Menu

  

    

 

logo- Каралган тектоно-стратиграфиялык бөлүктөрдүн унификациясынын негизги варианттары аныкталды жана Тянь-Шаньдагы термалдык ири окуялардын аныктоочу болжолунун негизи такталды. Бул Россиянын Жалпы Стратиграфиялык Шкаласына жана Эл аралык Жалпы Шкалаларга “байланышканга” жардам берет.

- Тянь-Шандагы Актүз, Макмал, Чолоктөр (U)HP террейндеринин  метаморфиялык породаларынын петрологиялык, геохимиялык жана геохронологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланышкан изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкты. Бул жыйынтыктардын негизинде жогоруда аталган террейндердин геодинамикалык түзүлүү шарттары белгилүү болду. Ошондой эле алардан алынган жана жарыяланган маалыматтардын негизинде Тянь-Шандагы (U)HP террейндердин өнүгүү тарыхы белгилүү болду. Үч террейдин тең океандык кыртыштан континенттик кыртышка айлануусу 80-130 км чейинки тереңдиктеги субдикция зонасында жүргөн. Ал ошол эле учурда метаморфизмдик жогорку жана өтө жогорку басымдан өтүп, жер үстүндөгү эксгумацияга кабылып, алгачкы-чөкмө башталыш породалары менен аралашып отурган.

- Тянь-Шандагы алтын кенинин калыптануусунун мейкиндик жана мезгилдик геодинамикалык эволюциясы иштелип чыкты. Алтын кендерин металлогендик райондоштуруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Алтындын ири жана кадимки кендери үчүн геологиялык жана генетикалык калыптануу моделдери түзүлдү. Кыргызстандагы алтын кени боюнча масштабы 1:1000000 болгон металлогендик карта түзүлдү.

- Жаратылыштык жана жаратылыштык-антропогендик геосистеманын абалына анализ жүргүзүлдү. Ошондой эле жаратыштык-ресурстук потенциалга баа берилип, жаратылыш-калк-чарбалык өз ара аракеттешүүнүн экологиялык проблемалары аныкталды. Территориялар колдонуу даражалары боюнча зоналарга бөлүштүрүлүп, жаратылышты рационалдуу пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Территорияларды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган, сырткы таасирлерге ар кандай реакция кылуучу суу жана жер ресурстарынын ролуна баа берилди. Ысык-Көл облусунун агроклиматтык потенциалы изилденди. “Жаратылыш-антропогендик геосистеманын учурдагы абалы”, “Жаратылыш коркунучтарынын” (масштабы 1:260000) карталары түзүлдү.

- Чалгындоо жана изилдөө иштери жүргүзүлүп: Бишкек, Токмок шаарларынын жана Кант шаар тибиндеги айылынын суу менен жабдуу, канализация, катуу калдыктар системасынын жана кыртышы сейрек Күтөсай-II кенинин жана Ак-Түс кен талаасынын, андан болжол менен 6 км чыгышыраак жайгашкан Камоо-Төр  алтын-вольфрам кенинин геологиясынын экологиялык проблемалары жана геологиялык маалыматтары топтолуп, болжолдуу анализи жүргүзүлүп, изилдөөгө алынды;

- Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ала-Бука райондорунда жайгашкан Жер-Уюк аталашындагы жерден мыкты сапаттагы ири гипс кени табылды. Ошондой эле глауконит кумунун, Кызыл-Токойдогу өзүнө жаратылыштык минералдык жер семирткичтердин комплексин камтыган трепелдин өндүрүштүк мүнөздөмөлөрү аныкталды.

Ал эми глауконит менен трепелдин саан уйлардын сүтүнүн көбөйүшүнө жана сапатынын жогорулашына, бодо малдын ыкчам өсүүсүнө таасир этээри аныкталган. Андан сырткары алар койдун эт алышын жана жүнүнүн өсүүсүн тездетет. Ошондой эле кант кызылчасы менен картошка эгүүдө да жогоруда аталган заттар оң таасирин көрсөтө алышкан. Алардын көпчүлүк учурларда үнөмдүүлүк натыйжасын бере алганы маалым болгон.