Menu

  

    

 

Институттун тарыхынан

1954-жылы Илимдер  Академиясынын  биринчи  президенти  академик И.К.Ахунбаевдин демилгеси менен Кыргыз ССРнин Илимдер Академиясында  Аймактык   медицина  институту  уюштурулган.  1967-жылы институттун  аты Кыргыз  ССРнин Илимдер  Академиясынын  Бийик   тоо  физиологиясы  жана  эксперименталдык  патологиясы болуп  ɵзгɵртүлгɵн. 

2006-жылдын  19-январындагы  КР УИА Президиумунун  №5 токтомунун  негизинде  Бийик  тоо  физиологиясы  жана  эксперименталдык   патологиясы институту Илимдер  Академиясынын    Тоо  физиологиясы  институна болуп ɵзгɵргɵн.

2016-жылдын  6-декарбындагы КР УИАнын №01-75  “Илимий-изилдɵɵ  мекемелерди  кайрадан   уюштуруу”  26.09.17-жылдагы ɵзгɵртүүлɵр  менен №01-66 буйругунун  негизинде КР УИАнын Тоо  физиологиясы  жана   медицинасы институту болуп түзүлдү.  ( 2017-жылдын  20-июлундагы  17468-3301-У-е  юридикалык  адамды  мамлекеттик  каттоо  жɵнүндɵгү  күбɵлүк  сериясы  ГТПО № 0026469) Тоо  физиологиясы институтуна  Түштүк  бɵлүмүнүн  Медициналык  проблемалар  институтун  кошуу  менен жаңыртылган.

Жетекчилер:

1954-1971-жж. мед.илим.док, профессор М.А.Алиев

(патологиялык физиология)

1971-1983-жж. корр-мүчɵ; В.А. Исабаева

( адамдын  физиологиясы)

1984-1987-жж. мед.илим.док, профессорД.А.Алымкулов

(патологиялык физиология)

1988-ж. июнь айынан 1993-ж. чейин  КР УИА корр.-мүчөсү С.И.Сороко

( нейрофизиология)

1993-ж. апрелинен 2017-жылга чейин мед.илим.док,профессор А.С.Шаназаров (физиология)

2017-ж апрелинен  баштап то  физиологиясы  жана  медицина Институтун  мед.илим. доктору Г.С.Джунусова жетектейт ( нейрофизиология).

Илимий ачылыштар жана ойлоп  табуулар

Илимий изилдɵɵлɵрүнүн негизги багыттары: 

  •    Адамдын бийик тоо шарттарындагы нейрофизиологиялык, психологиялык жана иммуно-физиологиялык механизмдери;
  • Тоолордо жана жагымсыз шарттарда организмдин функционалдык абалына ыңгайлашуу жолдорун жана ыкмаларын иштеп чыгуу;
  •  Республиканын тоолуу райондорун туруктуу ɵнүктүрүүдɵ экофизиологиялык жана социалдык кɵз караштар;

КР УИАнын  Тоо  физиология  институту – экологиялык-физиологиялык жана адамдын  тиричилик  аракеттеринин проблемалары  боюнча  негизги  мекеме. Илимдер  академиясынын  биринчи  президенти  академик И.К.Ахунбаевдин  демилгеси  менен 1954-ж. түзүлгɵн. Институттун  жанданышына  Кыргызстандын  кɵрүнүктүү  окумуштуулары  чоң  роль ойнойт – Кыргыз  ССРнин Илимдер  Академиясы корресподент-мүчɵсү  Г.Л.Френкель, профессорлор  Е.И.Бакин, Ф.И. Гиммерих, М.А. Алиев, М.Т.Туркменов  жана башкалар, орто жана  бийик  тоолордун оорулуу  адамдын организмине  тийгизген таасиринин  проблемаларын  чечүүдɵ  чоң  салым  кошушкан.

