Menu

  

    

 

Кыргыз ССРинин Илимдер академиясына караштуу география бөлүмү 1954-жылы түзүлгөн. География бөлүмү илимдер академиясынын Президиумуна түздөн-түз баш ийген өз алдынча академиялык түзүм болуп саналган.

Ошол убакта бөлүмдүн курамына Тянь-Шандык Бийик Тоолуу Физикалык географиялык станциясы жана мурунку СССРдин Илимдер академиясына караштуу География институтунда түзүлгөн жана ага караштуу болгон, бир нече физикалык географиялык жана экономикалык жана географиялык лабораториялар кирген.

География бөлүмүнүн башчысы катары Оторбаев Кайып дайындалып, 1962-жылга чейин жетектеген. Ал эми 1962-жылдан 1968-жылга чейин бөлүмдү Исаев Дүйшөкө жетектеп келген.

1968-жылы, География бөлүмү жоюлуп, Тянь-Шань физико-географиялык станциясы көз карандысыз илимий мекеме катары түзүлгөн. Экономикалык географтар Кыргыз ССРинин Илимдер академиясына караштуу Экономика институтунун кызматкерлери катары саналышкан. Ал эми Физикалык география лабораториялары Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын Геология институтунун География бөлүмүнүн кызматкерлери катары бириктирилген. География бөлүмүнүн курамына физикалык-географиялык жана геморфологиялык жана климатология жана гидрология лабораториялары кирген. 1970-жылдан 1989-жылдар аралыгында География бөлүмүн Умурзаков Садыбакас жетектеген. 1989-1995-жылдары жана 2011-жылдан тартып азыркы убакка чейин география бөлүмүн Аламанов С.К.  жетектеп келе жатат. 1995-2005-жылдар аралыгында бөлүмдү А.Н.Диких жетектеген.

Азыркы учурда география багытындагы окумуштуулардын изилдөөлөрү бардык физикалык-географиялык райондорун жана бийик тоолуу аймактарды, жаратылыш чөйрөсүнүн бардык компоненттерин, жаратылыш ресурстарын, калктын географиясын жана эл айыл чарбачылыгын камтыган. Тоолуу аймакта табигый шарттарга жалпы жана өзгөчө географиялык мыйзам ченемдүүлүктөр камтылган. Кыргызстандын физикалык-географиялык чөйрөсүндөгү негизги жоболорун жана идеяларды жалпылоо, ошондой эле география илиминин теориялык жана практикалык мааниге ээ болгон айрым багыттарын аныктайт.

Илимдин дифференцияланышынын натыйжасында өнүгүп жаткан көп багыттуу изилдөөлөр менен биргеликте Кыргызстандын география илими ландшафт таануу жана геоэкология сыяктуу интеграциялык багытта дагы өнүгүүдө. Тянь-Шанды өткөн кылымдын 50-ж.ж. аягында интенсивдүү ландшафтык жана комплекстүү физикалык-географиялык изилдөөлөр башталган. Эл аралык геофизикалык жылын өткөрүү учурунда М. Ломоносов атындагы ММУнун профессору Н.Гвоздецкийдин жетекчилиги астында География бөлүмү жана Тянь-Шань физикалык географиялык станциясы, ММУнун География факультети болгон Комплекстүү экспедиция тарабынан типтештирүү негизинде ири масштабдуу ландшафттык карта түзүү медотикасы иштелип чыккан. Ал убакта жогорку Нарын дарыяларынын Кумтөр, Сарычат, Арабел сырттарынын 1:100 000 масштабдагы картасы түзүлгөн.

Кийинки жылдары Кыргызстандын башка райондоруна дагы, Фергана өрөөнүнүн этегине, Алай жана Чаткал өрөөндөрүнө 1:100 000 масштабдагы карталар түзүлгөн (М.Кадыркулов, М. Койчиев, О. Сахарова).

