Menu

  

    

 

Кыргызстанда геологиялык илимди өнүктүрүүнүн расмий башталышы 1943-жылга келип такалат.  Ал алгач СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын курамындагы Геология институту болуп уюштурулган. 1943-жылдын январында СССРдин Эл Комиссарлар Кеңеши СССРдин Илимдер Академиясынын кыргыз филиалын уюштуруу жөнүндө токтом кабыл алган. Ошол эле жылдын 13-августунда Фрунзе шаарында анын салтанаттуу ачылышы өткөрүлгөн. Геология институтун уюштуруу "Союздун минералдык-чийки зат ресурстарынын жалпы балансында Кыргыз ССРинин жер казынасынын маанилүүлүгүнөн улам болгон. Өлкө үчүн оор болгон согуш жылдары институттун негизги милдети бул ресурстарды изилдөө жана кайра иштеп чыгуу үчүн, абдан маанилүү маселелердин чечилишине байланыштуу теориялык маселелерин иштеп чыгуу болгон. Институттун изилдөөлөрү өлкөдө жер казынасын геологиялык изилдөө жана илимий негиздерин иштеп чыгууга багытталган. Биринчи кезекте эсептелген минералдык чийки заттын стратегиялык түрлөрү: сымап жана күйүүчү отун, руданын башка түрлөрү боюнча да илимий-изилдөөлөр өткөзүлгөн (сурьма, вольфрам, алтын, темир, марганец жана башка металлдар, рудалык эмес пайдалуу кендер). Ошондой эле руданын калыптануу теориясы, байыркы тектерди изилдөө, пайда болуучу чөкмө процесстеринин катышы, структуралардын калыптануусу боюнча ж.б.

Алгачкы жылдары Институтта үч сектор иштеген: тектоника, стратиграфия жана петрография, аларда 17 адам эмгектенген. Негизинен тажрыйбалуу окумуштуулар Ленинграддан көчүрүлгөн. Алардын арасында В.А. Николаев, А.П. Вологдин, Н.М. Синицындер, А.П. Марковский, С.С. Шульц, В.Н. Огнев, жана О.И. Некрасова сыяктуу ж.б. белгилүү окумуштуулар болушкан.

Согуш бүткөндөн кийин, пайдалуу кендердин көптөгөн түрлөрү боюнча геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, ага карата жаңы тармактар уюштурулган: рудалык пайдалуу кендер (В.М. Попов, В.Т. Сургай, А.М. Минжилкиев, З.Е. Бурыхина) , рудалык эмес пайдалуу кендер (В.Н. Щербина, А.Х. Ибрагимов), гидрогеология (П.Г. Григоренко), тоо-кен казып алуу (П.С. Данчев); Лабораториялардын катарында: Минералогия (С.Д. Туровский), Геофизика (В.Л. Шашкин, М.М. Адышев, Е.Е. Щелков, П.И. Чалов) жана Инженердик геология (А.Г. Раздольский). Ошондой эле институттун курамында география (С.У. Умурзаков, Д.И. Исаев) жана сейсмология бөлүмү (В.П. Грин, К.Ж. Жанузаков, Б.И. Ильясов) өздөрүнүн иштерин жүргүзүшкөн.

Кийинки жылдары Геология институтундагы өзүнчө бөлүмдөр көз карандысыз илимий институттарга айланат: Сейсмология институту, КР ИА Геомеханика жана кен өздөштүрүү институту, Фрунзелик политехникалык институттун стратиформдук кендүү жерлердин проблемалык лабораториясы (кийинчерээк ал лаборатория И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык университеттин Минералдык сырье институтуна айланды). Институт, Фрунзелик политехникалык институттун тоо-кен факультетинин, КМУУнун география факультетинин жана өлкөнүн башка ЖОЖдорунун окутуучу жамаатын түзүүдө маанилүү ролду ойногон.

Геологиялык илимди өнүктүрүүдө жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо жетишкендиктери үчүн институт 1969-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.

