Menu

  

    

 

Институттун түзүлүү тарыхы

Кыргызстанда математика боюнча систематикалык изилдөөлөр 1940 - жылдагы професссор   Г.А. Сухомлинов жетектеген семинардан башталган. Бул семинарды 1949-1965-жылдары профессор Я.В.Быков (1960-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган) жетектеген, ал эми жалпы республикалык даражага көтөрүлгөн ушул эле семинарды 1966-жылдан баштап Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги (1979), СССР илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (1981) М.И.Иманалиев жетектеп, семинарды Институтта өткөрө баштаган.

1955-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясынын Президиумунун астында, түзүмүндө андагы илимдин кандидаты Я.В.Быков жана М.И.Иманалиев болгон, физика, математика жана механика Бөлүмү ачылган. 1960-жылы бул Бөлүм физика, математика жана механика Институту болуп кайра түзүлгөн. 1962-жылы бул Институт физика жана математика Институту болуп атала баштаган, ал эми 1984-жылы бул Институттун математикалык лабораторияларынын негизинде математика Институту түзүлгөн. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын теориялык жана колдонмо математика Институту болуп  атын өзгөрткөн. 2017-жылдын 11-майында Институт кайра Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын математика Институту болуп өзгөрдү. 

Жетекчилер

1984-2016-жылдары академик М.И.Иманалиев Институтту жетектеген.

2016-жылдын 14-ноябрынан баштап Институттун жетекчиси - академик А.А.Борубаев.

Институттун ишмердиги

Институт математика жана математика колдонулуучу илимдин тармактары боюнча фундаменталдык (теориялык) жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзөт. Илимий кызматкерлердин квалификациясы, изилдөө пландарынын актуалдуулугу жана өз ара байланышы Институттун инновациялык ишмердигине мүмкүндүк берет. Бул ишмердик математикалык усулдарды колдонууга байланышкан дүйнөлүк математика илимин өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Институттун ишмердиги илимий изилдөөлөрдүн төмөнкү негизги багыттары менен аныкталат:

-       Бир калыптагы жана топологиялык мейкиндиктер жана алардын чагылдыруулары.

-       Функционалдык мейкиндиктер.

-       Айырмалык, дифференциалдык жана интегро-дифференциалдык, булардын ичинде сингулярдык өзгөргөн, теңдемелер менен жазылган динамикалык системалар.

-       Интегралдык теңдемелер, корректтүү эмес жана тескери маселелер.

-       Экономикалык оптимизациялык маселелер.

-       Илимий изилдөөнү компьютерлештирүү жана объекттерди интерактивдик чагылдыруу.

Акыркы үч жылда Институт төмөнкү илимий изилдөө долбоорлору менен иш жүргүздү: “Компьютердик моделдөө, асимптотикалык жана аналитикалык усулдарды динамикалык системалар, тескери жана оптимизациялык экономикалык маселелер теориясында жана жер титирөөнү оперативдик прогноздоо үчүн геофизикалык маалыматтарды анализдөөдө өнүктүрүү жана колдонуу” (2012-2014 - жылдар), “Компьютердик моделдөө, асимптотикалык, топологиялык жана аналитикалык усулдарды динамикалык системалардын турумдуулук, тескери маселелерди чыгаруу теориясында,  экономикалык жана геофизикалык  процесстерде өнүктүрүү жана колдонуу” (2015-2017 - жылдар).

Ошондой эле Институт төмөнкү гранттар боюнча изилдөөлөрдү аткарды:

-       “Табигый илимдер тармагында фундаменталдык изилдөөлөр” темасы боюнча Казакстан Республикасынын билим жана илим Министрлигинин гранты (2012-2014 - жылдар).

-       “Алгебралык түзүлүштөрдүн алгоритмикалык жана теориялык -моделдик касиеттери” темасы боюнча Казакстан Республикасынын билим жана илим Министрлигинин гранты (2015-2017 - жылдар).

-       “Мамлекеттик тилди компьютеризациялоо” инновациялык долбоору (долбоордун биринчи этабы 2013-ж. КР УИАнын Президиуму тарабынан колдоого алынган, акыркы үч жылда долбоор Институттун өзүнүн ресурстары менен аткарылды).

Бул долбоордун алкагында убактылуу чыгармачыл жамаат тарабынан дүйнөдө биринчи болуп тилдин көз карандысыз (ортомчу тилсиз) компьютердик көрсөтүлүшүн түзүү маселеси коюлган. Бул максатта тил түшүнүктөрүнүн математикалык моделдери иштелип чыккан жана мамлекеттик тилге ушундай киришүү ишке ашырылган. Кыргыз тили боюнча дүйнөлүк аналогу жок электрондук комплекстик экзамен түзүлгөн, мында ар кандай тапшырмалар туш келди куралат жана сөздү эле кийирүү эмес, аракет да талап кылынат (экзамен Кыргызстандын окуу жайларында колдонулат).

Ж.Баласагын атындагы КУУнин математика, информатика жана кибернетика факультети менен биргеликте Институтта “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасы түзүлдү. Математика, информатика жана кибернетика факультетинин студенттери Институттун лабораторияларында өндүрүштүк практикадан өтүшөт, курстук, дипломдук жана магистрдык иштерди аткарышат.

Ж.Баласагын атындагы КУУ менен биргеликте түзүлгөн Институттагы диссертациялык кеңеште акыркы үч жылда 21 кандидаттык, 5 доктордук диссертациялар корголгон жана КРнын ЖАК-сы тарабынан бекитилген. 2016-жылы 3 кандидаттык жана 4 доктордук диссертациялар корголгон.

Бул Кыргызстандын илимий мекемелери жана ЖОЖдору үчүн Институттун жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча интенсивдүү ишин далилдейт.

Институттун кызматкерлери учурдагы математиканы өнүтүрүүнүн актуалдуу багыттары боюнча бир катар атайын курстарды даярдашты жана окуу процесстерине кийиришти, математика менен информатиканын ар кандай бөлүктөрү боюнча бир катар окуу китептерин жана окуу куралдарын кыргыз жана орус тилдеринде жазышты.