Menu

  

    

 

IMG 4536 2-октябрда УИАда Кыргызстандагы Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Андреевич Крутько жана мекеменин президенти, академик Мурат Садырбекович Жуматаев жолугушту.

Жолугушууда эки тарап биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, мурдагы байланыштарды кайра жандандыруу, жаш кадрларды тарбиялоо, илимий эмгектерди жактоо үчүн мамлекет аралык диссертациялык кеңеш түзүү, илимий даражасы жогорку журналдарды ачуу жөнүндө маселелерди талкуулашты.

Элчи Андрей Андреевич Крутько өз сөзүндө: “Жергиликтүү кадрларды, аянтчаларды жана полигондорду пайдалануу менен жүргүзүлө турган илимий иштерге каражат караштырганга көмөктөшөбүз” – деди, ошондой эле УИАнын президентин Улуттук илимдер академиясынын келе жаткан 75 жылдык мааракеси менен куттуктады жана ага катышаарын билдирди.

IMG 4540   IMG 4542