Menu

  

    

 

Лабораториянын курамы: лабораториянын жетекчиси – техника илимдеринин доктору профессор Кожобаев Канатбек Асекович, жетектөөчү илимий кызматкер геология-минералогия илимдеринин кандидаты Аманов Кадыр Аманович, ага илимий кызматкерлер – Санькова Валентина Павловна жана Утиров Чоро Узакович. Илимий кызматкерлер – Молдогазиева Гульмира Такишевна жана Касиев Айбек Кермакунович, инженер Миргазиева Курманжан Миргазиевна.

 Лаборатория 2003-жылы Инженердик геология жана экологиялык геохимия топторунун биригүүсү менен түзүлгөн.

Бул лабораториянын сөзсүз керектиги төмөндөгү негиздерден келип чыккан:

  1. Табийгый, ошондой эле антропогендик геоэкологиялык процесстердин катастрофиялык деңгээлге чейин жетип кетишин алдын алуу жана басаңдатуу максатында жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр тоолуу Кыргыз Республикасы үчүн өтө актуалдуу болуп эсептелет.
  2. Гидрогеология жана инженердик геология багыты боюнча Институтта дээрлик анын түптөлүшүнөн бери өнүгүп келген, айлана чөйрөнү коргоо жана аны рационалдуу пайдалануу боюнча бир топ фактылык материалдар топтолгон;
  3. 1980-жылдардын акырынан тартып экологиялык геохимия багытында белгилүү иштер жүргүзүлүп келатат, окумуштуу (илимий) кадрлардын потенциалы сакталууда.

Инженердик геология тобу 1948-жылы СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын геология институтунун алдында (карамагында) түзүлгөн регионалдык гидрогеология, инженердик жана төртүнчүлүк геология секторунун «мураскери» болчу. Секторду кийинчерээк геология - минералогия илимдеринин доктору, КР ИА мүчө корреспонденти болгон Григоренко Петр Герасимович жетектеген.

 Бул илимий багыттын пайда болушу Кыргыз Республикасынын территориясын айыл-чарбасы, өнөр жай, тоо кен жана гидроэнергетикасы жактан, бөтөнчө ошол кезде начар изилденген гидрогеология жана инженердик геологиясы, өздөштүрүү үчүн өтө зарыл болуп тургандыгы менен шартталган болчу. П.Г. Григоренконун жетекчилиги астында жана анын өзүнүн катышуусу менен гидрогеология (В.С. Тютюкин, М.И. Глушкова. Д.И. Исаев, А.И. Корнеев), неоген-палеоген тектеринин неотектоникасы жана литологиясы боюнча (И.С. Садыбакасов, А.Т. Турдукулов, Т.С. Сарбаев ж.б.), төртүнчүлүк геология жана палеогляциология боюнча (М.А. Талипов, Ш.А. Кыдыров ж.б.), топурак (жер кыртышын таануу жана лëсс таануу боюнча (А.Г. Раздольский, К.Х. Исмаилахунов. Э.М. Мамыров ж.б.) изилдөөлөр аткарылган.

            Жергиликтүү тургундардын спецификалык оорулардын өрчүшүнө гидрогеологиялык жана шарттардын таасирин аныктоо иштери (П.Г. Григоренко, И.К. Ахунбаев, А.М. Максумов); кыртыш сууларынын таасири менен топурактын туздануу проблемаларын да аныктоо ж.б. иштер аткарылган.

            Сектор ондогон жылдары жалпы кайнозой геологиясынын илимий жана колдонмо проблемаларын изилдөө боюнча республикалык борбордун ролун аткарып турган.

            Фундаменталдык изилдөөлөрдүн арасынан төмөнкүлөрдү көрсөтсө болот:

            - артезиандык бассейндердин, гидрогеологиялык массивдердин жана Жер астындагы суулардын ич ара бөлүнүштөрүнүн зоналарынын ар кандай типтерин көрсөтүү менен Республиканын аймагын (территориясын) гидрогеологиялык райондоштуруу;

            - геоморфологиялык жана биостратиграфиялык берилгендердин негизинде таянчык кесилмелерди (Джергалан) изилдөө жана төртүнчүлүк тоо тектердин стратиграфиясынын жумушчу чиймесин (схемасын) иштеп чыгуу;

            - аймактарды ирригациялык (сугат тармакташтырууда) өздөштүрүүдө лесс тектеринин спаттарынын жана абалдарынын өзгөрүүлөрүн изилдөө;

            -Кыргызстандын тоолор аралык ойдуңдарынын шарттарында сугат жана кургатма жерлерди мелиоративдик – гидрогеологиялык жактан баалоонун усулдук негиздерин иштеп чыгуу.

