Menu

  

    

 

IMG 86397-февралда КР УИАнын Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмү (ХТМБАЧИБ) 2017-жылы жасаган иштеринин отчётун тапшырды. 2017-жылы Жалпысынан 254 илимий иш жарыяланып, алардын 210у чет элдик басылмаларга чыккан. Индекстүү журналдар: РИНЦ; Scopus; WebofSci макалалар жарыяланган. 13 монография жана окуу усулдары жарыкка чыгып, иштелмелер үчүн 9 патент алынган.

Өткөн жылы бөлүмдө 69 млн 190 миң сомго 5 илимий долбоор ишке ашырылган. Ал эми эл аралык грант менен 216,9 миң АКШ долларына 23 долбоор, чарбалык келишим менен 1 млн 700 миң сомго 2 долбоор ишке киргизилген. Гранттар төмөнкү уюмдардан бөлүнгөн: МНТЦ; AFACI, RDA (Түштүк Корея); JICA, JIN(Япония); «Сорос-Кыргызстан» фонду; ICBA (БАЭ).

Отчеттук жылда 7 эл аралык жана республикалык илимий форум өткөрүлүп, 82 кызматкер катышкан. ЖОЖдор үчүн 1 окуу китеби жана 4 окуу усулу чыгарылган. Аспирантурага тапшыргандардын саны - 11, 6 кандидаттык диссертация жакталган. Учурда 7 илимий иштелме сунушталууда.  

IMG 8597  IMG 8643  IMG 8612

Жалпы чогулуш: илимий-изилдөө мекемелерин өнүктүрүү жана илимий иштерди жүргүзүү үчүн бюджеттик эмес каражаттарды табуу ишин активдештирүү; Чет элдик илимий фонддор жана борборлордун инвестициясы менен гана чектелбестен, эл аралык жана регионалдык долбоорлор, реалдуу рынок сектору менен дагы келишим түзүү; Кыргыз Республикасын 2018-40-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү боюнча «Таза коом - Жаны доор» улуттук стратегиясынын жана КР Өкмөтүнүн «Жаны доорго – Кырк кадам» Программасынын алкагында илимдин приоритеттүү багытындагы иштерди күчөтүү. Жогоруда аталган Мамлекеттик программаларды ишке ашырууга киргизилген  пландар боюнча сунуштамаларды ишке ашыруу үчүн чара көрүү; Өлкөнүн өндүрүш сектору менен болгон байланышты кеңейтүү жана тереңдетүү. Илимий-инновациялык иштелмелерди киргизүү сунуштамаларын инвесторлор менен кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга даярдап, аларга өткөрүп берүү. Илимдин приоритеттүү багыттары үчүн жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо боюнча иштерин жакшыртуу боюнча токтомун кабыл алды. 

IMG 8618  IMG 8630  IMG 8597

КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев бөлүмдүн бир топ ийгиликтерге жетишкендигин белгилеп жатып, ошондой эле илимпоздордун эмгеги текке кетпеши үчүн аракет жасаш керектигин, аны үчүн ишти башкача уюштуруу керек болуп жатканын айта кетти:

-         Финансылоонун максаттык-программалык ыкмасынын маңызы – биздин илимий иштерге мамлекеттик буюртма менен ишке ашырылат. Мамлекеттик буюртма тармактык министрликтер аркылуу түзүлөт. Мисалга айыл- чарба, токой чарбачылыгы ж.б. Биз мамлекеттен буюртманы күтүп отурбай, буюртманы түзгөнгө дагы өзүбүз катышышыбыз керек. Иштин жыйынтыгын дагы тармактык адистерге бергенибиз туура болот деп ойлойм.

             Ал эми академик Асылбек Айдаралиев: “Өлкөнүн окумуштууларын бириктирүү үчүн геология, биохимия, экология боюнча бириккен илимий кеңештерди түзүү керек. Андан сырткары тармактык мекемелер, министрликтер менен өз ара аракеттешүүнү координациялоо зарыл”, - деди.

Бөлүмдөгү алгылыктуу жетишкендиктердин кыскача тизмеси:

Химия жана фитотехнология институтунда:

~         Глюкоза менен аминокислоталардын аракеттешүүсүндөгү продуктылар; глюкоза менен анестезиндин аракеттешүүсү боюнча продукт синтезделди;  хальконду суюк фазалык гидрирлөө боюнча эксперименттер жүргүзүлдү. Булардын натыйжасында үч жаңы дары-дармек алынды;

~         Чоко-Булак кениндеги каолин ылайынан күкүрт-кычкылдуу-щелочтук ыкма менен топурак алуунун технологиялык схемасы иштелип чыкты. Каолин ылайын ажыратып алуу процесси жакшырып, алюминийдин оксидин (Al2O3) алуу максималдуу (76%) көрсөткүчкө жетти;

~         Учук жана перидонтит дарттарын айыктырууга арналган нано дары-дармектердин иштелмеси үчүн биомедициналык негиздер түзүлдү.

