Menu

  

    

 

imgonline com ua Resize ifXRXbZDXn99BY КР УИАнын  президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев жана Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Чолпон Урушбековна Койчуманова Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чакыруусу менен, Ереван шаарында өткөн Армениянын УИАнын 75 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракеге жана илимдер академияларынын Эл аралык ассоциациясынын (ИАЭА) отурумуна катышышты.

КР УИАсынын өкүлдөрү Армениянын УИАнын президенти Радик Мартиросович Мартиросян жана академиянын жетекчилиги менен жолугушуп, КР УИАнын атынан куттукташып, кызматташтык макулдашууларды иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүштү. Ошондой эле  “Матенадаран” Байыркы кол жазмалар институту менен таанышышып, “Тумо” креативдүү технологиялар борборунда болушту.

Иш-чарада КР УИАсы мүчөсү болуп саналган илимдер академияларынын Эл аралык ассоциациясынын (ИАЭА) отуруму өттү. Отурумда “ИАЭАга мүчө мамлекеттердин илимий-инновациялык өнүгүү программасы, стратегиясы, концепциясы” темасын талкуулашты.                                                                                                                                                               imgonline com ua Resize 3R9oBLJhusCr imgonline com ua Resize ndtAw5vKwrt

“ИАЭАнын илимий кеңешинин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Илимий кеңештин иши жөнүндө”, “ИАЭАнын сыйлыгынын жөнгө салуу жөнүндө”, “ИАЭАнын  башчысынын орун басарын  бекитүү жөнүндө” жана  ИАЭАнын кезектеги жыйынынын кайсыл жакта өтөөрү жөнүндө  суроолор каралды.

Ошондой эле Россия, Казакстан, Тажикстан, Украина, Кытай, Корея, Мексика жана Эстониялык кесиптештер менен илимий изилдөөлөр жана инновация жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.