         1971-ж. профессор  В.А.Исабаева  жана  ири  экофизиолог  профессор А.Д.Слоним  республикадагы физиологиялык  илимдин  ɵнүгүшүнɵ  жаңы  импульс  кошушту. Лаборатордук  жана  табигый  экспериментти камтыган  илимий  иштелмелерде  табигый  кɵнүгүүнүн  физиологиялык механизмдери  изилденет,  региондун  негизги  табигый  факторлорунун: чɵйрɵнүн  температурасынын,  гипоксиянын, суунун  жетишсиздигин  организмге  тийгизген  таасири  аныкталат.  Бул  убакытта  кан  айлануунун,  кандын, дем алуунун,  зат  алмашуунун,  иммундук  системанын  негизги  параметрлеринин ɵзгɵчɵлүктɵрү  такталган.  Булар  адамдын  жана  жаныбарлардын  тоолордун  татаал  факторлоруна   ыңгайланышуусунун  жалпы  сүрɵттɵлүшүн  мүнɵздɵйт.

         Ошону  менен  катар,  В.А.Исабаева  жана  анын  окуучулары  аркылуу  Тянь-Шандын, Алайдын  жана  Чыгыш Памирдин  тоолук- экологиялык  чɵйрɵнүн  шартында  орто жана  бийик  тоодо  жашоочу  ар  түрдүү  жаныбарлардын кандын  уюуу  системасынын кɵнүгүү  реакциясынын  ɵнүгүшүнүн экологиляк-физиологиялык  спецификасы  аныкталган.  Бийик  тоодогу  гипоксиянын  таасиринен  пайда  болуучу  гипокоагуляция  феномени  аныкталган.  Бул организм  бийик  тоо  шартына  которулганда  бийик  жана  тɵмɵн  кандын  уюлушуна  байланышкан жаңы  нормативтерди сунуштоого  мүмкүнчүлүк  берди.

         Ошону менен катар, В.И.Исабаева жана анын окуучулары аркылуу Тянь-Шандын, Алайдын жана Чыгыш Памирдин тоолуу-экологиялык чɵйрɵсүнүн шартында орто жана бийик тоодо жашоочу түрдүү жаныбарлардын кан уюу системасынын ыңгайлануу  реакциясынын ɵнүгүшүнүн экологиялык-физиологиялык ɵзгɵчɵлуктɵрү  аныкталган.

Профессор А.А.Слонимдин жетекчилигинин алдында физиологиялык интеграциянын ар кандай деңгээлде терморегуляциянын эволюциясын түшүнүү үчүн, маанилүү кɵрүнүштɵрдү бɵлүп чыгаруу (байкоо)  менен жаныбарлардын организмине чɵйрɵнүн температурасынын таасири жɵнүндɵ жаңы жоболор аныкталган.

Так ушул мезгилде «Жаныбарлардын экологиялык физиологиясы» (1979-198-1982-жж.) үч томдук сериясында «Физиология боюнча колдонмо» (СССР, «Илим» басмасы) ошондой эле «Жаныбарлардын организминдеги жылуулукту жана зат алмашууну жɵнгɵ салуунун эволюциясы» (1983), «Терморегуляциянын эволюциясы» (1986) монографиялары басылып чыккан.

Бул жылдары авиакосмостук медицина үчүн организмдин «бийиктикке» туруктуулугун кɵтɵрүүнүн жаңы жолдорун иштеп чыгуу боюнча изилдɵɵлɵр жүргүзүлгɵн. Мындай изилдɵɵлɵрдүн  бири   болуп, ыңгайланышуунун тездетилген методу кыска  убакытта кычкылтектин жетишсиздигине ыңгайлануу эффектисинин ɵсүшүнɵ түрткү берген. (академик А.А.Айдаралиев, м.и.д. А.С. Шаназаров). Андан башка бир катар илимий-техникалык программалар жүзɵгɵ ашырылган.  Орто Азиялык аскердик аймактын, Чыгыш чек ара аймагынын, Тынч океан флотунун, Арктика жана Антарктида Илимий изилдөө институтунун медициналык кызматы үчүн методикалык сунуштоолорду иштетүү менен аяктаган. Ошону менен бирге, организмдин ыңгайлануу мүмкүнчүлүктɵрүн болжолдук баалоо жана кычкылтектин жетишсиздигине туруктуу адамдарды тандоо жолдору иштелип чыккан. 2000-4200 м бийиктеги диапазондо адамдын ишке жɵндɵмдүүлүгүн ɵзгɵртүү программасы сунушталган. Бул методдор жалаң гана бийик тоонун экстремалдык шартында эмес, ошондой эле Антарктиданын, БАМдын, ариддик зонанын шартында жогорку эффективдүүлүгүн кɵрсɵттү.