~         Импульстук плазмадагы алюминийдин нано түзүмүнүн негизинде сөөк импланттарын, жараат таңуу материалдарын, ириңдүү дарттарга, күйүктөргө арналган маздарды жана гелдерди жасоого ылайыкташкан нано зымдарды чыгаруунун технологиясы иштелип чыкты;

~         рН 7 деги микроорганизмдердин ассоциациясы цианиддердин деструкция процессин тездетээри жана түпкү тунмалардан жезди эритүүгө таасир берээри далилденди. Бул маалыматтар цианид колдонгон мекемелердеги өнөр жай сууларын тазалоо технологиялык процессин иштеп чыгууда тоо өнөр жайында керектелет;

~         Сурьманы меште майдалоо процессин изилдөөнүн жыйынтыктары тектеш келген технологиялык иштелмелерге илимий негиз болуп бере алат;

~         Экспедициялык изилдөөлөрдүн натыйжасында дары чөптөрдүн 37 түрү табылды;

~         Эфир майын камтыган өсүмдүктөрдүн коллекциясына дагы 7 түр кошулду;

~         Дипсакозидди алуунун жаңы ыкмасы иштелип чыкты.

Тоо физиологиясы жана медицина институтунда:

~         Өлкөнүн түштүгүнүн биохимиялык аймактарында жашаган жана гепатит дарты менен ооруган балдардын боорунун функциясынын биохимиялык көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшү, структурасы жана ооруга чалдыгуусу изилденди;

~         Урандуу биогеохимиялык аймакта жашаган калктын ич келте дартына чалдыгуусунун 940 учуру анализденди.

Биотехнология институтунда:

~         3 штаммдагы бруцеллдердин сплит антигеннасын камтыган бруцеллезго каршы сплит-конъюгирдик вакцинасын алуунун технологиясы иштелип чыкты. Иммундук жооптун протекторунда алар конъюгирлешкен жана алюминийдин гидро кычкыл гелинде сорбирлешкен. Бул вакцинага  карата Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызмат оң чечимин чыгарды;

~          «Штамм-КБ-биотех» иштеп чыгуусу боюнча Кыргызпатент оң чечим чыгарды;

~         Коёндордун гемаррогиялык оорусунун вирусуна каршы “Йодомид” вакцинасы иштелип чыкты;

~         Жаш төлдүн ак булчуң дартына жана алиментардык анемияга каршы “Йодосел” дарысы жасалды. Жаш төлдүн кырылуусунун алдын-алуу максатында аталган дарыны малдын иммунитетин көтөрүү үчүн колдонууга болот;

~         Өсүмдүктөрдүн 35 түрү уруктун жаңы түрү катары банкка кирди;

~         «Топозчу» тоо топозун өстүрүү фонду; «Меринос» фонду, «Кыргыз Жүн» фонду азыркы тапта иш жүргүзүүдө. Алар иштеп чыккан методика боюнча 45 тонна жүн сатылды.

~          

Биология жана топурак таануу институтунда:

~         Ысык-Көл ойдуңундагы жана Майлуу-Суу урандуу жериндеги табигый, антропогендик жана техногендик системаларына  радиоэкологиялык жана биогеохимиялык баалоо жүргүзүлдү;

~         Ар  түрдүү деңгээлдеги микроэлементтери жана радионуклиддери бар өсүмдүктөрдүн түрүнө  флористикалык анализ жүргүзүлдү;

~         Биогеохимия жана радиоэкология лабораториясы Борбор Азиянын эл аралык аккредитациясын алды;

~         Бишкектеги өстүрүлгөн декоративдик өсүмдүктөрдүн  фитосанитардык жагдайы да карала баштады;

~         Ар түрдүү ооруларды чакырган микромицеттердин 16 түрү жана 12 формасы катталды;

~         Зоомузейдин экспозициялары көбөйдү, жаныбарлар менен канаттуулардын кептери жасалды. 

Тоо физиологиясы жана медицина институтунда:

~         Алай районундагы ар түрдүү бийиктикте (Гүлчө, Сары-Таш)  жашаган тоолуктардын иммуналык статусунун көрсөткүчүн баалаганда алардын көбүнүн иммундук нормасынын параметри ар түрдүү болгондугу көрсөтүлгөн;

~         Комплекстүү бир нече деңгээлдеги методиканын жана сунушталган индикаторлордун негизинде Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тургундарынын мисалында өнүгүүнүн туруктуулугун баалоо жүргүзүлгөн ж.б.

Е.З.Гареев атындагы Ботаникалык бакта;

~        Өсүмдүктөрдүн коллекциялык фондундагы өсүмдүктөрдүн – 6500 түрү жана сортун; гибриддик фондундагы 4278 мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн сактоо боюнча илимий иштер улантылды. Коллекция өсүмдүктөрдүн  480 түрү, формасы жана ылгамы менен толукталды;

~         Бактериалдык күйүккө генетикалык булактардын туруктуулугун алуу үчүн кытай ак алмурутунун үрөнү себилди;

~         Кызыл китепке кирген Коржинский алмуруту кайра өстүрүлө баштады;

~         Нарында сыноонун жыйынтыгында розалардын кышкы суукка туруктуу 15 ылгамы аныкталды;

~         Бийик тоолуу аймактарда 31 декоративдик гүлдөрдүн, 4 жемиш жана 3 дары өсүмдүктөрүнүн толугу менен ыңгайлашуусу көрсөтүлгөн.