            1970-1980-жылдары Жер астындагы сууларды соолуп калуудан жана булгануудан коргоо жана аларды рационалдуу пайдалануу боюнча усулдук иштеп чыгуулар, сугат жерлеринин абалын баалоо үчүн гидрогеологиялык негиздерди түзүү (табуу) ошол мезгилде (учурда) 2 лабораториядан турган гидрогеология жана инженердик геология бөлүмүнүн приоритеттүү багыт болот.

            Регионалдык гидрогеологиялык изилдөөлөр Чүй, Талас, Ысык-Көл алабдары боюнча, Ички Тянь-Шань ойдуңдарында жүргүзүлгөн. Төртүнчүлүк чөкмө тектердин фильтрленүү (сиңүү) сапаттарын изилдөө, кыртыш сууларынын курамынын жана деңгээлинин өзгөрүүлөрүнө байкоо жүргүзүү үчүн Ысык-Көл жана Чүй туруктуу тажырыйбалык участоктор уюштурулган болчу.

            Инженердик – геологиялык изилдөөлөр М.А. Талиповдун жетекчилиги астында жүргүзүлгөн (аткарылган): карстарды изилдөө боюнча (В.Н. Михалев), Чүй ойдуңунун лëсс  тектеринин пайда болуусунун теориялык негиздерин иштеп чыгуу алардын отуруп кетүүсүн жана туздануусун аныктоо, лëсс тектеринин таканчык кесимдерин изилдөө боюнча (Ш.Э. Усупаев, В.В. Сгибнев, Э.К. Исмаилакунов, Ч.У. Исмаилакунова, Б.Д. Молдобеков ж.б.), Сары – Жаз дарыясынын алабынын аймагында инженердик-геологиялык изилдөөлөр боюнча (С.А. Ерохин, Т.Д. Льянов ж.б.), ЭГП изилдөө боюнча. Ысык-Көл ойдуңунун жана Тажикистандын төртүнчүлүк тоо тектерин таянчык кесимдерин изилдөө боюнча башка уюмдардын алдыңкы адистери менен биргеликте иштер улантылып жатты.

            Сектордун, кийинчерээк бөлүмдүн, иштөөсүндө изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көпчүлүк учурларда мамлекеттик деңгээлде каралып, түздөн-түз эл чарбасында пайдаланылган. Илимий жыйынтыктар көлөмдүү монографиялык жалпыланган эмгектерде(Гидрогеология СССР, т. XI, 1971; Инженердик геология СССР,т. VII, 1978; «Нарын дарыясынын жогорку агымы алабынын гидрогеологиялык жана инженердик-геологиялык шарттары», 1975; «Чүй дарыясынын алабынын жер астындагы суулары жана аларды пайдалануунун келечеги (перспективасы)», 1979; ж.б. көптөгөн эмгектерде), темаланган жыйнактарда, макалаларда жана отчеттордо. Кандидаттык жана доктордук диссертациялар жакталды, көптөгөн кызматкерлер Москвадагы алдыңкы институттарынын жана университеттеринин максаттык аспирантураларында окуп өтүшкөн (Ш.Э. Усупаев, М.Н. Суйунбаев, Б.Д. Молдобеков, А.О. Мамытова ж.б.).

            Бөлүмдүн ишинин жыйынтыктары Кыргыз ССРинин Илимий-аныктоочу Атласында (1987): «Рельеф» бөлүкчөсү (П.Г. Григоренко, В.В. Нургазиева, В.П. Санькова); «Инженердик-геологиялык карта», «Гидрогеологиялык карта», «Минерал суулары» жана «Жер астындагы супсак суулардын табийгый ресурстары» карталары (П.Г. Григоренко, О.К. Ванина); «Чуй ойдуңунун гидрогеологдук-мелиоративдик райондоштурулушу» (Б.И. Иманкулов, М.А. Талипов, О.К. Ванина); «Төртүнчүлүк тоотектеринин картасы» (М.А. Талипов ж.б.) жана аларды коштоочу тексттер.

            Космостон тартылган сүрөт материалдардын негизинде ККИПР (1985-1989-ж.ж.), программасынын алкагында иштелип чыгып жана басмадан чыккандардан «инженердик-геологиялык карта» (М.А. Талипов, Ш.Э. Усупаев, Ч.У. Адылова, Т.В. Оролбаева) жана да география бөлүмү менен Кыргызстандын 1:500000 масштабдагы «Геоморфологиялык картасын (Ш.К. Качаганов, С.М. Ахмедов, В.П. Санькова ж.б., редактору О.К. Чедия) айтсак болот.