Айрым физиологиялык системаларга жана бүт организмге тоо чɵйрɵсүнүн татаал таасиринин натыйжасы катары ыңгайлануунун патологиясын тактоо боюнча изилдɵɵлɵр улантылууда. Жалпы ыңгайлануунун синдромун, анын жүрүшүнүн ɵзгɵчɵлүгүн изилдɵɵ проф. М.А.Алиев жана анын кызматкерлерине патофизиологиялык моделдер, жүрɵктүн катуу жана ɵнɵкɵт начарлануусу, орто-бийиктик ыңгайлашууну сактоо натыйжасын аныктоого мүмкүнчүлүк берди.

Жогоруда айтылган иштерди Бүткүл Союздук «Гомеостаз жана ыңгайлашуу (адаптация)» илимий-техникалык программасынын чегинде институт ишке ашырды. Саламаттыкты сактоо жана айыл-чарба тармагына жайылтылган методикалык колодонмолор жана сунуштоолор чыгарылды.

1988-1993-жж. Республикада биринчи жолу нейрофизиология боюнча изилдɵɵлɵр  өсө баштаган ( КР УИАнын корр.-мүчɵсү С.И.Сороко). Баш мээнин функционалдык абалын жана анын топографиялык ɵзгɵчɵлүктɵрүн баалоо боюнча уникалдуу лаборатория түзөт. Мээнин картасы (ЕЕC-mapping) жана биоадаптивдик башкаруу (Neurofeeback)  методдору иштелип чыгат. Гипоксияга адамдын индивидуалдык сезгичтигин аныктоо үчүн ЭЭГ-маркеры чыгарылган.

Бүгүнкү  күндɵ проф. Сороконун нерв процесстеринин ийкемдүүлүгүн баалоо жана анализдɵɵ боюнча иштерин окуучулары улантып келишүүдɵ. (м.и.д. Г.С.Джунусова). Кɵп жылдык изилдɵɵнүн негизинде мээнин нейродинамикалык механизмдеринин иштеген ɵзгɵчɵлүктɵрүн ачышты, мээнин борбордук механизмдерин жɵнгɵ салуу механизмдеринин негизги түрлɵрүнүн жолуктуруунун жыштыгын табышты,  ыңгайлашуу абалында Борбордук Нерв Системасынын (БНС) функционалдык жылыштарын такташты. ЭЭГ боюнча ыңгайлашууну  био башкаруу методу менен аларды оңдоп-түзɵɵ мүмкүнчүлүгүн сынап көрүштү жана типологиялык ЭЭГ-нормативин иштеп чыгышты.

Бул чоң жана татаал иштин жыйынтыгында бийик тоо жашоочуларын ЭЭГ-паспорттоо түзүлдү. Бул үчүн 2011-ж. автордук күбɵлүк алынган. Бул изилдɵɵлɵр балдар жана ɵспүрүмдɵрдүн ЭЭГ компоненттеринин ɵз ара байланышынын түзүлүшүн изилдɵɵ боюнча интенсивдүү окутуу шартында морфо-функционалдык жана психофизиологиялык ɵнүгүүнүн деңгээлин баалоо үчүн принципиалдуу жаңы жолдор ачылып жатат.

Ушул иштер менен бир убакта эндокриндик, иммундук, морфофункционалдык жана молекулярдык ынгайлашуунун механизмдерин эксперименталдык изилдɵɵлɵрү интенсивдүү ɵнүгɵ баштайт. Ынгайлашуунун ар кандай стадиясында иммундук-статусту камсыздоо мээнин нейромедиатордук жана нейрогормоналдык системалардын ролу жɵнүндɵ жаңы маалыматтар алынган   (м.и.д. проф. Дж.З.Закиров), ар кайсы органдардын клеткаларындагы структуралык жана ультра структуралык жаңыча түзүлүшүнүн ɵзгɵчɵлүктɵрү жана ырааттуулугу ачылган (м.и.к.Ю.М.Шидаков). Клеткалык жана субклеткалык мембраналардын молекулярдык модуляциясынын мүнɵзү аныкталган (м.и.д. проф. В.М.Яковлев).

Жетишкен ийгиликтери үчүн институттун кызматкерлери СССРдин тɵш белгилери, ардак баракчалары  жана «Кыргыз Республикасынын илимине эмгеги сиңген ишмери» аттуу наамдар менен сыйланышкан.

Акыркы  жылдары, биринчи агонисттер жана эффектордук клеткалардын ɵз ара  байланышынын  мүнɵзү, кайра курулуу мүнɵзү менен кɵрсɵтүлүүчү  Ca+2 фософоинозиддик системада мобилизациялоочу ошондой эле, мембраналардын структуралык модификациясы кийинки жылдары аныкталган.

Профессионалдык ишкердүүлүктү камсыздоодо психо-физиолигиялык компоненттердин маанилүүлүгүн, ошондой эле социалдык-экономикалык компенсацияларды аныктоо максаты менен бийик  тоо шартында  иштөөнүнт оордугун жана кыйындыгын изилдɵɵ маселелери  институттун изилдɵɵлɵрүндɵ ɵзгɵчɵ орунда турат. Бул багыттагы фундаменталдык изилдɵɵлɵр республиканын тоолуу райондорунун биоклиматтык ыңгайсыздыгынын даражасына биринчи жолу мүнɵздɵмɵ берүүгɵ, эмгектин оордугун сандык баалоо системасын иштеп чыгууга, чарчоонун даражасынын психофизиологиялык жана биоритмдик критерийлерин аныктоого жана адам-оператордун кызматынын бекемдигин жогорулатуу долбоорун сунуштоого мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бул иштердин жыйынтыгында республиканын биоклиматтык зоналар картасы түзүлгɵн (м.и.д. проф. А.С.Шаназаров, б.и.к. М.Ю Глушкова). Бул материалдар «Бийик тоо шартында жашаган жана иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсация)» мыйзамын даярдоого фундаменталдык негиз болуп берди.

Институтта изилденип   жаткан   ыңгайлашуунун физиологиялык  механизми  жана иммундук  гоместаздын  жɵнгɵ  салынышы - заманбап физиологиянын  бирден-бир  проблемасы  болуп саналат.

 Тоолуу  жана  экологиялык  жагымсыз  шарттарда (зоналарда) иммунно-физиологдор  жүргүзгɵн  изилдɵɵлɵрдɵ, Т- жана В- лимфоциттердин,  Т- хелперлердин жана  фагоцитоздун  функционалдык  активдүүлүгүнүн  тартиптүү  ɵзгɵрүүлɵрү  аныкталган. Иммундук реактивдүүлүктүн  негизги  кɵрсɵткүчтɵрүн  нормалдаштыруу  үчүн, алардын  негизинде иммунно модуляторлорду  колдонуу  менен иммундук  системанын  стадиялык  ɵзгɵрүүлɵрү  такталган. ( б.и.д. проф. Сообуров).

Илимий-изилдɵɵлɵрдүн  жыйынтыгында, Кыргызстандын  тоолуу  райондорунда  жашоочулардын иммунитетинин  жана  HLA системасынын иммунно-генетикалык  маркерлеринин  негизги  параметрлеринин  медика- биологиялык  нормаларын, ошондой  эле практика жүзүндɵ  аныкталган зыяндуу  кесепеттер тууралуу  КР Саламаттыкты  сактоо  министрлигине  бекитүү  үчүн  ченемдик-укуктук документтер  сунушталган.

Ошондой  эле турмуштун  сапатына  жана  калктын биологиялык  картаюуусуна тоо  чɵйрɵсүнүн таасири  прикладдык  баалуулукка ээ приоритеттик  тематика  болуп эсептелинет. Мында, турмуш  деңгээли  жалаң  гана  табияттын   факторлоруна  жана  эмгектин  шарттарына  байланыштырып,  ошондой  эле  социалдык    факторлор  (билим, киреше,  ден  соолук) жана калктын  ɵсүү  деңгээлин  (демографиялык) мүнɵздɵɵ  менен аныкталат (м.и.д.проф. Шаназаров А.С.).

Белгиленген  жаңы  маалыматтарга таянып, анын  ичинде  тоолуу - ɵрɵɵндɵрдүн  контекстинде адамдардын  ɵнүгүшүнүн   потенциалы  боюнча  био-демографиялык системанын  динамикасынын  спецификасы болуп, тоолуу  аймактардын  ыңгайсыз  шарттарына кɵз  карандылыгы  жана  иштөөнүн кыйындыгы, биологиялык  курактын ɵзгɵрүүсүнɵ  байланыштуу   бул    ɵлкɵнүн  регионалдык  ɵнүгүшү үчүн  зор  мааниге  ээ ( б.и.к. Ибраимова Г.И., б.и.к. Айсаева Ш.Ю.).

Илимий  иштердин  дагы  бир  аспектиси болуп, институтта аткарылып  жаткан абдан  маанилүү иш-аракеттер, коомду  маалыматташтырууга  жана    медицина  боюнча  виртуалдык  окутуу чɵйрɵсүн   түзүүгɵ  байланыштуу.  Бүгүнкү  күндɵ  билим  берүү  тармагында    медика-биологиялык  маалыматты заманбап  методдорду колдонуу менен интерактивдүү  формада  окутууга  мүмкүнчүлүк  берүүчү виртуалдык окуу  колдонмолору түзүлүп  жатат (б.и.к. Сорокин А.А).

Анын  принциптерин республика боюнча  жайылтуу, ошондой  эле  Кыргызстандын тоолуу райондору үчүн ɵтɵ актуалдуу маселе  болгондуктан,  саламаттык  сактоо ресурстарын  татыктуу  рационалдуу  пайдаланууга  алып  келет.

 Акыркы  он жылда  институттун  билим  берүү  мейкиндигине айкалышып (интеграцияланып) жаткандыгы, жогорку эл  аралык  медицинанын мектеби (ЖЭММ) менен  терең  кызматташууда; бул  мектептин  “Эл  аралык  жогорку  окуу  жайы”  деген  статусу  бар  жана  Түштүк-чыгыш Азия  ɵлкɵлɵрүнɵ  жогорку  медицина  билимин  экспорттойт.

(ЖЭММ) менен  ɵз ара  “ Кыргызстан Эл аралык Университети”  окутуу- илимий- ɵндүрүштүк   комплекси  менен  узак мɵɵнɵттɵ бирдиктүү илимий изилдɵɵлɵрдүн  натыйжалуулугун  жана  коммерциялык  эмес  уюмдар  менен “Тоо  ассоциациясы”  бириккен курамына (комплексине) кошулуу  процессин  баштоого  мүмкүнчүлүк  берди.  Илимий  билим берүү академиясынын  курамдык ( комплекстик) кызматтары  бир  нече  багытта жүргүзүүлɵрү божомолдонгон;  бул эл  аралык  программаларда  жана   долбоорлордо  катышуусун, илимий- билим  берүү  ишмердүүлүгү  үчүн  ички түзүлүштүк (инфраструктуралык)  долбоорлорду  ишке  ашырууну,  заманбап  куралдык (прибордук) аналитикалык  базаны  түзүүнү магистр жана  PhD  программасы  боюнча  жогорку  квалификациялуу  илимий  кадрларды  даярдоону  камтыйт. Так ушул интеграциялык  прогресстерде Кыргызстандагы физиологиялык илимдин  келечеги  кɵрүнɵт.

Эл аралык  илимий жаңылануу боюнча байланыштар: РИАын (РАН) И.М.Сеченов  атындагы Эволюция  жана  биохимия институту,  ошондой эле  И.Н.Ульянов атындагы мамлекеттик  университетинин  экология жана  медицина институту, Новосибирск мамлекеттик  педагогикалык  университети, Казахстандын ИАсы Адамдын жана  жаныбарлардын  физиологиясы институту, Аль-Фараби атындагы КазУУнин  физиология  жана биофизика  кафедрасы (Алма-Ата). Л.М.Гумил  атындагы  Евразия  улуттук  университети (айлана  чɵйрɵнү  башкаруу  жана  сактоо  кафедрасы) (Астана).