География бөлүмү тарабынан Алай тоо кыркасынын түндүк капталына (1973-1975 жж, О. Сахарова) жана Фергана тоо кыркасынын түштүк батыш капталына (1976-1980 жж, Т. Фомина, Д. Шакирбеков) мүнөздөштүрүлгөн баа берилген жана аймактын учурдагы тоо геосистемасына комплекстүү изилдөөгө багытталган физикалык-географиялык жана ланшафттык изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Тянь-Шань тоо геосистемасынын ланшафтык картасын түзүүнүн өнүгүүсүнө негизги салым катары, илимий-маалыматтык компелекстүү атластын биринчи тому үчүн Кыргызстандын кичине масштабдуу ландшафтык картасы (1:1 500 000), баардык мурунку иштердин жыйынтыгы катары илимге кошулган эң чоң салымы болгон (Э. Азыкова).

Жалпы коллектив 1970-жылдан 1987-жылга чейинки аралыгында «Кыргыз ССРдин атласынын Комплекстүү илимий-маалыматтарын түзүү» - темасында иш алып барышкан. Биринчи том 1987-жылы «Жаратылыш шарттары жана ресурстары» аталышында жарыкка чыккан. Ал эми экинчи том «Тарых. Калк. Элдик чарба. Калкты камсыздандыруу» деген ат менен Омск картографиялык даярдоосуна өтүп, тираж каражаттын жетишсиздигинен улам басып чыгарылган эмес.

Кыргыз ССРинин Атласы георгафия боюнча жалпы эмгектердин арасында өзгөчө орунду ээлейт. Бул фундаменталдык комплекстүү басылма жаратылыш шарттарына жана республика ресурстарына объективдүү мүнөздөмө берүү жана алардын байлыктарын жана түрдүүлүгүн көрсөтүү, бийиктик жана мейкиндикте жайгашуусу, мүмкүнчүлүгү жана эл чарбасынын пайдалануу перспективасы 199 картадан турат. Анын түзүлүшүнө 42 илиимий жана өндүрүштүк мекемелерден жана окуу жайлардан адистер катышкан. Атластын түзүлүшү боюнча ишке Илимий-редакциялык кеңешке жетекчилик кылган (редактор – С. Умурзаков, жоопту редактордун орун басары - Л. Махрина, катчы – Л. Чернова).

География бөлүмүнүн эң негизги жыйынтыктары катары өткөн кылымдын 80-жж. таандык республикалык жаратылыш ресурстарын Комплекстүү картографиялык инвентаризациялоо программасынын алкагында түзүлгөн карталарды атасак болот. Аларды түзүүгө дистанциялык методдор менен алынган материалдар пайдаланылып, редакторлук иштер СССРге караштуу «Природа» Мамборборунун өзбек бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн. Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан автордук оригиналдагы геоморфологиялык (Ш. Качаганов, С. Ахмедов, Т. Фомина, Г. Гончарова), ландшафттык (Э. Азыкова) жана жаратылышты коргоо (Э. Азыкова, Д. Шакирбеков) карталары 1:500 000 масштабда түзүлгөн. 

Улуттук энциклопедиянын түзүлүшүнө Георафия бөлүмү ченемсиз салым кошкон. С. Умурзаков Башкы редакциянын мүчөсү, география боюнча редакциялык коллегиянын төрагасы болгон. Бул иштерине жана жеке өзүнүн энциклопедиянын түзүлүшүнө кошкон салымы үчүн Республиканын илим жана техника жаатындагы мамлекттик сыйлыгына татыктуу болгон. Азыркы учурда энциклопедиялык басылманын экинчи басылышына карата толуктоо жана тактоо боюнча иштер улантылууда. Бул ишке бөлүмдүн кызматкерлери жана Башкы редакциянын мүчөсү катары С.Аламанов активдүү катышууда.

Физикалык-географтардын илимий-изилдөө натыйжалары ондогон монографиялык, тематикалык жыйнактарында, брошюралар жана башка жүздөгөн басылмалар эл аралык жана республикалык илимий басылмаларда жарыкка чыккан. Географтардын коллективдик этаптык эмгектери «Нарын дарыясынын бассейни» (1960-ж), «Киргизия жаратылышы» (1962-ж), «Киргизия рельефи» (1964-ж), «Кыргыз ССРнин климаты» (1965-ж), «Киргизия. Советтер Союзу», «Киргизия географиясынын проблемалары», «Киргизия географиясынын мезгилдик проблемалары», «Кыргыз ССРинин географиялык аталыштарынын сөздүгү» болгон. Ал эмгектерди даярдоодо бөлүмдүн кызматкерлери башка мекемелердин окумуштуулары менен биргеликте С. Умурзаков, А. Кешикбаев, Л. Махрина, Б. Рыскулбекова, Т. Эшенкулов иш алып барышкан.

