Menu

  

    

 

Металлогения жана кен пайда болуу лабораториясы2010-жылы бир нече лабораториялардын кошулушунан жаралган, ал лабораториялар кендердин жайгашуу жана пайда болуу шарттарын изилдешкен. Ар кайсы жылдары бул лаборатириялардын жетекчилери: А.И. Денисов, И.Д. Турдукеев, И.И. Войтович, Р.Д Дженчураева. Геология институтунда металлогениялык анализдөө жана кендерди изилдөө боюнча жалгыз лаборатория болуп эсептелет.

2010-2015-жылдары лабораторияны академик Р.Д. Дженчураева жетектеген, 2015-жылдан тартып Н.Т.Пак болгон.

 Лабораториянын башкы илимий багыты бул кендердин пайда болуу шарттарын жана жер катмарынын геологиялык тарыхында кендердин жайгашуу иретин изилдөө, ошондой эле салттуу (традициялык) кендерди изилдөө жана Кыргыз Тянь-Шаньдын традициялык эмес кен түрлөрүн алдын алуу.

Металлогения жана кен пайда болуу лабораториясынын негизги курамы метасоматоз лабораториясынан сакталып калган. Ар кайсы жылдары лабораториянын кызматкерлери жогорку температурадагы метасоматиттер – скарндар боюнча монографияларды басып чыккан: «Гавасайдын рудалануусу жана скарндары», «Ортоңку Тянь-Шаньдын скарндары». Орто жана төмөнку температуралык метасоматиттер жез-алтын порфирдик, алтын-вольфрамдык, алтын жана сейрек кездешүүчу элементтердин мисалында терең изилденген.Бул изилдөөлөр кендердин зоналарын аныктоо жана минералдаштыруу чөйрөнү кен топтолгон жайларда тереңдигин жана туурасын табуу, ошол аркылуу изилдеген кендин келечегин кеңейтүү болот.    

Кийинчерээк лабораториянын кызыкчылыктары кенейген. Метасоматиттердин минералдашуусун изилдөө учурунда супер чоң кен жайларынын түзүлүү шарттарын, куполаралык структуралар, көмүртектүү породалардын минералдашуусу ж.б. Р.Дж.Дженчураеванын жетектөөсүндө лабораториянын илимпоздору алтын жана жез–порфирдик кен жайларынын метасоматиттери боюнча кандидаттык диссертацияларды жакташкан. 1990-жылы Р.Дж.Дженчураева «Түндүк жана Ортоңку Тянь-Шаньдын метасоматиттеринин формациялары жана алардын рудалуулугу» боюнча доктордук диссертациясын жактаган. 

Лаборатория пайдалуу кендердин геологиясы, металлогения жана геодинамика боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн, ийгиликтүү каттоо жалпы геологиялык мыйзамдарынын Тянь-Шаньдын металлогениясын аныктоо негизги ыкмалары болуп саналат да божомолдоо базаны иштеп чыккан. Кыргызстандын (Кумтор, Джеруй, Талды-Булак Левобережный, Макмал, Актюз ж.б.) негизги кен жайларынын типтери боюнча мамлекеттик программанын негизинде жеке жана интегралдык моделдери курулган. «Чаарташ тоолорунун рудалуу метасоматиттеринин формациялары (Макмал), 1992», «Кыргызстандын алтын кендеринин геологиясы, 2006», «Геодинамика, металлогения жана рудогенез, 2010», «Тянь-Шаньдын геодинамикасы жана рудалануусу (УИАнын Геология институтунун жамааты), 2014», «Тянь-Шаньдын көмүртектүүкатмарларынын металлогениясы, 2015». 

Практикалык өздөштүрүүүчүн ар кайсы геологиялык уюмдарга, алардын ичинде АКШ, Япония, Канаданын геологиялык уюмдарына 20-дан ашык ишке киргизүүлөр болгон.

Эл аралык жана региондук геологиялык долбоорлордун негизинде өндүрүштүн геологдору менен жаны иштеп чыгууларишке ашкан: «Сутуралык аймактардын минерагениясы», «Россия, СНГ мамлекеттеринин жана чектеш мамлекеттердин геологиялык картасынын ГИС – Атласы,1: 2 500 000масштабында», «Рудалуу кендердин негизги типтеринин Атласы», «Тянь-Шаньдын металлогениялык картасы 1:1 000 000 масштабында» ж.б. 

Ар кайсы жылдары түзүлгөн карталар: «Ортоңку Тянь-Шаньдын метасоматиттик формацияларынын картасы, 1:200000 масштабында», «Металлогениялык карта,  1:500000 масштабында», «Кыргызстан аймагынын алтынкендүү картасы 1:500000 масштабында» ж.б. Кээ бир карталар, геодинамикалык негизде түзүлгөн, алар Борбордук Азиянын 1:2500000масштабындагы карталарынын Атласына киргизилген. Мындай карталар Борбо Азиянын мамлекеттеринин ичинде Кыргызстан үчүн биринчи жолу түзүлгөн карталар болуп эсептелет. Бул жумуштардын жыйынтыктоочу документи болуп тектоника жана стратиграфия, метаморфдук формациялар лабораториялары менен биргелешип жасалган «Кыргызстандын металлогениялык картасы 1:1000000 масштабында» Лондон шаарында 2001-жылы басылып чыккан.

