Menu

  

    

 

Илимий – техникалык кызматашуу боюнча Кыргыз-Кытай борбору (мындан ары Борбор) 2011-жылы, Геология Институтунун бир бөлүмү катары түзүлгөн. КЭР Синьцзян–Уйгур Автономдук районунун 305 – мамлекеттик программасы жана КР Илимдер Академиясынын Геология институтунун ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде Борбор куралган.

Борбордун негизги максаты бул Тянь-Шаньдын геология жана металлогениясы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.

  • Борбордун жумуш тапшырмалары бул:
  • Геологиялык илим–изилдөө иштеринин деңгээлин көтөрүү;
  • Тажрыйба жана илим-изилдөөиштеринин натыйжалары менен бөлүшүү;
  • Биргелешкен илим–изилдөөдолбоорлорун жана программаларын аткаруу;
  • Кыргыз–Кытай тоо-кен, геология жана башка уюмдардын жана компаниялардын кызматташуусуна салым кошуу;
  • Жаш геологилимпоздорун Кытай университеттеринде окутуу

2011-2016 жылдары 10-дон ашык эл аралык геологиялык экспедициялар Кыргыз жана Кытай жерлеринде өткөрүлгөн. Тянь-Шаньдын геологиясы жана металлогениясы суроолору боюнча жумуш жыйналыштары жүргүзүлгөн.  Геология институтунун ишмерлери Пекин шаарынын Геология институтунда жана башка уюмдарда аспирант жана докторанттарга 10-дон ашык лекицияларды окушкан.

Жаш илимпоздор Кытай университеттеринде окуп жатышат.

Борбордун жана баардыкдолбоорлордункаржылоосуКытай тарабынан грант түрүндө берилет.

Борбор тарабынан жазалган иш аракеттер:

  1. 2015-ж. Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялар институтунун КР ББИ жана Кытай Геологиялык университети (Ухань ш.) арасында түзүлгөн кызматташуу боюнча келишим.
  2. 2016-ж Илимдер академиясында КР илимий-техникалык маалымат борборун түзүү, КР УИА жана КЭРСУАРдын онүгүү стратегиясынын Институтунун ортосундагы келишимдин негизинде.
  3. 2016-ж. КР Айыл-чарба министрлиги менен КЭРСУАРдын илим департаментинин ортосундагы кызматташуу боюнча келишим түзүү.
  4. 2016-ж. Кытай Эл Республикасынан, Кыргызстандагы Чаарат алтын кенин иштетүүгө инвесторлор табылган, азыркы учурда лицензиянын ээси менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

 

Эл аралык кызматташтык

Эл аралык гранттар боюнча бир нече долбоорлораткарылган: «Метаморфдук тектердинөтө чоң басымдагы пайда болуу шарттарын изилдөө», «Тянь-Шаньдын бийик тоолуу аймактарынын климатынын өзгөрүшүн, мөнгү катмарларынын жыл сайын өзгөрүүсүунүн негизинде изилдөө», «Кыргыз тоо кыркасынын геологиялык картасынын электрондук түрү», «Чаткал регионунун кендерин изилдөө» ж.б.

Геология институтунун катар алып баруучу илимпоздору ар кандай эл аралык долбоорлор жана программаларда катышышкан: «Орто Евразиянын литологиялык-палеографиялык, структуралык, палинспастикалык жана геоэкологиялык карталарынын Атласы», «Борбор Евразиянын рудалуу райондорунун жана чек ара чөкмө бассейндеринин геологиясы, геодинамикасы жана минерагениясы», «Борбор Еврзиянын бүктөлмөструктураларынын жана чек ара чөкмөбассейндеринин геологиясы, геодинамикасы, минерагениясы жана заманбап геологиялык чөйрөнүн абалы», «Алтын-күмүш, теллур-селен камтыган кендер»: «Тянь-Шаньдын офиолиттерин жана алардын жогорку басымдагы аналогдорун изилдөө», «Ортоңку юра жана ойдоңку бор доорунун динозаврлар фаунасы», «Жогорку Чуй өрөөнүндөгү Улуу Жибек Жолунун эстеликтерин сактоо», «Тянь-Шаньдын минерагениялык картасы», «СНГ жана ага чектеш мамлекетердин геологиялык мазмундагы карталарынын атласы», «Сутуралык аймактардын металлогениясы», «Тянь-Шаньдын металлогениялык картасы», «Ортоңку Азия мамлекеттеринин геологиялык секторунун маалымат системасын онүктүрүү», «Тянь-Шаньдын геодинамикалык жана геоэкологиялык көйгөйлөрү».

Ошондой эле эл аралык илимий кызматташуу алкагында КЭР ИА менен КР УИА ортосундагы макулдашуунун негизинде Геология институтунда Борбордук Азияда айлана-чөйрөнү коргоо жана экология боюнча Кыргыз-Кытай Борбору түзүлгөн: сейрек кездешүүчү элементтерди изилдөө боюнча металл, газ, мунай боюнча Япон улуттук корпорациясы менен келишим түзүлгөн; Шимане жана Ибараки Жапон университеттери менен жогорку басымдагы метаморфизмди биргелешкен изилдөөлөр улантылууда; офиолиттер жана алардын метаморфдук продуктуларын РИА ТБнүн геология, геофизика жана минералогия институту менен биргелешкен изилдөөлөр;Нанкин Лимнология жана география институту жана КЭР ИА Шеньджен Жогорку технологиялар институту  менен болгон биргелешкен экологиялык изилдөөлөр; ошондой эле Геология институту коптогон мамлекеттердин, мисалы Англия, Германия, АКШ, Норвегия, Финляндия, Австрия, Индия, Турция, СНГ мамлекеттери менен илим жана билим берүү жаатында кызматташууда.

МНТЦ G2153 долбоору боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө «Ири бийик тоолуу көлдөрдүн айлана-чөйрөсунө табигый жана техногендик таасири».Катышуучулар: Грузия, Армения жана Кыргызстан.

Долбоор «Кыргызстанда ичүүчү суунун экологиялык абалына баа берүү» Борбордук Азия боюнча Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык илимий-изилдөө борбору тарабынан каржыланган.

Потсдамдагы Германиянын геологиялык институту жана Минералдык ресурстар институтунун, Кытай геологиялык илимдер академиясы менен илимий кызматташуу боюнча эки жаңы келишимге 2016-жылы кол койулган.

Мындан тышкары, институттун жогорку Шимане жана Киото университеттери менен илимий мамиле бар (Япония), Геология институту РИА ТБ, ГКПЭН КР, КИМС, МНИЦ РАН – Геодинамикалык полигон менен, Палеонтология, минералогия, геология институту Бонн университети, Германия, Зоологиялык институту жана ПИН РАН, Тибет платосунун институту КЭРИА, Кытай геологиялык университети Ухань ш. Жер жана айлана чөйрө институту Кытай ИА менен биргелешкен илимий байланыштар бар.