Д. Исаев, Ш. Качаганов, С. Ахмедов тарабынан Борбордук жана Ички Тянь-Шань аймагына тематикалык геоморфологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүгөн.

Бөлүмдүн Климатологдору жергиликтүү климаттык өзгөчөлүктөрүнүн көп түрдүүлүгүн, топурак кыртышынын жайгашуу айырмачылыгы, өсүмдүктөрү жана гидрологиялык мүнөздөмөлөр (З. Рязанцева, А. Селоустьев, П.Пономаренко), регионалдык жаратылыш жана жаратылыш-антропогендик геосистемага (В. Фомин) мезо жана микроклиматтык таасирлер изилденген.

Гидрологиялык изилдөөлөр негизинен суу ресурстарынын калыптануу мыйзам ченемдүүлүгү, суу жана катуу агындылардын режими, агымдардын өлчөмүн болжолдоо методикаларын иштеп чыгуу менен байланыштуу. М. Музакеев, А. Эргешовдордун көп жылдык илимий изилдөөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын жалпы дарыяларынын бассейндери үчүн суу балансына баа берилген. Суу ресурстарынын абалына ар түрдүү чарбалык кырдаалдарына байланыштуу варианттык прогноздоо иштери аткарылган. Акыркы жылдардагы изилдөөлөр вегетациялык мезгилдеги жана максималдык суу агымынын калыптануу өзгөчөлөктөрүнө арналып, селдердин географиясы, аны прогноздоо жана эсептөө методдору иштелип чыгууда (С. Аламанов, А. Байбориев). Т.Чодураев тарабынан дарыялардын катуу агымдарынын калыптанышынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана аларга чарбалык иштердин тийгизген таасирин изилдөөдө олуттуу натыйжалар алынган.

Республикалык геосистемаларды рационалдуу пайдалануунун жана жаратылышты коргоонун, экологиянын проблемаларынын илимий негиздери такталып, бул багыттарда илимпоздор өткөн кылымдын 80-жж. тартып азыркы учурга чейин ийгиликтүү иш алып барууда.

Алынган илиимий натыйжаларга карата антропогендик ландшафттын функционалдык типтери аныкталып, техногендик таасирлер боюнча даражаларга бөлүнүү схемалары иштелип чыккан. Ошондой эле азыркы учурдагы жер пайдалануунун мүнөздөрүн, жаратылыш-антропогендик геосистемалык ареалдарын, жалпы антропогендик чыңалуулардын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган карталар түзүлгөн (Э.Азыкова, Т. Фомина, Л. Махрина, У.Атаканов).

Регионалдык экологиялык проблемаларды чечүүдө ландашафттык иликтөө жолдору колдонулууда (Т. Фомина). У. Атаканов тарабынан Тянь-Шань сырттарындагы тоң таасирлерин изилдөө иштери жүрүгүзүлгөн. Жер жана суу ресурстарын колдонуудагы азыркы абалга жана аймакка геоэкологиялык баа берүү маселелери С.К. Аламанов, Ч. Бакирова, А. Байбориев, К. Бакиров, Р. Усубалиев тарабынан изилденүүдө.

Гляциология багытындагы проблемалар боюнча Тянь-Шань мөнгүлөрүнүн суу ресурстарынын өзгөрүшүн прогноздоо, аларды түздөн-түз колдонуу жана пайдалануу жаатында алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн (А.Н.Диких, Р.Усубалиев). Биринчи жолу Түндүк жана Ички Тянь-Шаньдын бир катар тоо кыркаларындагы муз каптоонун интенсивдүүлүгүнүн өлчөмү аныкталган. Мөнгүлөрдүн деградациялык темпинин тездигин жана климаттын жылуулануу шарттарын аныктоо, алар аркылуу мөңгүнүн калыптануусун жана динамикасын, агымдын калыптануусун баалоого мүмкүнчүлүк берет. Көбүнчө бул иштер 2001-2004-жылдары аткарылган «Мөнгүнүн жылдык катмарынын сандык курамынынын негизинде Тянь-Шань бийик тоолуу зоналарында климаттын өзгөрүшүн изилдөө» долбоорунда, Эл аралык илимий техникалык борбордун гранттык жардамы менен жүрүгүзүлгөн. Ошондой эле бул зоналарда оор жана радиактивдүү элементтер менен булгануунун мүнөзүн аныктаганга шарт түзгөн.