            1990-жылдардан тарта лаборатория, кийинчерээк инженердик геология тобу геология жана минералогия илимдеринин (Г.М.И.) доктору И.С. Садыбакасовдун жетекчилиги менен экзогендик геологиялык процесстердин жер бетинде пайда болушу жана анын өөрчүшү проблемалары менен иштейт. Бул изилдөөлөрдүн өзгөчөлүгү анын эң алдын регионалдык геологиялык факторлорду (неотектоника, геоморфология, литология жана MZ-KZ катмарларынын (тоотектеринин же чөкмөтектеринин)генезиси, сейсмикасы, көчкүлөрдүн, уроолордун, жылма шагылдардын пайда болуулары) кароодо жана аларга чоң маани бергендигинде эле.

            Бул иштердин негизги жыйынтыгы болуп «Кыргызстандын жана анын жакынкы чет жактарынын 1:500000 масштабдагы «Неотектоникалык картасы» (И.С. Садыбакасов, Ю.В. Жуков) жана анын негизинде 1:500000 масштабда түзүлгөн «Көчкүлөрдүн жана уроолордун өнүгүшүнүн божомол картасы» (В.П. Санькова, Ч.У. Утиров) жана да инженердик-геологиялык изилдөөлөр (Ш.Э. Усупаев) саналат.

            2003-ж. тарта бул изилдөөлөр инженердик геология жана геоэкология лабораториясында улантылууда. Ошондон бери мамбюджеттик долбоорлорду аткаруу ичинде төмөндөгүдөй жыйынтыктар алынды: алыскы аралыктан (дистанциялык) зондоштуруу (зондирование) нун материалдарын пайдалануу менен карталаштыруу (карта чийүү же түзүү) (1:200000 жана 1:100000 масштабда) жана Ысык-Көл ойдуңун курчаган тоо кыркаларындагы көчкүлөрдүн, уроолордун жана жылма шагылдардын каталогдору түзүлдү (2004-2006-ж.ж.), анын артынан (2007-2011-ж.ж.) бүткүл Ысык-Көл областыкы түзүлдү. Процесстердин өөрчүшүнүн мыйзам ченемдери жана негизги факторлору каралып чыкты, алардын геологиялык түзүлүш жана эң жаңы структуралар менен байланышы аныкталды, аталган процесстерге учураган (дуушар болгон) аймактарды (жерлерди) алардын жабыркаган деңгээлдерине карата райондоштуруу аткарылды (В.П.Санькова,Ж.Ж. Усубалиева,А.К.Касиев, Ч.У.Утиров). Палеосейсмодислокация иретинде карай турган уроолор менен көчкулөрдун өзгөчө топтошкон участоктору табылды, алардын латенттик жана үзүлгөн структуралар менен байланышы бар экендиги билинди. (Ч.У.Утиров).

Ушундай эле изилдөөлөр Нарын дубанынын тоолор аралык ойдуңдарында да жүргүзүлду (2012-2014-ж.ж.). Жумгал,Кара-Кужур,Ат Башы,Нарын ойдуңдарынынын тоо этектеринде жаңыдан өөрчуй баштаган участоктор карталаштырылды (картага түшүрүлдү). 2015-ж. тарта (бери) изилдөөлөр Чүй жана Талас дубандарында да жүргүзүлүүдө.

            КР ӨКМсынын тапшырыгы менен Геология боюнча жана жер байлыктарын агенттигинин инженердик геология партиясы менен бирдикте Чүй ойдуңун курчаган тоо кыркаларындагы көчкүлөрдү ири масштабда карталаштыруу (картага түшүрүү) аткарылды, алардын электрондук каталогдору түзүлдү жана ушундай көчкүлөрдүн рисктерин басаңдатуу боюнча реконмендациялар берилди. Лабораториянын кызматкерлери эл аралык долбоорлордун – кыргыз-швейцар «Беш-Бадам көчкүлөрү» жана ЮНЕСКОнун «Улуу Жибек жолунун эстеликтерин сактоо» ж.б. аткарылышына катышышты.

