Menu

  

    

 

imgonline com ua Resize DudgoE8Gc 80Бүгүн, 12-декабрда КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Шэньсий педагогикалык университетинин өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууга Шэньсий педагогикалык университетинин Тарых факультетинин деканы  - Хы Джилун (HE ZHILONG), Эл аралык бөлүмүнүн башчысы – Сю Фен (XU FENG), Тарых факультетинин профессору Ван Гуоцзье (WANG GUOJIE) жана Музыка университетинин деканы Джан Цзюнжен (ZHANG JUNREN) келишти.

Университеттин Тарых факультетинин деканы Хы Джилун Кыргызстандын илимпоздору, жаш окумуштуулары менен биргелешип кызматташуу, тажрыйба алмашуу боюнча сунушу менен келгендигин билдирди.

imgonline com ua Resize 03P1JBx8BU imgonline com ua Resize b88BuFz2g4mnus imgonline com ua Resize Waa02v8snU3

Академик М.С. Джуматаев  кытай өкүлдөрүнүн сунуштарына көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди