Menu

  

    

 

Түзүлүш тарыхы

1965 жылы Кыргыз ССРнин Илимдер академиясынын (ИА)физика жана тоотектердин механикасы Институтунда бургулоочу техникаларды комплекстүү механизациялоонун жана автоматташтыруунун илимий негиздеринин бөлүмү негизделген. 

1970ж. бөлүмдүн коллективи Кыргыз ССРнин автоматика Институтуна которулуп тоо-тек машинелерин таануу жана механика бөлүмү болуп кайта өзгөртүлгөн

1988 ж. автоматика Институнун «Импульс» Илимий-инженердик борбору (ИИБ) түзүлгөн.

1990 ж. Импульс ИИБ Кыргыз ССРнин  илимдер академиясынын өз алдынча бөлүмү статусуна ээ болуп кайта өзгөртүлгөн (08.01.90 жылдагы ИА нын №1 буйругу) 

1992 жылы «Импульс» Илимий-инженердик борбору машине таануу Институту болуп кайта өзгөртүлгөн (12.11.92 жылы юстиция министрлигинде катталган жана № 3852 мамлекеттик реестрге киргизилген, КР ИАнын 18.09.93 жылкы № 19 токтому)

Жетекчилер

1965-1992 жылдары - Кыргыз ССРнин ИАнын академиги О.Д. Алимов;

1992-1993 жылдары – т.и.д. В.К.Манжосов;

1993-1994 жылдары –т.и.д. КР ИА корр. мүчөсү С.Абдраимов;

1995 – 2017 жылдары –т.и.д. КР ИА академиги М.С.Джуматаев;

2017 жылдан - т.и.д. Б.С. Султаналиев.

Институттун ишкердиги

Институтта 6 илимий – изилдөө лабораториясы, инновациялар жана инновациялык техника бөлүмү жана тажрыйбалык өндүрүштүү «Шакирт» инженердик борбору иш алып барышат

Институттун негизги илимий изилдөө багыттары төмөндөгүлөр:

күч соккулук системдүү өзгөрүлмө түзүмдүү машинелердин илимий негиздерин жана алардын негизинде ар кандай тармакка колдонулуучу өзгөрүлмө түзүмдүү механизмдерди жана машинелердитүзүү;

күч соккулук системдеринин жана ургу машинелеринин теориясыништеп чыгуу жана тоо-тек иштеринде, курулуштаколдонулуучу энерго жана материал үнөмдөөчү чоң өндүрүмдүү агрегаттарды, машинелерди түзүү

Машине таануу Институтунун өнүгүү тарыхын үч мезгилгебөлсө болот: биринчи мезгил – илимий мектептин калыптануусу жана тоо-тек машинелерин таануу жана машинелердин механикасы чөйрөлөрүндөгү негиздүү жана колдонмо изилдөөлөрдүн интенсивдүү өнүгүүсү (1965-1980- жылдар), экинчи мезгил – лабораториялар, алдынкы негиздүү изилдөөлөр тажрыйбалуу өндүрүш менен биригип «Импульс» Илимий-инженердик борборунун түзүлгөн мезгили (1980- 1990- жылдарынын башы) жана үчүнчү мезгил Республиканын көз карандысыздык учурундагы Институттун өнүгүүсү.

Машине таануу Институтунун жана илимий-инженердик борбордун проблематикаларынын түзүлүшү, баштапкы этапта негиздүү жана колдонмо изилдөөлөрдүн өнүгүүсү ошол убактагы Кыргыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү О.Д. Алимовдун ишмердүүлүгү менен байланышкан.