            КР УИАсынын инновациялык изилдөөлөрүнүн алкагында «Кара-Үңкүржана Көкарт дарыяларынын алабдарындагы көчкү процесстерин, селдерди жана жээк эрозиясын (жээктин жээлүүсүн) изилдөө жана алардын коркунучтарын, рисктерин басаңдатуу боюнча ишчараларды иштеп чыгуу» аттуу долбоор (2007-2009-ж.ж.) аткарылып ишке ашты (К.С. Сакиев – ил.жетекчи. В.П. Санькова – жооптуу аткаруучу жана аткаруучулар – А.К. Касиев, Ж.Ж. Усубалиева, Г.Т. Молдогазиева). Көчкүлөрдү иримасштабда карталаштыруу (картага түшүрүү) методикасы иштелип чыкты, бул карталарда көчкүлөрдүн орду жана мезгили боюнча пайда болушу жана өөрчүшунүн өзгөрүп туруусу да көрсөтүлөт.

            Геохимия тобу 1988-ж. апрель айында петрология лабораториясынын курамында геол.-минерал. илимдеринин кандидаттары К.А. Аманов. А.К. Грошев, Л.А. детыненко. Д.С. Туровский, В.М. Якимов, илимий кызматкерлер: Э.С. Зинурова, К.С. Филин ж.б. кирген. Ишмерлигинин алгачкы жылдарында бул топтун негизги максаты бул Фрунзе шаарынын жана анын тегерегиндеги территориялардагы кыртыштын абанын жана өсүмдүктөрдүн экологиялык абалын изилдөө болгон.

            1989-жылдан баштап, ушул эле иштер менен катар экологиялык изилдөөлөр төмөндөгү темалар боюнча башталат: «Кыргызстандын аймагынын зыяндуу химиялык заттар менен булганышынын динамикасы», «Кыргызстандын бийик тоолуу региондорундагы табигый жана антропогендик экогеохимиялык процесстердин өөрчүшүнүн динамикасы», «Кичи-Кемин өрөөнүндө сугат жерлердин экогеохимиялык сүрөтүн түшүрүү».

            1994-ж. баштап бул топ, жогорудагы иштер менен катар, КР Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте «Кыргызстандын Экогеохимиялык коопсуздугу жана аны такай көзөмөлдөө» деген мамлекеттик программа боюнча да экогеохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт. Бул программанын алкагында төмөндөгүдөй темалар боюнча иштер аткарылды: «Кыргызстандагы коркунучтуу техногендик-геохимиялык процессы», «Чүй йдуңунун урбандашкан (шаарлашкан) аймактарынын жана тоо-өнөр жай комплекстеринин райондорундагы техногендик булгануулардын динамикасы», «Кичи-Кемин өрөөнүндөгү жана Кант, Токмок шаарларынын аймактарындагы радиациялык абалдарды баалоо». Булиштердин жыйынтыгында аталган аймактардын экогеохимиялык жана радиометриялык карталары түзүлүп, алардын негизинде тиешелуу органдарга бул тыянактарды пайдалануу жана жер-жерлерде экологиялык кырдаалдарды жакшыртуу боюнча ишчараларды иштеп чыгууда эске алуу үчүн сунуш-пикирлер (рекомендациялар) берилди.

            2002-жылы экогеохимия тобун т.и.д., проф. К.А. Кожобаев жетектеди. Кийинчерээк бул топ жаңы түзүлгөн инженердик жана экологиялык геология лабораториясынын курамына кирген. «Геоэкология» илимий багытынын алкагында лабораториянын максаттары бири болуп Кыргызстандын тоо-кен өндүрүш региондорунун негизги экологиялык геохимиялык проблемаларды (көйгөйлөрдү) андан ары изилдөө жана алардын айлана чөйрөгө тийгизген терс таасирлерин алдын алуу боюнча сунуш-пикирлерди иштеп чыгуу саналган.

            Бул убакыттын ичинде лабораториянын кызматкерлери Чүй, Ысык-Көл, Нарын, а 2012-ж. баштап Талас дубандарынын кээ бир объекттеринде экогеохимиялык изилдөөлөрдү (оор металлдар менен булгануу жана радиоактивдуу нурдануу) жүргүзүштү.

            Аталган дубандардын аймактарында (территорияларында) бир топ экологиялык көйгөйтуудурган жерлер жана объекттер табылып изилденген (К.А. Аманов, К.А. Кожобаев, А.К. Касиев, Г.Т. Молдогазиева), алардын акырындап оор кырдаалдарга да алып келиши көрсөтүлгөн. 1964-ж Ак-Туз кендигинин №2 калдыксактагычынын тосмосунун (дамбасынын) жырылып кетишинен улам пайда болгон экологиялык катастрофанын кесепеттери эмдигиче толук жоюлбаганы аныкталды. Кээ бир жерлерде, бөтөнчө Кичи-Кемин дарыясынын ортоңку агымынын өрөөндөрүндө көп эле жерлерде гамма-Нурдануунун интенсивдүлүгү (күчү) 100 микрорентген /сааттан ашат. Ошол эле жерлерде коргошун ж.б. коркунучтуу (зыяндуу) химиялык элементтердин жогорулаган концентрациялары топурак кыртыштарында, өсүмдүктөрдө да табылган.