Негизги илимий  изилдɵɵлɵр  ( 2011-2016):

  1. Борбордук  нервсистемасынынфункционалдыкабалынпрогностикалыкбаалоожанабийиктоошартындаиштɵɵүчүн адистерди  тандоо  ыкмаларын жакшыртуу үчүн, тоолуктардын ЭЭГ  типологиялык  нормативдери  иштелип  чыккан.  Мээни  иретке  салуучу   борбордук  механизмдеринин  түрлɵрү  жана тоолуктардын  вегатативдик  баланстарынын  кɵрсɵткүчтɵрү  менен  байланыштар  аныкталган;  жогорку  ыңгайлашуунун   стратегиясын кɵзɵмɵлдɵɵ  боюнча  механизмдерин күчɵтүү жолдору   белгиленген; тɵмɵнкү ыңгайлануу – жɵнгɵ салуу  меганизмдери  жогорку  чыңалуунун эсебинен  жана дагы  вегетативдик  жана  жүрүм-турум компоненттерин камтуу.
КРнын  бийик   тоо  жашоочулары үчүн   ЭЭГ- күбɵлүк (паспортизация)  системасы  иштелип  чыккан, бул   ЭЭГ- параметрлери  ɵз  ара  байланышкан  комплекс, ал  адамдын  борбордук  нерв  системасынын  функционалдык абалын  мүнɵздɵп,  мейкиндикте  баалоого  мүмкүндүк берет.
  1. Иммундук  реактивдүүлүктүн  параметрлеринин  арасында  ɵз ара катнаш  жана  тоодо  кычкылдандыруучу  гомеостаз  аныкталган,  булар  тоолуктарда  кычкылдандыруучу  индекстин  жогорулашы  менен СД4+/ СД8+ клеткалардын  катышы  бир  мезгилде  тɵмɵндɵшү жана  хелпердик Т- лимфоциттердин деңгээлинин  тɵмɵндɵшү  менен билинет.
  2. КРнын  Саламаттыкты  Сактоо  Министирлиги  тарабынан:  “Кыргызстандын  бийик  тоолу  райондорундагы  техногендик зоналарда  жашоочулардын нормативдик  жана  курактык  иммунологиялык реактивдүүлүгүнүн  ɵзгɵчɵлүктɵрү”  аттуу  практикалык   сунуш  жарыяланган.
  3. Республика  боюнча  катталган  катастрофалык табигый  кырсыктардын  жалпы  саны  жылына  ɵсүп  баратат  жана бул  ɵлкɵнүн  эли  үчүн  кооптуу кɵрүнүш балуп саналат.
  4. Нарын  жана  Чуй областарында  ар  түрдүү  жаратылышты  пайдалануу  үчүн  экологиялык – чарбалык  абалы  (ЭЧА) бааланган.  Чуй  областына  салыштырмалуу   антропогендик  таасирлер  Нарын  областында мүнɵздɵлгɵндɵй экологиялык чарбалык абал жана  аймактын  табигый жаратылышын   коргоо кɵрсɵтүлгɵн.
  5. Регионалдык  аспект  боюнча  калктын    жашоого  туруктуулугу   тоолуу  райондордун  тургундарынын    параметрлеринде  айырмалар  бар экендиги   аныкталган.  Нарын  областынын Ат-Башы районунун калкы,  Ысык Кɵл областынын  Түп районунун  калкына  салыштырмалуу  жеке   ишкердүүлүгү,  таасир  берүүгɵ жɵндɵмдүүлүгү,  стресстик  жана  кризистик   жагдайда ички  дүйнɵнүн тирешүүсүн   жеңип  чыгуусу  такталган.
  6. Медициналык  практиканын  негизинде,  медико-биологиялык  маамыматты иштетүүнүн  негизги  принциптерин  үйрɵнүүгɵ  мүмкүнчүлүк  берүүчү  медицинанын  негизги  технологияларына   ар кандай деңгээлдеги  медициналык  кызматкерлерди  окутуучу  чɵйрɵ  түзүлгɵн.

 

Институттагы кызматкерлердин саны:

Баардык кызматкерлер;   84
Илимий кызматкерлер 58
Илимдин докторлору 8
Илимдин кандидаттары 22
Инженер-техникалык кызматкерлер 4

 

Байланышуу:

720048

Бишкек, М.Горкий кɵчɵсү 1/5

(312) 44-91-67/44-92-16

факс: (312) 449887