XVIII кылымдардан тартып азыркы кезге чейинки тоолу өлкөнү иликтеген бардык окумуштуулардын илимий эмгектери талданып, Тянь-Шаньдын топономиясы жана изилдөө тарыхы (С.Умурзаков, Т.Эшенкулов) системаланган. Географиялык аталыштарды картага түшүрүү, илимий адабияттарда аталыштарды бирдей стандартка келтирүү, топономикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларына таянуу менен кыргыз тил жана орфографиясынын эрежелерине карата негизделген. 

Республикадагы география илиминин өнүгүшүндө Кыргыз Географиялык коому - КР УИА тармагындагы баштапкы илимий коомдук уюм катары көрүнүктүү ролду ойногон. СССР География коомунун Кыргыз филиалы катары 1947-ж. негизделип (Кыргыз ССРинин География коому 1964-жылдан тарта, ал эми 2002-жылдан баштап Кыргыз Георграфиялык коому) коому ар тараптуу илимий уюштуруу жана башка иштерди алып барат. Коом географиялык жана ага багытташ мекемелердин, түрдүү тармактагы илимдин, өндүрүштүн, ведомстволордун, жогорку жана орто окуу жайлардын жүздөгөн адистеринин Кыргызстандын актуалдуу проблемаларын чечүүдөгү багыттарын жана милдеттерин аныктоодо чоң роль ойногон. Ал багыттар географиялык билим берүү, туризм, жаратылышты пайдалануу жана айлана чөйрөнү коргоо иштерин ж.б. камтыган.

Коом ушул жылдар аралыгында 35 республикалык, регионалдык, бүткүл союздук жана башка илимий конференциялар, жыйындар, семинарларды (анын ичинде жаратылыш жана экономикалык райондоштуруу проблемалары, Ысык-Көл көлү, тоолуу аймактын ландшафт таануусу, жартылышты пайдалануу жана айлана чөйрөнү коргоо ж.б. боюнча) уюштурган.  Өткөзүлгөн төрт съездде көптөгөн маселелер талкууланып, регионалдык жана жалпы мүнөздөгү илимий жана практикалык рекомендациялар иштелип чыккан. Фрунзе шаарында 1980-ж. Кыргыз ССРинин Географиялык коому өткөргөн СССР Географиялык коомунун VII Съездине 1400кө жакын советтик жана 35 чет элдик окумуштуулар катышкан.

1964-жылдан 2002-жылдар аралыгында Кыргыз ССР Географиялык коомунун презинденти катары Умурзаков С. жетектеп келген. 2002 жылдан 2010 жылдарда Осмонов А., 2011-жылдан тарта бул коомдук кызматка география бөлүмүнүн жетекчиси Аламанов С. К. шайланган.

Аламанов С.К. жетекчилиги астында География бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалып басылмага берилген «Кыргызстан физикалык географиясы» монографиясы 28-Эл аралык китеп көргөзмө-ярмаркасында алтын медаль жана диплом менен сыйланган (ВДНХ, Москва, сентябрь 2015 жыл). 2016-ж ушул эле монография Париждеги «PARISBOOKFAIR» китеп салонунда алтын медаль менен сыйланып, 36-Эл аралык Париж китеп салонунун каталогуна киргизилген (17-20 марта 2016г., Париж, Франция).

География бөлүмүнүн илимий кызматкерлеринин изилдөөлөрү жана эмгектеринин натыйжалары КМШ мамлекеттеринин жана ошондой эле алыскы өлкөлөрдүн окмушутууларын кызыктырууда. Бөлүм Россия Илимдер Академиясынын География институту, Ломоносов М.В. атындагы ММУ, КЭРдин СУАРдагы илимдер академиясынын Экология жана география институту, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети жана И Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин окумуштуулары менен илимий тыгыз байланышта.