1979-жылы Геология институтуна академик M.M.Адышевдин ысымы ыйгарылган.  Ал 20 жылдан ашуун убакыт институттун жетекчиси болгон жана жер илимдери багытында өлкөдө биринчи жолу илимий мекемени түзүүгө олуттуу салым кошкон.

Геология институтунун жетекчилери:

1945-жылга чейин - П.К. Чихачев, ал эми кийинки жылдары - К.Л. Юдин (1945-1947жж.), В.М. Попов (1947-1953жж.), М.М. Адышев (1954-1975 жж.), Ф.Т. Каширин (1975-1985 жж.), А.Б. Бакиров (1985-2005 жж.), 2005-жылдан азыркыга чейин - К.С.Сакиев.

Негизги изилдөө багыттары:

Геология институтунда геологиялык, географиялык жана геоэкологиялык багыттар боюнча бир бөлүм жана 4 лаборатория иш алып барууда:

  • География бөлүмү
  • Тектоника жана стратиграфия лабораториясы
  • Метаморфдук формациялар лабораториясы
  • Металлогения жана кен пайда болуу лабораториясы
  • Инженердик жана экологиялык геология лабораториясы

Негизги жыйынтыктар:

       Институттун кызматкерлери республиканын өндүрүү мекемелерине 400дөн ашуун сунуштарды жана иштеп чыгууларды өткөрүп беришкен. Алар көп максаттуу изилдөө иштерине, геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжалуулугунун жогорулашына өбөлгө түзүп, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, кыйратуучу жараяндардан жаратылыш аймактарын коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн негиз болгон.

     Институт төмөнкү иштеп чыгууларга катышкан: Дүйнөлүк тектоникалык карта, Кембрийге чейинки континеттердинтектоникалык картасы, СССРдин тектоникалык картасы, Азиянын метаморфизм боюнча картасы, СССРдин метаморфдук кашаттарынын картасы, Орто Азиянын чыгыш жагындагы метаморфдук фациялардын картасы, Орто Азия, Казакстан жана Кыргызстандын геологиялык жана тектоникалык карталары, СССРдин геодинамикалык картасы, Кыргыз ССРинин тектоникалык картасы, СССРдин аймагынын экологиялык абалынын картасы, Кыргыз Республикасынын "Табигый шарттары жана ресурстары" комплекстүү илимий-маалымдама атласы, “Дүйнөнүн муз ресурстары атласы.

Институттун кызматкерлери жүздөн ашуун монографияларды, тематикалык жыйнактарды, миңден ашуун макалаларды жарыялап, анын ичинен чет өлкөлүк журналдарда басып чыгарышкандары дагы бар.

Ар кандай минералдык сырьенун түрлөрү боюнча божомолдоо-металлогениялык карталар түзүлгөн (В.Т. Сургай, А.И. Денисов, И.Д. Турдукеев, В.П. Турчинский, И.И. Войтович, В.И. Лапинж.б.). Ошондой эле республиканын аймагынын ар кандай масштабдагы карталары: геологиялык, тектоникалык, геодинамикалык, металлогениялык, метасоматикалык формациялар, геоморфологиялык, ландшафттык, жаратылышты коргоо, музж.б. (В.Г. Королев, А.А. Конюк, В.И. Кнауф, А.Б. Бакиров, В.В. Киселев, Р.А. Максумова, И.С. Садыбакасов, К.С. Сагындыков, М.Д. Гесь, Р.Д. Дженчураева,  И.Д. Турдукеев, И.И. Войтович, И.А. Мезгин, Т.У. Укудеев, Н.Т. Пак, С.У. Умурзаков, Э.К. Азыкова, А.Н. Диких, П.Г. Григоренко, М.А. Талипов ж.б.).

