдү камтуучу, пайдалуу жана дары өсүмдүктөргө комплекстүү баа берүү жүргүзүлүп жатат.

Хим.илим.докт. Турдумабетов К.Т. (Химия жана технология лаб.жетек.) жетекчилиги астында углеводдуу курамды бөлүп алуу боюнча жана алардын кошулмаларында кошо жүрүүчү заттарды изилдөө иштери, химиялык технологиялардын ыкмаларын иштеп чыгуу жана алардын эң маанилүүсүн өндүрүшкө киргизүү, калдыксыз өндүрүштү түзүү, ресурстарды сактоо технологияларын иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө. Лабораториянын кызматкерлери тарабынан жаңы биологиялык активдүү заттарды, дары препараттарын жана баалуу продуктыларды алуу үчүн республиканын өсүмдүк ресуртарын комплекстүү кайра иштетүүнүн ыкмалары иштелип чыгууда. Бул препараттар КР патенттери, өздүк күбөлүктөрү менен корголгон. Технологиялык схема сунушталган жана реактивдүү инулинди жана Д-фруктозаны өндүрүүдө өндүрүштүк регламент түзүлгөн. Инулинди жана Д-фруктозаны алууда экологиялык таза ыкма иштелип чыккан жана жакшыртылган. Дары жана ветеринардык препараттардын,  азык кошумчаларынын арсеналын  кеңейтүү үчүн жаңгак сырьелорун колдонууда эффективдүү жана арзан технологияларын иштеп чыгышты.

Хим.илим.канд. Акималиев А.А. (Биокомпозиттер лаб.жетек.) жетекчилиги астында академик Алтымышев А.А. калтырып кеткен синтезделген жана жаратылыштык химиялык заттардын биологиялык касиеттерин окуп үйрөнүүдө баалуу мурастары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул багытты улантууда кызматкерлер тарабынан өсүмдүктөрдүн жаңы перспективдүү түрлөрүнүн сырьелорун аныктоо, аларды ар кандай түрдөгү активдүүлүккө ээ болгон фитопрепараттарды түзүү үчүн потенциалдуу булак катары комплекстүү колдонуу мүмкүнчүлүгү аныктоо боюнча иштерди алып барышат. Жергиликтүү флорага кирген дары өсүмдүктөрдүн базасынан “Бейкут,  “Глитимал”, “Акан” фито ширелери, «Чабал» биокомпозити иштелип чыккан. Бул баардык ширелер Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фармакология жана Фармакопея комитети тарабынан бекитилген. Андан тышкары лабораториянын кызматкерлери тарабынан гликозил-НММ-1 субстанциясынын таасири астында асцитногорак Эрлик оорусун дарылоо ыкмасында анын фармако-ууландыруучу мүнөздөмөсүн жана физико-химиялык касиеттерин изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.  

Биол.илим.канд Измайлова Э.О. жетекчилиги астында жана өсүмдүктөрдү өстүрүү технологиясы лабораториясынын кызматкерлери тарабына  интродукциялоодо эң маанилүү этап болуп саналган өсүмдүктүн өрчүүсүнүн мезгилдик ритмин окуп үйрөнүү иштери аткарылып жатат. Өсүмдүктөргө карата жүргүзүлгөн фенологиялык байкоонун натыйжасында өсүмдүктөрдүн өрчүүсүнө жана алардын биометрикалык көрсөткүчтөрүнө карата негизги фенофаза орнотулат. Пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрүү жана даярдоо, алардын түрдүк курамын аныктоо үчүн өндүрүштүк жана тажрыйбалык тилкелерди уюштуруу боюнча иштер аткарылып келет. Дары өсүмдүктөрдү сактоонун жана аларды толук колдонуунун негизги жолу – аларды маданий өсүмдүктөрдүн катарына киргизүү саналат. Бул жол табигый өсүндүлөрдү сактоого жана дары өсүмдүктөрдүн сырьелорун тигил же бул түрүндө колдонууну толук канааттандырышы мүмкүн.

Эфир майлуу өсүмдүктөрдүн лабораториясы (жетекчиси Рогова Н.А.) интродукциялоо, өстүрүү жана кайра иштетүү максатында эфир майлуу жана дары өсүмдүктөрдүн коллекциясын түзүү боюнча иштер аткарылып келет. Азыркы убакта коллекцияда 61 түр дары жана эфир майлуу өсүмдүктөр өсүп жатат, анын ичинде 10 сорт жана 10 бир жылдык түрлөр. Кыргызстандын флорасынан 25 түр көрсөтүлгөн, 41% түзөт, жыпар жыттуу заттарды алуу үчүн эң негизгилеринен болуп кызмат көрсөтөт. Эфир майларынын анти микробдуу касиеттерин окуп үйрөнүү иштери жүргүзүлүп жатат.

