Menu

  

    

 

Тектоника жана стратиграфия лабораториясы Тянь-Шандагы байыркы убакта пайда болгонтектерди изилдеген мыкты изилдөөчү – Валерий Григорьевич Королевдун күч-аракети менен 1957-жылы Институтта жаралган түзүлүштү улантуучу болуп саналат.

Институтта көп жылдардан бери артыкчылыкка ээ болуп калган  кембрийге чейинки катмарларын бир багытта ийгиликтүү жана ар тараптуу изилдөө 70-жылдардын башында эле СССР менен чет мамлекеттер арасында кеңири таанымал болгон илимий мектептин түзүлүшүнө алып келген.

Лабораториядагы изилдөөлөрдүн бир катар багыттары өз алдынча лабораторияларга чейин өсүп жеткен: метаморфдук формациялар, изотоптук  геология жана геохронология, литология, геодинамика.

2000-жылга карата илимий мектептин негизги багыттарына төмөнкүлөр кирген: 

а) Институттун жогорку квалификациядагы кадрларын даярдоо.

б) Тянь-Шандын жана Орто Азия, Казакстан, Кытай менен чектешкен аймактардын кембрийге чейинки стратиграфиясынын азыркы аймактык схемаларын жана аймактар аралык корреляциясын түзүү;

в) Кечки докембрийдин негизги чектерин СССРдинЖалпы Шкаласындагеохронологиялык негиздөөгө олуттуу салым кошуу;

г) Тянь-Шанда байыркы убакта пайда болгонтектердин тектоникасы жанажердеги катмарлардын калыптанышынын мыйзам ченемдүүлүгү боюнча жалпылаштыруу;

д) «Кыргызстандынметаллогениялык картасын 1:500 000 м-б» (2001) түзүү.

Өз чыгармачылык жолдорун Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги А.Б. Бакиров, белгилүү палеонтологдор: А.Я. Галицкая (Гладченко), М.Б. Зима, Р.Е. Риненберг, З.Н. Пояркова, Р.Н. Огурцова, А.М. Мамбетовдор лабораторияда эмгектенүү менен баштаган. 

Бүгүнкү күндө лабораторияда геологиялык-минералогиялык илимдеринин докторлору:  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Р. А. Максумова, проф.  А.В. Дженчураева, М.Д. Гесь, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимий ишмери, проф. В.В. Киселев, геология-минералогия илиминин кандидаты Ф.Х. Апаяров; илимий кызматкерлер: О.Ф. Гетман, А.А. Бакиров, А.З. Алияскарова; жана инженерлер: Ж.Д. Намазбекова, Б. Зима атуу илимпоздор эмгектенишет.

Лабораториянын кызматкерлери эл аралык долбоорлорго катышып келишкен: «Борбордук Евразиянын түзүлүшүнүн, литологиялык-палеогеографиялык, палинспастикалык жана геоэкологиялык картасынын атласы (1998-2002-жылдар)», «Борбордук Евразиянын чектешкен чөкмө бассейндерининжанарудалык райондорунун геологиясы, геодинамикасы жанаминерагениясы (2002-2005-жылдар)».

Лабораторияда жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары авторлордун көптөгөн басылмаларында баяндалып, карталарда чагылдырылган, көптөгөн эл аралык форумдарда, анын ичинде ЭГКнын 27-сессиясынан тартып мамлекеттер аралык конференциялардын бардык сессияларында сунушталган.

Киселев В.В. – лабораториянын башчысы, геологиялык-минералогиялык илимдеринин доктору, профессор (геология), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимий ишмери.

Ал 100 ашык илимий эмгекти, анын ичинде 7 монографияны жаратып, ар башка масштабдарда геологиялык жана тектоникалык карталарды жарыялаган. Анын изилдөөлөрү жер катмарларынын кембрийге чейинки стратиграфиясы жана тектоникасы тармагындагы тематикалык тапшырмалар, аймактык жана Жалпы Стратиграфиялык Шкалаларды иштеп чыгуу,  изотоптук геохронология менен коштолгон. 1998-жылдан баштап мунай-газга байланыштуу Тянь-Шань платформасынын ичиндеги орогендин  мезокайнозой түзүлүшү, ошондой эле  палеогеодинамика көйгөйлөрү өзгөчө көңүл бөлүнгөн объектиге айланган. Илимий-изилдөө  иши окутуу ишмердигине туура келет. 

