Menu

  

    

 

imgonline com ua Resize Ey5XwWTUOae 80Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси дүйнөлүк масштабда эң жогорку деңгээлде өттү жана өтүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү алдыңкы сапта туруп дүйнөлүк жазуучуну пропагандалап келди. Башкы мекемелер жана уюмдар менен бирге Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери улуу жазуучу жөнүндө 34 китепти даярдоо менен бирге эл аралык конференцияларга активдүү катышышты. Алсак, академик А. Акматалиев (Турция, Өзбекстан, Казакстан), А. Кадырманбетова (Кытай, Казакстан), Н. Ыйсаева (Кытай, Азербайджан), Р. Сырдыбаева (Россия, Түркменистан) ж.б. Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча илимий докладдарды жасашып, китеп жана сүрөт, видео көргөзмөлөрүн уюштурушту.