            Мурдагы Кажы – Сай кендигин аймагында (территориясында) жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин кээ бир жерлеринде мурда белгисиз, ошол себептен белгиленип курчалбаган (тосулбаган) радиоактивдүү участоктор табылып, радиометриялык карталарга түшүрүлгөн (К.а. Аманов, А.К. Касиев, К.А. Кожобаев).

            Кыртыш сууларынын мүмкүн болуучу жер үстүндөгүбулгоочу булактардан сактоо (коргоо) деңгээлин баалоонун модернделген (жаңылыктанган) методикасы (усулу) жана жаңы шкала сунушталган (К.а.Кожобаев, Г.Т. Молдогазиева). Бул методика менен (методиканын жардамы менен) кээ бир өрөөн участоктордун кыртыш сууларынын коргонуу деңгээлин (мүмкүнчүлүгүнүн) баалоо жүргүзүлүп, алардын өтө начар корголгондордун катарына кошулаарын аныкташкан. Тактап (деталдап) жүргүзүлгөн изилдөөлөркөрсөткөндөй, кыртыш сууларынын табийгый корголушунун начарлыгынын натыйжасында кыртыш сууларынын агымы боюнча жайгашкан бир эле айылдын чегинде суу айылдын жогору жагында сапаттуу, орто жана ылдый жактарында көбүнчө ичкенге коркунучтуу боло баштаганы аныкталган.

            Кумтөр алтын кенинин иштетилишинин Кумтөр жана Нарын дарыяларынын сууларынын микрокомпоненттик курамына тийгизген таасири да изилденип жатат (К.А. Кожобаев, С.Т. Оторова).

            Лабораториянын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары жана сунуш-пикирлери КР ӨКМге, ЖКга. КР Өкмөтүнө, дубандык (областтык жана райондук) мамбашкармалыктарына тездетилген алдын ала чараларды көрүү үчүн жөнөтүлүп турат.

Учурда Инженердик жана экологиялык геология лабораториясы мурдагыдай эле эки багыт боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө: а) экзогендик геологиялык жараяндардын – жер көчкүлөрдун, уроолордун, шагылдардын - пайда болуусунун жана өөрчүшүнүн мыйзам ченемдерин изилдөө; б) тоо-кен өнөр жай комплекстеринин, ишканалардын, мекемелердин жана эл жашаган жайлардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирлерин изилдөө. Бул изилдөөлөрдүн негизги максаты - геоэкологиялык опурталдуулуктардын (рисктердин) алдын алуу жана аларды басаңдатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуунун жана баалоонун илимий негиздерин түзүү болуп эсептелет. Бюджеттик изилдөөлөрдөн тышкары лабораториянын кызматкерлери регионалдык эана эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда, башка да пландан тышкаркы иштерде катышып келатышат.

            2010-2011 жылдары Кожобаев К.А. «Табигый кырсыктардан Ош облусундагы жалпы билим берүү мекемелеринин опурталдуулугун баалоо» аттуу Ага хан фонду жана Европа биримдиги каржылаган жана ӨКМинистрлигинен, ОАО «КыргызГИИЗ»-дин Оштогу филиалынын жана КНИИПСС-тин адистери ишке ашырган долбоордун илимий консультанты болгон. Бул долбоор DIPECHO – VI«Кыргызстандын жана Тажикстандын табигый кырсыктарга дуушар болгон алыскы бийик тоолуу коомдорго көмөктөшүү» деген чоң узак долбоордун бөлүгү болчу.

2012-2016гг Кожобаев К.А. NATOнун: SfP 983945 «Борбор Азиядагы трансчектик суулардын кирдешин баалоо» аттуу долбоордун регионалдык директорунун орун басары болуп иштеген. Долбоордо Казак, Кыргыз, Өзбек жана Тажик Республикаларынын окумуштуулары катышкан.

Лабораторияда бир топ манилүү маалыматтардын базасы түзүлгөн, инженердик-геологиялык изилдөөлөр үчүн керектүү кээ бир аспаптар жана курал-жабдыктар бар жана биз бардык кызыктар болгон уюм-мекемелер жана адистер менен тыгыз кызматташтыкка даярбыз.