Академиктер О.Д. Алимов, А.В. Фролов, М.Т. Мамасаидов, М.С. Джуматаев;корреспондент мүчө; С. Абдраимов;техникаилимдеринин  докторлору В.К. Манжосов, С.А. Басов, Л.Т. Дворников, В.Э. Еремьянц, Е.Б. Бексалов, Ю.М. Сосновский,
Т.О. Невенчанная, К.Д. Турсунов, М. Ураимов, А.О. Абидов, А. Каримов,
Э.С. Абдраимов, А. Аширалиев,  М.З. Алмаматов, Б.С. Султаналиев, С.С. Искенов машине куруу жана тоо-тек иштери үчүн машинелерди түзүүдөгү теоретикалык жана тажрыйбалык изилдөөлөргө чоң салым кошушкан.

Гидравликалык күч соккулук системдердин теориясы боюнча жумуштар техникаилимдеринин  докторлоруС.А. Басовтун, М. Ураимовтун, С.С. Искеновтун, Б.С. Султаналиевтин жана техникаилимдерининкандидаттары Ж. У. Усубалиевтин, А. Ызабековтун, А.Ф. Коршуновтун, Б.Р. Матвеевтин, П.П. Закаряндын, К.Р. Усмановтун, С.И. Квитконун, Д.Мелис уулунун, Б.Т. Жоробековтун, К.К. Орозовдун изилдөөлөрүндө камтылган.

Бургулоо агрегаттарынын теориясын жана тажрыйбасын түзүү боюнча жумуштар техникаилимдеринин  докторлоруМ.Т. Мамасаидовтун,  Е.Б. Бексаловтун, А. Аширалиевтин, С.С. Искеновтун.,жана техникаилимдерининкандидаттары Л.И. Старковтун, Б.В. Фоминдин, М.А. Пак, И.С. Волоскованын, В.В. Волосковтун,  А.В. Анохиндин, В.В. Воронкиндин, Р.К. Тувальбаевтын, В.А. Яхонтовтун, М.Д. Дандыбаевтин, В.Л. Герцевтин, А.А. Исмаиловтун, К.Н. Касымалиевтин, С.Г. Горбачевтун, В.Б. Васильевтин изилдөөлөрүндө камтылган.

1976 ж. О.Д. Алимов, С.А. Басов, Л.Т. Дворников, А.Н. Волков, Н.С. Колодяжный, В.К. Манжосов, А. Тентимишев, Ж. Усубалиев, А.В. Фролов, Б.В. Фомин бургулоочу техниканы конструкциялаган жана пайдаланган илимий негиздөөчү эсептерин иштеп чыгышкандыгы үчүнКыргыз ССРнин илим жана техника чөйрөсүндө Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреттары наамдары менен сыйланышкан.

Жаратылыш таштарынын сапсалгыларын чыгаруу жана иштетүү комплекстерин түзүү боюнчажумуштар техникаилимдеринин  докторлоруМ.Т. Мамасаидовтун,Р.А. Мендекеевтин,техникаилимдерининкандидаттары В. Г. Юдиндин, Э.К. Ажибаевтин, Д.Асаналиевтин, Р.К. Тувальбаевтын, К.Т. Эликбаевтин изилдөөлөрүндө камтылган.

Иштеткич жана башкаруу системдеринин теориясы боюнча жумуштартехникаилимдерининдокторуА. В. ФроловтунтехникаилимдерининкандидаттарыА. Бообековтун, Ю. В. Кудруктун, П. С. Туровскийдин, А. Тентимишевтин, А. В. Праховдун, В. П. Кондратьевдин, Л.Р. Еникееванын, М. Арзиевдин, М.Т. Токтобекованын, А.А. Цокуренконун, А.А. Землянскийдин изилдөөлөрүндө толукталган.

Техникаилимдеринин  докторлору В.К. Манжосов,А.Д. Обозовтехникаилимдерининкандидаттары В. П. Филипповский, Б. А. Шевченко, Н. О. Лукутина, Н. Джолдошев, К.С. Кожаковэлектромеханикалык соккулук генераторлорду түзүү теориясын жана тажрыйбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошушкан.