Акыркы жылдары алтын, жез, вольфрам, сурьма, сейрек кездешүүчү жерлердин металлогениялык жалпылоочу жумуштары жүргүзүлгөн.

Австралия, Англия, Китай, Норвегия, Финляндия, Япония, Россия, АКШ ж.б. мамлекеттердин геологиялык уюмдары менен лаборатория терен кызматташууда. Биргелешкен эл аралык долбоорлордун негизинде Норвегия, Кытай, Япония университеттеринде кадрларды даярдоо жүргүзүлүп жатат.

Азыркы учурда 2017-жылы лабораториянын ичинде 11 илимпоз эмгектенет.

Пак Н.Т. – лабораториянын жетекчиси, геология жана минералогиялык илимдердин кандидаты, ишмердиги Кыргызстандын алтын кендеринин геологиясы жана металлогениясы. Ал аркылуу алтындын метасоматикалык формациялары, чоң алтын кендеринин метасоматикалык аймагынын модели, пирит формасынын эволюциясы изилденген. Биргелешип бул иштеп чыгуулариздөө критерийлери жана өзгөчөлүктөрүболуп колдонулат, ошондой эле алтын рудалануусун божомолдоп баалоодо. Ошондой эле сейрек кездешүүчүметаллдардын жана сейрек кездешүүчү жерлердин металлогениясын изилдөөдө. Анын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары 60 илимий эмгектерде жана 4 монографияда басылып чыккан.

Дженчураева Р.Д. -башкы илимий кызматкер, КР УИА академиги, геология-минералогия илимдеринин доктору. Металлогениялык анализ жана Тянь-Шань аймагынын рудалуулугунбожомолдоо теориялык негизин иштеп чыгуу жана баалоо изилдөөлөрүн жетектейт. Кыргызстанда Р.Д.Дженчураева рудалуу метасоматизмдин формациялык анализи боюнча илимий багыт жанамектеп түзгөн. Тянь-Шаньдын жана ага караштуу аймактардын металлогениялык анализи, плиталардын тектоникасы жагынан жана рудалуу кендүүжерлердин модельдери көптөгөн макалалар жана монографияларда чагылдырылган.

Мезгин И.А. – улук илимий кызматкер. Көптөгөн жылдар бою алтындыннегизги жана чачынды кендерин комплекстүү изилдөөдө. Изилдөөнун негизинде чачынды алтын кендеринин ариддик тоолуу аймактарда пайда болуу модели иштелип чыккан. Алтындын аралык жыйноочулары ачылган. Чачынды алтындын негизинде негизги алтын кендерин издөө критерийлери иштелип чыккан. Кыргызстандын мезо-кайнозой заманынын катмарлары боюнча адис, ошондой эле чачынды алтындардын геологиясы боюнча эксперт. “Кенди биринчи жолу ачкан” наамдын ээси.

Ивлева Е.А. – улук илимий кызматкер, Кыргызстандын метаморфдук формациялары жанарудалуу кендердинметаллогениясы боюнча адис. Изилдөөиштери: Тянь-Шаньдын депрессиондук структураларынын урандуулугу, вольфрам, сурьма, алтын, сейрек кездешүүчүжерлердинрудалануусунун металлогениясы, рудалуу аймактардын геодонамикалык тарыхы.

Розживин О.Д. – улук илимий кызматкер, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, кен аймактарынын металлогениясын, Кыргызстандын кен аймактарын жана профинцияларын изилдөөдө. Кен ресурстарын компютердик баалоо боюнча адис.  Россияга (Наталкинское, Олимпиада, Куранах), Казахстанга (Васильковское, Ридер-Сокольное) жана Таджикистанга (Кони Мансур) эксперт катары алтын жана полиметалдарды балоо учун чакырылгын.

Усманов И.А. - улук илимий кызматкер, геология жана рудалык минералогия тармагында изилдөөлөрдү жүргүзөт. Көп жылдан бери Кыргызстандын алтын кендерин изилдейт. Азыркы убакытта прецизиондук ыкмалардын негизинде Кумтор кенинин минералдык түзүлүшүн терең изилдеп чыккан. Теллуриддерди терең изилдеп, изилдөөлөрдүн негизинде Кумтөр үчүн жаңы минералдар ачылган.

Чарский В.П. - улук илимий кызматкер, геология-минералогия илимдеринин кандидаты, изилдөө кызыкчылыгы бул рудалардын заттык курамы, алардын физикалык жана химиялык касиеттеринин негизинде минералдардын мейкиндик бөлүштүрүүсүнүнмыйзамченемдүүлүгүн аныктоо.

Джумагулов У. – кенже илимий кызматкер. Сейрек кездешүүчү элементтердин жана алтын кендеринин аймактарын изилдейт. Норвегия жана Кытай шаарларында окуп келген.

Бережная Л. – улук илимий кызматкер. Минералогия, петрография жана рудаларды микроспопдук изилдөө боюнча адис.

Азыркы учурда, 2017-жылы лабораториянын 2 жаш адиси Кытай мамлекетинде аспирантурада окуп PhD дисертацияларын даярдоодо.