  Скрининг группасы жана биоактивдүү кошулмаларды молекулярдуу моделдөө (жетекчиси хим.илим.докт., профессор Джуманазарова А.З.) тарабынан заманбан шартта ветеринардык сак-саламаттыкты камсыз кылуу боюнча иштерин чечүү изилдөөлөрүн жүргүзүп жатышат. Изилденип жаткан маселелердин багыты республикадагы топтолуп калган эпизоотиялык ал-абалы жана практикалык ветеринария суроолору менен байланыштуу. Ошондуктан иру мүйүздүү малдардын жугуштуу, инвазиондук жана жугушсуз ооруларын дарылоо жана профилактикалоо боюнча ыкмаларды жана технологияларды, каражаттарды иштеп чыгуу жана жакшыртуу боюнча изилдөөлөр аткарылып жатат. Андан тышкары синтетикалык жана өсүмдүктөн келип чыккан кошулмалардын биологиялык эффектилерин молекулярдык моделдөө жана компьютердик скринингдөө, ошондой эле өсүмдүктөрдүн сырьесунан алынган биологиялык активдүү заттардын негизинде наноструктураланган клатраттуу кошулмаларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Аарылар үчүн коопсуз жана варроа кенесине каршы (варроанын кырылуусу 97%ды түзөт) жогорку эффективдүүлүктү көрсөткөн аарылардын варроатоз оорусуна каршы АДАК-Т препаратына КР патенти алынган. Селен кармоочуу тоют жана дары өсүмдүктөрдөн дары-профилактикалык аралашмалардын бир топ партиядагы үлгүлөрүн алуунун технологиясы иштелип чыккан.    

6. Эл-аралык кызматташтык:

Институт төмөндөгүдөй илимий байланыштарды камтыйт:

  • Кумамато университети, Япония;
  • Казакстан Республикасы, Химиялык илимдер институту;
  • Россия Илимдер Академиясы Кристаллография институту;
  • ММУ (МГУ);
  • Химиялык физика маселелер институту, Россиянын машина куруу жана прикладдык биохимия институту;
  • РИА Алыскы чыгыш бөлүмдөрүнүн химия институту;
  • Алыскы чыгыш федералдык университети;
  • Bioversityinternational;
  • FAUNA&FLORAInternational, UK;
  • CambridgeBGCI;
  • Боурнемон университети;
  • РИА Түндүк бөлүмү Новосибирскидеги Ворожцов Н.Н. атындагы органикалык химия институту;
  • Никитин ботаникалык багы (Ялта шаары);
  • КЭР ИА Синьцзян физика жана химия техникалык институту;
  • КЭР кытай жана улуттук медицинасынын ыкмалары боюнча Синьцзян дарылары боюнча ИИИ (НИИ);
  • ШКУ сызыгы боюнча Салттык медицинаны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Кытай Ассоциациясы;

 8. Аспирантура. Илимий мектеп:

Институтта илимдин доктору жана кандидаты даражасына карата аспиранттар жана изденүүчүлөр окуп жатышат. Аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн илимий жетекчилери болуп академик Жоробекова Ш.Ж., академик Мурзубраимов Б.М., академик Сулайманкулов К.С., х.и.д. Сулайманкулова С.К., т.и.д. Маймеков З.К., х.и.д. Шыйтиева Н.К., б.и.д., проф. Шалпыков К.Т., б.и.д., проф. Содомбеков И.С., х.и.д.  Турдумамбетов, х.и.д., проф. Джуманазарова А.З., х.и.к. Акималиев А.А., х.и.к., ага илимий кызматкер Сарымсаков Ш.С., х.и.к., ага илимий кызматкер Дильдаев Н.С. саналышат.

Илимдин доктору даражасынын изилденүүчүлөрдүн илимий кеңешчилери болуп академик Жоробекова Ш.Ж., академик Сулайманкулов К.С, академик Мурзубраимов Б.М.,  х.и.д.  Кыдыралиева К.А., б.и.д. Шалпыков К.Т. саналышат. 

Дареги: 720071, Бишкек ш., Чүй проспектиси, 267

Факс (+996-312) 64-62-94, тел.64-62-94, 64-63-13,e-mail:Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.