Өткөн жылдарда жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин маанилүү көрсөткүчтөрү болуп практикалык иштеп чыгуулардын төмөнкү тизмеси эсептелет:

  1. Кабактагы көмүр жана сейрек металлдар бассейнинин ачылышы жана изилдөөсү - Ф.Т. Каширин, К.К. Карабалаев, Ю.А. Ткачев, И.М. Ибрагимов ж.б.
  2. Актүз кен талаасындагы сейрек кездешүүчү металлдар кенинин ачылышы - С.Д. Туровский, В.Ф. Ким, У. Усманов ж.б.
  3. Жетим темир рудалуу бассейнин ачуу - В.Г. Королев, Б. Джолдошев, К. Сагындыковж.б.
  4. Кара сланецтүү формациянын бир катар сейрек жана баалуу металлдарга карата өндүрүмдүүлүгү далилденген - М.М. Адышев, В. Шабалин, К.Е. Калмурзаев.
  5. Республика аймагынын алтын рудалык негиздөөсү, кендердин ачылышы менен тастыкталган - И.К. Давлетов, В.Т. Сургай ж.б.
  6. Бир катар алтын камтыган чачындылар жана алтындын негизги кендүү жерлери табылган - И.А. Мезгин, И.И. Войтович.
  7. Калай жана сейрек кездешүүчү металлдардын кендүү жерлери минералогиялык, технологиялык жактан картага түшүрүү жүргүзүлүп жана анын ыкмалары иштелип чыккан - С.Д. Туровский, Э.Б. Байбулатов, В.Ф. Ким, Ш.А. Абакиров, У. Усманов.
  8. Сарыжаз рудалуу талаасындагы графит кендүү жерди жана жез-молибден-вольфрам рудалуу зонасын ачуу - Э.Б. Байбулатов, В.Г. Королев, Ю.П. Рыков.
  9. Чаткалда, волластонит,  отко туруштук берүүчү топурак, трепел, фарфор ташы жана башка рудалуу эмес пайдалуу кендерди ачуу - И.А. Мезгин, Д.Д. Дженчураев, Р.Дж. Дженчураева, И.И. Егошин.
  10. Таласта ванадий камтыган титандык-магнетиттикрудаларын ачуу - А.Б. Бакиров, К.С. Сакиев.
  11. Түштүк Кыргызстандын бир нече аймактарында мунай жана газ боюнча перспективалуу жерлерин негиздөө - М.У. Усубалиев, К.Т. Токтоналиев, В.В. Киселев, Р.А. Максумова.

Геологиялык илимди өнүктүрүүдө жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо жетишкендиктери үчүн институт 1969-жылы Эмгек Кызыл Туу орденименен сыйланган. Кыргызстандын пайдалуу кендеринин геологиясынын теориясын жана тажрыйбасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн У.А. Асаналиевге, Ф.Т. Каширинге, В.М. Поповго,Илим жана техникабоюнча СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылган, Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын ээси - В.Ф. Ким жана У. Усманов. 1978-1992 ж.ж. жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштери үчүн, бир катар окумуштуулар тобу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары болушкан, алардын арасында институттун металлогения лабораториясынын башчысы И.Д. Турдукеев дагы бар. "Кыргыз ССРинин энциклопедиясынын" географиялык мазмунун даярдоо жана редакциялоо үчүн, С.У.Умурзакова Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Институттун эки кызматкери (А.Б.Бакиров и И.А.Мезгин) СССРдин Геология министрлигинин "Кендүү жерди биринчи ачкан" деген дипломдун жана төш белгинин ээлери болуп саналат.

1953-жылга чейинки мезгилге карата геологиялык тарыхты изилдөөнүн жыйынтыктары, пайдалуу кендердин жайгашуу мыйзам ченемдүүлүктөрү жана пайда болуу шарттары негизги монографияда чагылдырылган - “Геология СССР, т. ХХV, Киргизская ССР”, аны түзүүдө институттун илимий кызматкерлери катышкан. Ошондой эле алар 1972-1978-ж.ж. “Геология месторождений угля и сланцев СССР, Т.VII, Угольные бассейны и месторождения Средней Азии”, “Гидрогеология СССР, т. ХI, Киргизская ССР”, “Инженерная геология СССР, т. VII” китептерин басып чыгарууга катышкан.