Максумова Р.А. – геологиялык-минералогиялык илимдеринин доктору:  Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор, кен байлык чыккан жерди изилдөө боюнча Эл аралык ассоциациянын Геологдор улуттук комитетинин мүчөсү.

Тянь-Шандын байыркы катмарларынын стратиграфиясын, литологиясын, тектоникасын изилдеген белгилүү изилдөөчү. Орто Азия менен Түштүк Казакстандын Кембрийге чейинки жана астыңкыпалеозойдун стратиграфиясынын көптөгөн схемаларын түзгөн автор болуп саналат. Стратиграфия иштеринде түзүлгөн жагдай чөкмө бассейндердин эволюциясын изилдөө, пайдалуу кендерди калыптандыруу жана жайгаштыруу боюнча жана дүйнөлүк практикада жаңы пайда болгон багыттын алкагында Р. А. Максумованын илимий иштерине, иштеп чыгууларына бекем пайдубал боло алды, иштин маанисин аныктады.  Тектоникалык түзүлүштү талдоо менен айкалышкан литологиялык-стратиграфиялык жыйынтыктардын терең геологиялык синтези плиталык тектониканын моделин колдонуу менен байыркы доорго карата жер кыртышынын эволюциясы боюнча концепцияга олуттуу салым кошууга  Р. А. Максумовага мүмкүндүк берди. КМТУнун Тоо иши жана тоо технологиялары институтунун студенттери үчүн лекциялар курсун окуу менен геология кадрларын даярдайт.

Дженчураева А.В. - геологиялык-минералогиялык илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия (Славян) университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын геология кызматынын эмгек сиңирген кызматчысы.

Кызыккан илимий темалары Тянь-Шандын үстүңкү палеозойунун фораминиферлери,  биостратиграфисы, фациялары, палеогеографиясы жана мунай-газ көйгөйлөрүн изилдөө менен байланышкан. Изилдөө ишинин натыйжалары өзүбүздөн чыккан жана чет өлкө журналдарында 100 ашык эмгектерде, анын ичинде монографиялар – «Түркстан-Алайдын түндүк бетинин ортоңкукарбон катмарларынын стратиграфиясы жана фораминиферлери» жана «Ортоңку Тянь-Шандын үстүңкү палеозойунун стратиграфиясы жана литологиясы», ошондой эле «Борбордук Евразиянын литологиялык-стратиграфиялык карталар атласы» жарыяланган.

Апаяров Ф.Х. – улуу илимий кызматкер, геологиялык-минералогиялык илимдеринин кандидаты,  Тянь-Шаньдынстратиграфиясы, магматизми, геохронологиясы, тектоникасы жана геодинамикасы жаатында адис болуп саналат.

Ал 1:50000 масштабында Талас Ала-Тоосунун жана 1:200 000 масштабында Кыргыз Ала-тоо кыркаларынын батыш бөлүгүнүн геологиялык карталарын түзгөн. Геологиялык карталарга карата легендалар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик геологиялык агенттигинин редакциялык коллегиясы менен бекитилген жана аларга таянуу менен мамлекеттик геологиялык иштер жүргүзүлөт. Изилдөөнүн жыйынтыктары 30 ашык илимий эмгектерде, мамлекеттик геологиялык съемка боюнча отчёттордо, аянттарды геологиялык изилдөөлөрдөгү эмгектерде жарыяланган. 

Шилов Г. Г. - улуу илимий кызматкер.  Түндүк жана Ортоңку Тянь-Шандынпалеозойдуккатмарларынынстратиграфиясын, тектоникасын жанагеодинамикасын изилдейт.  Бир канча эмгек жылдарын Түштүк Тянь-Шандын чыгыш бөлүгүн, анын куймасы Эңилчек өрөөнүнөн тартып Какшаал тоо кыркасына чейин Сары-Жаз дарыясынын төмөнкү аймагын изилдөөгө арнаган.  39 илимий эмгектин, анын ичинде 6 монографиянын автору жана тең автору. Ортоңку масштабдагы тектоникалык карталарды, ортоңку жана чакан  масштабдагы сейсмикалык райондорду бөлүү карталарын түзүүгө катышкан. Бүгүнкү күндө Түндүк жана Ортоңку Тянь-Шандын чегинде өрчүгөн палеозой курагында топтолуунун калыңдыгын жараткан геодинамикалык  жагдайды изилдөө, ошондой эле ошол аймактарда вулкан тектүү жана вулкан-чөкмө тектүү генезисдеги палеозойдук таянган кесиктердиизилдөө жана сүрөттөө менен алектенет.