Сокку теориясы боюнча жумуштардын өнүгүшүнө техникаилимдеринин доктору
В.Э. Еремьянцтын жана техникаилимдерининкандидаттары И.Д. Шапошниковтун,
А. Лисовскийдин, Ю.В. Невенчанныйдын, Н.Г. Писаренконун изилдөөлөрү түрткү берген.

 

Космостук тематикадагы жумуштар үчүн О.Д. Алимовго СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган,А.В. Фролов, В.К. Манжосов жана Ю.В. Кудрук өкмөттүн сыйлыктарын алышкан, С. Абдраимов, В.Э. Еремьянц, М.Т. Мамасаидов, В.П. Филипповский, Б.А. Шевченко Кыргызсандын Ленин комсомолунун сыйлыктарын алышкан.

 

Техникаилимдеринин  докторлору С. Абдраимов, Т.О. Невенчанный, М.С. Джуматаев, К. Турсунов, А.О. Абидов, А. Каримов,  Э.С.Абдраимов, М.З. Алмаматов, , К.Ж. Зиялиев, техникаилимдерининкандидаттары А.Д. Ташматов, Т.Т. Каримбаев, Л.М. Мартыненко, В.В.Воронкин, И.Шергалиев, А.А. Абытов, С. Касымбеков, М.И.Алиев, С. Бегалиев, Т.Э. Белеков, М.Т.Молдокеев, Д.К.Аканов, Ю.А.Фокин, М.Д.Текеев, Р.С. Халмуратов, Н.С. Абдраимова, М.М. Кукчаев, А.К. Кадыркулов, С.Г. Горбачев, Е.С.Дандыбаев, И.И. Абдырахманов, З.А Уркунов, А.А. Кошбаев,  А.А. Каримов, Р.Р. Пакирдинов,  Н.Т. Саадабаев, А.А. Абдираимов, А.Ж. Баялиев, Б.М. Касымалиев,өзгөрүлмө түзүмдүү механизмдердин теориясын түзүүдө чоң салым кошушкан.

Инститтун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча монографиялар, сөздүктөр, окуу-методикалык колдонмолор басылып чыккан, алардын ичинде:«Өзгөрүлмө түзүмдүү тегиздиктеги механизмдердин түзүмүн түзмөлөө», «Өзгөрүлмө түзүмдүү ургулук механизмдүү ургу балканын динамикасы»«Өзгөрүлмө түзүмдүү механизмдүү кошкучсуз электромеханикалык пресстер», «Машинелердеги ургу жараяндарды эсептөө»,«Бургулоо агрегаттарынын жеткирүүчү механизмдеринин өлчөмөзгөрткүчтөрүн тандоонун методикалык негизи», «Импульс» гидравликалык барскандарын өндүрүү жана пайдалануу тажрыйбасын жалпыландыруу, түзүү негиздери»«Чоң кубаттуу машинелерди түзүү мененөзгөрүлмө түзүмдүү төрт того-допшолуу механизмдердин кинематикалык жана динамикалык анализи»,«Универсалдуу бургулоочу машинелер», «Ургу түйүнү кинематикалык чечилмелүү допшо-калтектүү кол ургу механизмдери», «Эки өзгөчө абалдуу допшо-калтектүү механизмдер», «Гидрокөлөмдүү ургу механизмдердин жана машинелердин динамикасы»

Институтта 1997 жылдан 2014 жылга чейин үзгүлтүксүз «Машиноведение» илимий эмгектердин жыйнагы басылып чыгып турду (9 чыгарылыш басылып чыкты), 2015 жылдан өзгөрүлмө түзүмдүү машинелердин механикасына жана күч соккулук системдердин теориясына, чоң басымдуу дирилдеген агымдын кыймылынын теориясын түзүүгө, тоо-тек жумуштарына машинелерди жана агрегаттарды түзүүгө, курулушка, энергетикага жана машине курууга арналган изилдөөлөрдүн макалалары «Машиноведение»илимий-техникалык журналына чыгып баштады (3 чыгарылыш басылып чыкты).