Илимий мектеп

Институтта кеңири белгилүү геологиялык мектептер пайда болуп, Совет мезгилиндеги эле эмес, андан тышкары:

- палеозойдун бүктөлгөн аймактарындагы кембрийге чейинки түзүлүштөрдүн геологиясы боюнча (В.Г. Королев, А.Б. Бакиров, В.В. Киселев, Р.А. Максумоваж.б.) ;

- чөкмө кендин пайда болуусу, жездин, темирдин, полиметаллдардын, урандын, ванадийдин, молибдендин стратиформдук кендеринин мисалында (В.М. Попов, М.М. Адышев, У.А. Асаналиев, К.Е. Калмурзаев, И.Д. Турдукеев ж.б.);

- Тянь-Шандын неотектоникасы боюнча (В.И. Кнауф, И.С. Садыбакасов, О.К. Чедия, А.К. Трофимов, Е.В. Христов ж.б.);

- интрузивдик комплекстердин геохимиялык жана металлогениялык специализациялаштыруусу жана акцессордук минералогиясы боюнча (С.Д. Туровский, И.К. Давлетов, К.Ж. Боконбаев, Л.И. Соломович, А.К. Грошев, С.Е. Сабельников ж.б. );

- метаморфдук формациялардын геологиясы, геодинамикасы жана металлогениясы боюнча (А.Б. Бакиров, Т.У. Укудеев, К.С. Сакиев ж.б.);

- метасоматоз жана кендин пайда болуусу боюнча (Р.Дж. Дженчураева, Н.Т. Пак ж.б.).

Акыркы жылдары институтта плейт тектоникалык негизде геодинамика жана металлогения боюнча изилдөөлөрдүн багыты түзүлгөн жана андан ары  өнүккөн (А.Б. Бакиров, М.Д. Гесь, Р.А. Максумова, Р.Дж. Дженчураева, И.Д. Турдукеев, И.И. Войтович, А.А. Мезгин, Н.Т. Пакж.б.).

Аспиранттык жана докторлук изилдөөлөр

Геология институту Кыргызстандын жана жакынкы чет өлкөлөрдө жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн олуттуу салым кошот. 2005-жылдан баштап Геология институтунда төмөнкү адистиктер боюнча докторлук жана кандидаттык диссертацияларды жактоо боюнча Диссертациялык Кеңеш иштейт:

  1. Жалпы жана региондук геология (геологиялык-минералогиялык илимдер, доктордук жана кандидаттык диссертациялар);
  2. Геоэкология (геологиялык-минералогиялык жана техникалык илимдер, доктордук жана кандидаттык диссертациялар);
  3. Метеорология, климатология, агрометеорология (географиялык илимдер, кандидаттык диссертациялар).
  4. (геологиялык-минералогиялык илимдер,кандидаттык диссертациялар);

Институтта илимдин 30дан ашуун докторлору жана 200дөн ашуун кандидаттары даярдалган.

"Жогорку билим берүүдөгү эл аралык кызматташтык, Жер боюнча илимдер тармагында магистрлик жана аспиранттык окуу программаларын өнүктүрүү боюнча Норвегиялык борбордун" гранттык долбоорунун алкагында Геология институтунун 5 жаш илимпозу Норвегиянын жогорку окуу жайларында стаж өтүшкөн. Японияда, Кытайда, Россияда жыл сайын институттун 10дон ашуун кызматчысы магистратура жана докторантурада окуган.

Байланышуу:

720040, Кыргыз Республикасы

 Бишкек, пр. Эркиндик 30

Тел.: (+ 996-312) 66-47-37

Факс: (996-312) 66-47-37

Электрондук почта: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.